Талибандын бийлигине бир ай: Ооган аялдары кантип жашап жатышат?
Алина Исаченко, Би-Би-Синин орус кызматы, Лондон

Сүрөттүн булагы, AAMIR QURESHI / AFP
Афганистанда бийликти басып алган Талибан кыймылы аялдардын укуктары “ислам баалуулуктарына ылайык” сыйланарын убада кылган. Аларга иштөөгө жана билим алууга мүмкүнчүлүк берилерин айткан. Бирок азырынча жаңы бийлик убадаларын аткара элек.
Би-Би-Си орус кызматы менен маектешкен Афганистандагы аял кишилер коркуп жашоодо. Алар бир нече аптадан бери үйлөрүнөн чыгуудан коркуп жатышат. Ооган аялдар 20 жыл мурун “туура эмес” паранжа үчүн сабап же эркектин коштоосу жок таксиге отурганы үчүн түрмөгө камап салышы мүмкүн болгон сценарий кайталанып кетеби деп күмөн санап жатышат.
Аялдардын коркуп жатканын эл аралык укук коргоо уюмдары тастыктайт. Алар көптөгөн облустарда талибдер кыздардын мектепке барышына жана аялдардын үйлөрүнөн чыгуусуна ачык тыюу салганын ырасташат.
11-сентябрда башынан аягына чейин паранжа кийген үч жүзгө жакын аял Кабул мамлекеттик университетинин аудиториясында талибдерди колдогон демонстрацияга чогулушту. Алар жаңы өкмөттү тааный турганын жана Талибандын тушунда өзүн толугу менен коопсуз сезерин айтышты. Ошондой эле, Батышты жана исламга ылайык кийинүү жол жобосун сактоого макул болбогондорду айыпташты. Демонстранттардын биринин колунда “Афганистандан кеткен аялдар биздин көз карашты билдире албайт” деп жазылган.
Бирок алар өзүлөрү дагы бүтүндөй афган аялдарынын атынан чыга алышпайт. Кабулдун четинде жашаган 17 жаштагы Сюзан үч жумадан ашык үйүнөн чыккан эмес. Себеби, ал коркуп жатат.
“Мага жана үй-бүлөмө эмне болуп кетери билбейм”, - деди ал Би-Би-Сиге.
“Мен дайыма жаман түш көрөм. Азыр биз жыйырма жыл мурун ата-энебиз башынан өткөргөн күндөрдү башыбыздан өткөрүп жатабыз”.
Биз Сюзан менен мессенжер аркылуу байланыштык. Маектешүү учурунда ал англис тилинде начар сүйлөгөнү үчүн кечирим сурап, талибдер келгенге чейин ал күн сайын туулуп өскөн шаары Мазари-Шарифте тил үйрөнгөнүн айтты. Согушкерлер бир облусту тез арада басып ала баштагандан кийин, анын үй-бүлөсү коопсузураак деген үмүт менен Кабулга качып кетишкен.
“Бирок азыр коопсуздук жөнүндө сөз кылуу оор”, - деди Сюзан. Анын үй-бүлөсү хазар экенин айтат (1998-жылы талибдер тарабынан ырайымсыздык менен куугунтукталган аралаш тектүү шииттер). Ал сөзүнүн ортосунда атасын бир нече жолу эскерди. Анын айтымында, атасы талибдерге каршылык көрсөткөн армияда кызмат кылчу жана бир нече айдан бери атасынан эч кандай кабар болгон эмес.
Талибан аялдарга эмнени убада кылды?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Талибдер 1996-2001-жылдары Афганистанды башкарып, шарият мыйзамдарын өзгөчө катаал чечмелөө менен аткарышкан. Сегиз жаштан ашкан кыздар мектепке бара алышчу эмес, аялдарга иштөөгө (саламаттыкты сактоо секторунан сырткары) жана жакын эркек тууганынын коштоосу жок көчөгө чыгууга тыюу салынган (паранжа кийүү талабын аткарган учурда дагы). Аялдар ойноштук кылганы үчүн ташбараңга алынган.
Human Rights Watch уюмунун 2001-жылдагы Афганистандагы кырдаал боюнча баяндамасында бир айым баласынын көзүнчө талиб согушкерлери тарабынан кантип сабалганын айтып берген. Анын паранжасынын көз тешиктери “өтө кенен” болгону сабоого себеп болгон экен.
“Адеп-ахлак полициясынын” кызматкерлери (бийликтин атынан шарият мыйзамдарын көзөмөлдөгөн атайын бөлүм) “туура эмес” байпак кийип жүргөндүгү үчүн же бетин бир аз ачканы үчүн камчы менен сабашчу.
Кээ бир учурларда, эрежелерди сактабаганы үчүн (мисалы, таксиде эркектин коштоосу жок жүргөнү же денесинин сөлөкөтү жакшы байкалган кийим үчүн) аял түрмөгө түшүп калышы мүмкүн эле.
Кийимге байланыштуу катаал эрежелер баарына, ошондой эле дарыгерлерге да тиешелүү болчу. Мисалы, облустардын бириндеги оорукананын администратору операция учурунда аял хирургга паранжа (атайын баш кийимдин ордуна) тагынууну буйруганы баяндамада айтылат.
2021-жылы августта бийликке келгенден бери талибдер өз позицияларын “жумшартарын” жарыялашты. Согушкерлер аялдардын укуктарын “афган нормаларына жана ислам баалуулуктарына ылайык” урматтайбыз деп убада беришти. Бирок бул эмнени билдирери азырынча белгисиз. Иш жүзүндө бул, талибдердин чечмелөөсүндө, аялдарга билим алууга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Сүрөттүн булагы, BULENT KILIC/AFP
Өз сөздөрүн бекемдөө иретинде талибдер 20 жыл мурункудай, медайымдарды жумуштарына кайтууга чакырышты. Ошондой эле, аялдардын жаңы өкмөткө тартыла турганы жөнүндө сөз кылышты.
Августта теле алып баруучу Бехешта Арганд согушкерлер бийликти басып алгандан бери биринчи жолу талибдердин өкүлү менен түз эфирде маек курду. Анан көптөр бул талибдердин позициясын жумшартуунун биринчи сигналы болушу мүмкүн экенин айтышты. Бирок, көп өтпөй 24 жаштагы Арганд жашоосу үчүн коркуп, Афганистандан чыгып кеткен жана Жакынкы Чыгыштагы маалымат каражаттары журналист аялдарга эфирге чыгууга тыюу салынганын жазышкан.
19-сентябрда Кабул муниципалитетинде иштеген жумушчу аялдарга, эгер эркектер өз жумуштарын аткара алса, жумушка чыкпоого буйрук берилген.
Аялдардын өз укуктарын коргоого болгон бардык аракеттери катуу каршылык менен кабыл алынат. Кабулдагы аялдардын демонстрацияларын курал менен таркатуудан баштап, мындай аракеттерге тыюу салууга чейин барышчу. Талибан муну өлкөдө “нааразылык акциялары үчүн убактысы жоктугу” менен түшүндүрүшөт.
Талибан Аялдар иштери боюнча министрликти жаап, анын ордуна Жакшылыкты жайылтуу жана каталарды жок кылуу министрлигин түптөгөн. Ал жыйырма жыл мурун эле иштеп турган, катуу эрежелерди орнотуу жана аялдарга катуу чектөө киргизүү менен алек болгон.
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Талибдер аял дарыгерлердин жумушка кайтуусуна уруксат беребиз деп убада беришкенине карабай, бир жыл мурун медициналык окуу жайды аяктаган жана карьера жөнүндө кыялданган Афганистандын тургуну Хатима Би-Би-Сиге азыр эч качан жумушка барбай турганын айтты. Сүйлөшүү учурунда ал жарандардын кыргыны тууралуу кабарларды эркин тизмектеп, күйөөсү аны үйдөн чыгаруудан коркуп жатканын кошумчалайт.
Хатима мындай дейт: “Бир апта мурун талибдер облустардын биринде аял дарыгерди сабап салышкан. Үч күн мурун алар биздин үйдүн жанынан бир аялды атып кетишти, анын себебин эч ким билбейт. Мен көптөн бери биринчи жолу эшикке чыкканымда өлгөн адамдын денесин көрдүм. Анын денеси сасып кетсе да эч ким аны алган эмес. Бул үрөй учурган көрүнүш”.
Эки жаш баланы тарбиялап жаткан Хатима эми өлкөнүн сыртында гана өзүңдү коопсуз сезе аласың деп ишенет.
“Ар түнү биз бул жерде талибдер жана келечек жөнүндө гана сүйлөшөбүз. Мен эркин болгум келет, мен иштеп, акча тапкым келет, бул менин кыялым жана үмүтүм”, - деп кошумчалайт ал.
Талибандын шарттарына ылайык билим берүү
Жаңы өкмөт ооган аялдарына талибдердин шарты менен болсо да билим алууга уруксат берди. Жаңы эрежелерге ылайык, аялдар сабакка эркектерден бөлөк катыша алышат, ошол эле учурда алар “исламдын салттарына ылайык” кийинүү жоболорун так сактоого тийиш.
Бирок, аял педагогдордун кескин жетишсиздиги, эмгек акынын үзгүлтүккө учурашы жана эл аралык жардамдын бөгөттөлүшү (көбүнчө Афганистандагы билимдин наркын жапчу) аялдардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла кыйындатышы мүмкүн, деп эскертет укук коргоочу уюмдар.
Талибдер кыздардын билим алуусуна кийлигишпей турганын айтышкан. Бирок 18-сентябрда жаңы өкмөттүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид жаңы окуу жылында мектепке эркек окуучулар жана эркек мугалимдер гана кайта ала турганын айтты. Согушкерлер белгилегендей, өкмөттүн кыздарды класстарга кайтаруу планы бар, бирок укук коргоочу уюмдар иш жүзүндө балагатка жеткенден кийин гана мектепке барууга уруксат берилет деп кооптонушууда.

Сүрөттүн булагы, AAMIR QURESHI/AFP
Бирок, башталгыч жана орто билим берүү саясаты облустарга жараша айырмаланышы мүмкүн.
“Бүгүн Талибандын өкүлү кыздарга 6-класска чейин уруксат бергенин айтты. Эртең кыздардын билим алуу идеясын жактырбаган башка бирөө келиши ыктымал”, - деген Вардак облусундагы мугалимдин айтканын келтирет Human Rights Watch өзүнүн баяндамасында.
Жакынкы Чыгыш боюнча адис жана жазуучу Андрей Остальскийдин айтымында, талибдердин маданиятында аялдардын укуктарына сый жокко эсе, бирок каражаттын кескин тартыштыгы жана терең экономикалык кризис бул топту өз позициясын “жумшартууга” мажбур кылышы мүмкүн.
“Бул жолу талибдер 1990 -жылдарга караганда сырткы дүйнөгө көбүрөөк бурулуп жатышат”, - деп баса белгилейт Остальский.
“Талибанды каржылык көйгөйлөрдү жана кызматташтыкты куруу каалоосу гана кармап тургандай. Эгерде аялдарга каршы катаал окуялар, укук чектөөлөр катталса, анда экономикалык тармакта жада калса Орусия жана Кытай менен кызматташуу кыйыныраак болот”.
Дүкөнгө баруудан коркуу
Жакын эркек туугандарынын колдоосу жок калган аялдар өзгөчө аялуу абалга туш болушкан. 26 жаштагы Нисан үч баланы жалгыз тарбиялап жаткан таежесинин талибдердин башкаруусунда эшикке да чыга албай калганын айтты.
“Бул үй ал үчүн түрмө болуп калды”, - дейт Нисан. “Ал сыртка чыга албайт, кошуналарынан же жаш балдарынан азык-түлүк алууга барууну суранат. Алар үчүн бул өтө коркунучтуу. Анын 14 жаштагы кызы төрөлгөндөн бери сокур. Ал абдан акылдуу жана окуусун улантууну каалайт, бирок азыр андай мүмкүнчүлүк жок”.
“Таежем балдары окуйт жана алардын келечеги бар деп кыялданат. Бирок аларды билимсиз, атасыз, оокаты жок кандай келечек күтүп турат?”
77 жаштагы Рахмани да ушундай абалга туш болгон. Лондондогу качкындар борборунда жолуккан кызы Фатима [аты өзгөртүлдү] апасы Афганистанда жалгыз калганына капа болуп, көчөдө жүргөн согушкерлердин коркутууларына карабай, азык-түлүк сатып алуу үчүн сыртка чыгууга аргасыз болгонун айтты.
“Мен түнү уктабайм, ал үчүн тынчсызданып жатам. Эгерде алар [Талибан] менин Британияда жашаарымды билишсе, апама коркунуч туулат. Кабулга талибдердин кайтып келиши апамды абдан коркутат. Анткени 20 жыл мурун алардын келгени али да эсинде”, - деди Фатима Би-Би-Сиге.












