Афганистан: Аял соттордун изине түшкөн баш кесерлер
Клейр Пресс, Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы

Алар Афганистандагы аял укуктары тармагында жол башчы болушкан. Алар өлкөнүн эң алсыз катмары үчүн адилеттикти талап кылып, мыйзамдын бекем сакчылары болушкан. Бирок азыр 220дан ашуун афганистандык аял соттор Талибандын бийликке келиши менен өч алуудан коркуп, жашынып жүрүшөт. Мурда сот болуп иштеген алты аял киши Би-Би-Си менен Афганистандын ар кайсы аймагындагы жашырын жайлардан байланышка чыгышты. Алардын коопсуздугу үчүн баарынын ысымдары өзгөртүлдү.
Cот болуп иштеп жүрүп Масума жүздөгөн эркектерди аялдарга каршы зомбулук көрсөткөнү үчүн абак жазасына кескен. Кесилгендер аялдарды зордуктаган, өлтүргөн жана кыйнагандар эле.
Бирок Талибан анын шаарындагы бийликти колго алып, миңдеген кылмышкерлер бошотулгандан кийин ага өлтүрүп кетем деген коркутуулар башталган.
Билдирүүлөр, аудио жазмалар келип, белгисиз номурлардан чала беришип анын телефону жарылып кете жаздаган.
“Талибан түрмөдөгө кесилгендердин баарын бошотуп жибергени жөнүндө түн бир оокумда уктук”, - дейт Масума.
“Биз дароо качып жөнөдүк. Үйүбүздү жана башка оокаттардын баарын таштап кеттик”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соңку 20 жылда 270 аял киши Афганистанда сот болуп иштеген. Өлкөдөгү эң таасирдүү жана алдыңкы аял катары алар белгилүү болушкан.
“Шаардан чыгып баратканда мени эч ким тааныбасын деп бурка кийип алдым. Бактыга жараша, Талибандын көзөмөл бекеттеринен өтүп кеттик.”
Алар чыгып кеткендин артынан эле кошуналары ага жазышып, бир нече талиб анын мурдагы үйүнө келгенин айтышкан.
Масуманын айтымында, кошуналары келген эркек кишилерди сүрөттөп бергенде, аны кимдер издеп жүргөнүн түшүнгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибан бийликке келгенге чеийн бир нече ай мурда Масума аталган кыймылдын бир мүчөсү аялын ырайымсыздык менен өлтүргөнү боюнча ишти караган эле.
Ал күнөөлүү деп табылып, Масума аны 20 жыл абак жазасына кескен.
“Ошол жаш жигиттин элеси дале көз алдымда турат. Ал аёосуз кылмыш болгон”, - дейт Масума.
“Иш жабылгандан кийин кылмышкер мага жакын келип: Мен түрмөдөн чыккандан кийин аялыма кылганды сага да кылам, деп айтты”.
“Ал убакта анын айтканына көп деле көңүл бурган эмесмин. Бирок Талибан бийликке келгенден бери ал мага көп жолу чалып, сот имаратынан мен жөнүндө бардык маалыматтарды алганын айтты”.
“Ал мага: Сени таап, өчүмдү алам, деп айтты”.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мурда сот болуп иштеген жок эле дегенде 220 аял киши Афганистан боюнча жашынып жүргөнүн Би-Би-Синин иликтөөсү аныктаган.
Ар кайсы облустарда жашаган алты мурдагы сот менен сүйлөшкөндө баарынын соңку беш аптада баштан өткөргөн окуялары дээрлик окшош экени белгилүү болду.
Алардын баарына мурда өздөрү соттогон Талибандын мүчөлөрү тарабынан өлтүрүп кетем деген коркутуулар болгон. Алардын төртөөсү аялын өлтүргөнү үчүн соттолуп кеткен эркек кишилердин ысымдарын так аташты.
Алардын баары өлтүрүп кетүү коркунучунан улам жок эле дегенде бир жолу телефон номурларын өзгөртүшкөн.
Алардын баары учурда жашынып жашап жатышат жана ара күндө жер которуп жүрүшөт.
Ошондой эле, алардын баарынын айтымында, Талибандын мүчөлөрү алардын мурдагы үйлөрүнө барышкан. Талибдер алардын кошуналары менен жоро-жолдошторуна барышып, сот болуп иштеген аялдардын кайда экенин сураштырышкан.
Айыптоолорго жооп кылып, Талибандын өкүлү Билал Карими Би-Би-Сиге мындай деди:
“Аял соттор башка үй-бүлөлөрдөй эле коркпой жашашы керек. Аларды эч ким коркутпашы керек. Биздин атайын даярдыктагы аскердик бөлүгүбүз мындай арыздарды иликтеп, кандайдыр бир эреже бузулган болсо, аракетке өтүшү керек”.
Ошондой эле, ал Афганистан боюнча бардык мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге карата Талибандын “жалпы кечирим берүү” убадасын кайталады.
“Биздин жалпы амнистиябыз чын көңүлдөн. Бирок кимдир бирөө өлкөдөн чыгып кетем деп арыз жазса, алардын мындай кадамга барбай эле, өлкөдө калышын өтүнөбүз”.
Абактагылар массалык түрдө бошотулуп жаткан убакта Талибан менен байланышы болбогон башка көптөгөн кылмышкерлер да эркиндикке чыгып кетишкен.
Аял соттордун коопсуздугу боюнча Билал Карими төмөнкүдөй кошумчалады:
“Маңзат ташыгандарды, мафиянын мүчөлөрүн жок кылгыбыз келет. Аларга каршы аракеттерибиз олуттуу болот”.
Жогорку билимдүү аял соттор мурда үй-бүлөсүн багып жүрүшкөн болчу. Бирок азыр кызмат акысы үзгүлтүккө учурап, банк эсептери тоңдурулган соң алардын баары туугандарынын колун карап калышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аялдардын укугу үчүн күрөш
Көп жылдардан бери Афганистан дүйнөдө жашоо оор болгон өлкөлөрдүн катарынан түшпөй келет. Human Rights Watch уюмунун маалыматы боюнча, кыз-келиндердин 87% өз жашоосунда зордук-зомбулукка кабылат.
Бирок аталган аял соттордун тобу кыз-келиндерди колдоого багытталган өлкөнүн мурдагы мыйзамдарын көтөрүп чыгып, аялдарга каршы зомбулук кылмыш жана анын жазасы бар экенин коомчулукка жеткирүүгө көмөк көрсөтүшкөн.
Мындай учурларга зордуктоо, кыйноо, мажбурлап үйлөнүү жана ошондой эле аялдарга мүлккө ээлик кылууга, жумушка же мектепке барууга тыюу салуу аракеттери кирет.
Афганистандагы белгилүү аял сот катары өз карьерасында алар алтоосу тең - Талибан бийликке келгенге чейин эле - басмырлоого жана ыдык көрсөтүүлөргө туш болгонун айтышты.
“Мен өлкөмө кызмат кылгым келчү, ошондуктан сот болгом”, - дейт белгисиз үйдөн байланышка чыккан Асма.
“Үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу сотто мен көбүнчө Талибандын мүчөлөрүнөн бөлөк жашагысы келген же алар менен ажырашкысы келген аялдардын иштерин карадым”.
“Бул бизге чоң коркунуч туудурган. Бир жолу Талибан сот имаратына ракета учуруп жиберген”.
“Ошондой эле, биз жакшы досторубуздун жана сотторубуздун бирин дагы таппай калганбыз. Ал жумуштан үйгө баратып эле дайынсыз жоголуп кеткен. Кийин гана анын сөөгү табылган”.
Дайынсыз жоголгон соттун өлүмү боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. Ошол убакта Талибандын жергиликтүү лидерлери окуяга тиешеси жок экенин айтышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Афганистандын жаңы жетекчилиги аялдардын укуктарына карата канчалык катаал мамиледе болору азырынча толугу менен ачыкка чыга элек. Бирок азыр келечек караңгы.
Эркек кишилерден турган убактылуу өкмөт мүчөлөрү дайындалып, аялдардын иши боюнча эч ким бөлүнгөн жок. Ал эми мектептерде билим берүү министрлиги эркек мугалимдер менен эркек окуучуларга мектепке барууга буйрук берип, аял кызматкерлер менен окуучу кыздарга уруксат берилген жок.
Талибандын атынан сүйлөгөн Билал Карими келечекте аял соттордун дайындалып-дайындалбашы жөнүндө комментарий бере албасын айтты: “Аялдардын иштөө шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү азырынча талкууланып бүтө элек”.
Ушул күнгө чейин Афганистандан эвакуациялангандардын саны 100 миңден ашат.
Алты сот аялдын баары тең өлкөдөн чыгып кетүүнүн жолун издеп жатканын айтышты. Алар акча жагынан эле тартыш эмес, кээ бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн паспорттору жок экени дагы кошумчалашты.
Учурда Бритианияда жашап жаткан Афганистандын мурдагы соту Марзия Бабакархаил сот болуп иштеген аялдардын баарын тез арада чыгарып кетүү үчүн аракет кылып жүрөт.
Анын айтымында, борбор шаар Кабулдан алыс жайгашкан Афганистандын алыскы элет жерлеринде жашап жаткандарды унутпоо зарыл.
“Марзия, эмне кылышыбыз керек? Кайда барабыз? Жакында мүрзөбүзгө көмүлөбүз, деп соттор айылдардан мага телефон чалышканда жүрөгүм тилинип кетет”.
“Кабулда аз да болсо, медиага жана интернетке жеткилик алса болот. Ал жактагы соттордун дале добушу угулат, бирок элет жерлеринде алар эч ким эмес”.
“Ал соттордун көпчүлүгүнүн паспорту же өлкөдөн кетүү үчүн тиешелүү кагаздары жок. Бирок аларды унутта калтырууга болбойт. Алар дагы өтө олуттуу коркунучта”.

Жаңы Зеландия, Британия сыяктуу бир нече өлкөлөр бир аз колдоо болорун айтышты. Бирок бул жардам качан келери же канча сотко көрсөтүлөрү азырынча ырастала элек.
Сот болуп иштеген Масума мындай убадалар өз убагында аткарылбай калабы деп коркуп жатканын айтат.
“Кээде эмне кылмыш кылдык экен деп ойго батам. Билим алганыбызбы? Аялдарга жардам берүүгө аракет кылып, кылмышкерлерди жазалаганыбызбы?”
“Өлкөмдү сүйөм. Бирок азыр мен туткунмун. Акчабыз жок. Үйдөн чыга албайбыз”.
“Кичинекей уулума эмне үчүн башка балдар менен залда ойнобошу же сүйлөшпөшү керек экенин кантип түшүндүрүштү билбейм. Ал эбак эле травма алып калган”.
“Биз качан кайрадан эркин боло турган күн келет экен деп тиленип эле отурам”. (EA)
Ахмад Халиддин кошумча репортажы.











