Жогорку лидер болору айтылган Хаменеинин уулу Можтаба ким?

Сүрөттүн булагы, Morteza Nikoubazl/NurPhoto via Getty Images
Жалпыга маалымдоо каражаттары аба соккуларынан каза болгон Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин ордун анын уулу Можтаба басышы мүмкүн деп жазышууда. Ал жөнүндө эмне белгилүү?
Алгач Лондондо жайгашкан ирандык Iran International спутниктик телеканалы, андан кийин New York Times өз булактарына таянып, республиканын жогорку лидери кызматына негизги талапкер катары Можтаба Хаменеи - согуштун биринчи күнүндө өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеинин уулу болуп жатканын кабарлашты. Анын атасынын ордун басары тууралуу кептер биринчи жолу чыгып жаткан жок.
New York Times гезитинин маалыматына караганда, Ирандын жаңы жогорку лидерин тандоого жооптуу орган - Эксперттер кеңеши өз чечимин шаршемби күнү эртең менен жарыялоого даяр болгон. Бирок кенже Хаменеини АКШ менен Израилдин соккулары үчүн жаңы бутага айлантып албоо кооптонуусунан улам жарыялоону кийинкиге калтырды.
Можтаба Хаменеи атасынын мураскери болушу мүмкүн деп 2000-жылдары эле айтыла баштаган. Ал кезде ЖМКлар аны жогорку лидерге эң жакын адамдардын бири деп аташчу.
Можтаба Хаменеи ким?
Можтаба Хаменеи - аятолла Али Хаменеинин экинчи уулу -1969-жылы Мешхед шаарында туулган. 1979-жылдагы революциядан кийин бүтүндөй үй-бүлө Тегеранга көчүп келип, Али Хаменеи коргоо министринин орун басары кызматын алган.
1987-жылы Можтаба Хаменеи мектепти аяктап, андан соң Ирак менен болгон согуштун акыркы эки жылына туш келген аскердик кызматты өтөгөн. Ушул мезгилде Можтаба Хаменеи Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен жакындашканын Iran International белгилейт.
1989-жылы - Ислам революциясынын лидери аятолла Рухолла Хомейни каза болгондон кийин - Али Хаменеи Ирандын жогорку лидери болуп дайындалган. Ал ортодо Можтаба диний билим алып, 1999-жылы окуусун улантуу үчүн шииттердин башкы диний борборлорунун бири болгон Кум шаарына кеткен.
Кумда Можтаба консервативдүү жана ультраконсервативдүү диний ишмерлерден билим алган. Кийинчерээк жогорку лидердин уулу ал жерде өзү да сабак бере баштаган, бирок "аятолла" деген диний наамды алган эмес.
Можтаба 2000-жылдары Иран парламентинин 2004-жылдан 2008-жылга чейинки спикери болгон Голям-Али Хаддад Аделдин кызына үйлөнгөн. WikiLeaks маалыматтарына караганда, 2007-жылы жубайлардын биринчи баласы (уул) төрөлгөн.
Иран бийлиги Можтабанын аялы жана уулу согуштун биринчи күнүндө - 28-февралда - ата-энеси менен бирге өлтүрүлгөнүн билдирди. Можтаба өзү тирүү. Сокку урулган күнү ал Тегеранда болгон эмес деп жазат Reuters өз булактарына таянып.
Можтаба Хаменеи өкмөттө эч качан расмий кызматтарды ээлеген эмес, бирок анын ысымы 2005 жана 2009-жылдары Иранда президенттик шайлоо өткөн учурларда саясий жаңылыктарда такай аталып келген.
Протесттерди басуу
2005 жана 2009-жылдары эки жолу тең президенттик кызмат консерватор Махмуд Ахмадинежадга буюрган - ал Можтаба Хаменеинин жакын союздашы деп эсептелет жана көпчүлүк Ахмадинежаддын жеңишинде жогорку лидердин уулу чечүүчү ролду ойногон деп эсептешет.
2009-жылкы шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын катаалдык менен басууну да кенже Хаменеи менен байланыштырышат. The Guardian басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, ал Ислам революциясынын сакчылар корпусуна караштуу "Басиж" жарым аскерлештирилген түзүмүн иш жүзүндө жетектеген.
Андагы протесттерде кеминде бир нече ондогон адам каза болгон. Иран өкмөтү шайлоодон кийинки алгачкы алты жумада 30 демонстранттын өлүмүн моюнга алган, бирок журналисттер жана укук коргоочулар курмандыктардын саны алда канча көп экенин айтышкан.
Финансылык империя жана санкциялар
2019-жылдан бери Можтаба Хаменеи АКШнын санкцияларында турат.
Буга карабастан, Bloomberg 2025-жылдын январында жазгандай, ал эбегейсиз каржылык империя курууга жетишкен. Анын кызыкчылыктары Перс булуңундагы кеме каттамдарынан тартып Улуу Британиядагы люкс класстагы кыймылсыз мүлктөргө чейин камтыйт.
Расмий түрдө бул активдер Хаменеиге эмес, ирандык ишкер Али Ансариге таандык. Ансари Хаменеи менен байланышы бар экенин четке кагып келет.
"Можтаба Ирандагы жана чет өлкөлөрдөгү ар кандай уюмдарда ири үлүшкө ээ же аларды иш жүзүндө көзөмөлдөйт", - деп билдирген Bloomberg агенттигине Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясаты институтунун улук кызматкери Фарзин Надими.
Консерваторлорбу же реформаторлорбу?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Можтаба Хаменеиге жакын саясатчы Абдолреза Давари эгер аятолланын уулу мураскер болуп шайланса, ал Сауд Арабиясынын ханзаадасы Мухаммед ибн Салман сыяктуу фигурага айланышы мүмкүн экенин бир нече жолу айткан.
"Ал абдан прогрессивдүү жана катаал линиядагыларды четке сүрүп чыгарат", - деген Давари согуш башталардан бир аз мурун NYT гезитине берген маегинде.
Бирок аналитиктер Хаменеинин тандалышы, тескерисинче, консервативдик саясаттын уланышын билдирет деп эсептешет.
"Ал көптөн бери мураскер катары каралып келген, бирок акыркы эки жылда көздөн кайым болду, — деп түшүндүрмө берген Жонс Хопкинс университетинин профессору Вали Наср. — Эгер аны тандашса, бул эми бардыгын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун алда канча катаал канаты башкарып калганын билдирет".
"Можтаба — азыркы таптагы эң акылдуу тандоо, анткени ал коопсуздук күчтөрүнүн жана аскерлердин ишин башкарууну жана координациялоону жакшы билет", — дейт тегерандык аналитик Мехди Рахмати.
Мураскорлук маселеси
Кенже Хаменеи каршы айтылган жүйөлөрдүн бири - бийликти мурас катары өткөрүп берүү прецедентинин түзүлүшү. Бул Ирандын жетекчилиги үчүн 1979-жылдагы революциядан кийин биротоло баш тарткан шахтардын башкаруусу менен керексиз ассоциацияларды жаратат.
Ислам революциясынын лидери Рухолла Хомейни каза болгондон кийин анын уулу Ахмад дагы мүмкүн болгон мураскерлердин арасында аталган, бирок жыйынтыгында Али Хаменеи жогорку лидер болгон.
Ахмад Хомейни 1995-жылы жүрөгү кармап каза болгон. Айрымдар анын өлүмүн күмөндүү деп эсептешет. Мисалы, журналист Эмадеддин Баги ал өлтүрүлгөн деп божомолдойт.
Ахмаддын уулу Хасан Хомейни дагы Али Хаменеи өлгөндөн кийинки жогорку лидерликке мүмкүн болгон талапкерлердин арасында аталган. Ал Можтаба Хаменеиге караганда радикалдуу эмес фигура катары эсептелет.
Али Хаменеи тирүү кезинде эле, 2024-жылы Эксперттер кеңеши мүмкүн болгон мураскерди талкуулоо үчүн чогулганда жогорку лидер өзү уулунун талапкерлиги каралбай турганын билдиргени бар.




























