8-Март Аялдардын эл аралык күнү: тарыхы жана мааниси

Woman with face painted in purple marking International Women's Day

Сүрөттүн булагы, Tomas Cuesta / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир кылымдан ашык убакыттан бери дүйнө жүзү боюнча адамдар 8-мартты аялдардын өзгөчө күнү катары белгилеп келишет.

Сиз Эл аралык аялдар күнүн массалык маалымат каражаттарында айтылганын көргөнсүз же досторуңуздун ал тууралуу айтып жатканын уккандырсыз.

Бирок бул күн эмне үчүн зарыл? Ушуга окшош эл аралык эркектер күнү барбы? Бул эмне үчүн маанилүү?

Бир кылымдан ашык убакыттан бери дүйнө жүзү боюнча адамдар 8-мартты аялдардын өзгөчө күнү катары белгилеп келишет.

Мунун себебин билүү үчүн окууну улантыңыз.

Кантип башталган?

Clara Zetkin looks to the camera

Сүрөттүн булагы, Corbis / Hulton Deutsch

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Клара Цеткин аялдардын эл аралык күнүн негиздеген

Эл аралык аялдар күнү жумушчулар кыймылынан келип чыккан, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылган жыл сайын өтүүчү иш-чара болуп саналат.

Анын үрөнү 1908-жылы 15 000 аял Нью-Йоркто жумуш убактысын кыскартуу, айлык акыны жогорулатуу жана добуш берүү укугун талап кылып жүрүшкө чыкканда себилген. Бир жылдан кийин Американын Социалисттик партиясы биринчи Улуттук Аялдар күнүн жарыялады.

Бул күндү эл аралык деңгээлде белгилөө идеясы коммунист активист жана аялдардын укугун коргоочу Клара Цеткин аттуу аялга таандык. Ал бул идеяны 1910-жылы Копенгагенде өткөн жумушчу аялдардын эл аралык конференциясында сунуш кылган.

Ал жерде 17 өлкөдөн 100 аял катышып, анын сунушуна бир добуштан макул болушту.

Биринчи жолу 1911-жылы Австрия, Дания, Германия жана Швейцарияда майрамдалган. Эл аралык аялдар күнүнүн жүз жылдыгы 2011-жылы белгиленген.

1975-жылы Бириккен Улуттар Уюму бул күндү майрамдагандан тартып расмий түрдө белгилене баштады. Майрамды БУУ 1996-жылы алгачкы ирет "Өткөндү майрамдоо, келечекти пландаштыруу" деген теманын астында белгиледи.

Аялдардын Эл аралык күнү аялдардын коомдо, саясатта жана экономикада канчалык чоң ийгиликтерге жетишкенин белгилөөчү дата болуп калды, ал эми бул күндүн саясий тамыры гендердик теңсиздиктин уланып жаткандыгы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн иш таштоолорду жана нааразылык акцияларын уюштурууда турат.

Эмне үчүн 8-март?

Кларанын Эл аралык аялдар күнүн өткөрүү идеясынын так датасы болгон эмес.

Ал 1917-жылы согуш маалындагы иш таштоого чейин, орус аялдары "нан жана тынчтыкты" талап кылганга чейин расмий түрдө бекитилген эмес - иш таштоодон төрт күн өткөндөн кийин падыша тактыдан баш тартууга аргасыз болгон жана Убактылуу өкмөт аялдарга добуш берүү укугун берген.

Ал кезде Орусияда колдонулуп келген Юлиан календары боюнча аялдардын иш таштоосу 23-февраль жекшемби күнү башталган. Григориан календары боюнча бул күн 8-март болгон жана бүгүн да ошол күнү белгиленет.

A demonstration for International Women's Day in Sao Paulo, Brazil, in 2023

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эмне үчүн адамдар кызгылт көк түстү кийишет?

Street vendors selling purple flower necklaces for IWD

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кызгылт көк түс адилеттикти жана кадыр-баркты билдирет.

Кызгылт көк, жашыл жана ак - Аялдардын Эл аралык күнүнүн веб-сайтынын маалыматына ылайык, IWD түстөрү.

"Кызгылт көк түс адилеттикти жана кадыр-баркты билдирет. Жашыл түс үмүттү билдирет. Ак түс талаштуу түшүнүк болсо да тазалыкты билдирет. Түстөр 1908-жылы Улуу Британиядагы Аялдардын коомдук жана саясий биримдигинен (WSPU) келип чыккан", - дешет алар.

Эл аралык эркектер күнү барбы?

Чынында эле бар. Ал - 19-ноябрь.

Бирок ал 1990-жылдардан бери гана белгиленип, БУУ тарабынан таанылган эмес. Аны дүйнө жүзү боюнча 80ден ашуун өлкөдө, анын ичинде Улуу Британияда белгилешет.

Уюштуруучулардын айтымында, бул күн "эркектердин дүйнөгө, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жамаатташтарына алып келген позитивдүү баалуулуктарына" багытталган жана позитивдүү үлгүлөрдү көрсөтүү, эркектердин жыргалчылыгын жогорулатуу жана гендердик мамилелерди жакшыртуу максатын көздөйт.

Аялдардын күнү кандай белгиленет?

Women with flower bunches

Сүрөттүн булагы, China News Service / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 8-мартта аялдар Дунан базарында гүл сатып алууда

Эл аралык аялдар күнү көптөгөн өлкөлөрдө улуттук майрам болуп саналат, анын ичинде Орусияда гүл сатуу 8-марттын тегерегиндеги үч же төрт күндүн ичинде эки эсеге өсөт.

Кытайда мамлекеттик кеңештин сунушу боюнча 8-мартта көптөгөн аялдарга жарым күндүк жумуш берилет.

Италияда Эл аралык аялдар күнү же la Festa della Donna, мимоза гүлүн берүү менен белгиленет. Бул салттын келип чыгышы түшүнүксүз, бирок ал Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Римде башталган деп эсептелет.

АКШда март айы аялдардын тарыхынын айы болуп саналат. Америкалык аялдардын жетишкендиктери жыл сайын чыгуучу президенттик жарлыкта белгиленет.

Быйылкымайрамдын темасы кандай?

Women walking in the streets wearing scarves covering their faces

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Афган аялдары билим алуу укугу үчүн күрөшүүдө

Бириккен Улуттар Уюмунун 2024-жылга карата темасы — "Аялдарга инвестиция: прогрессти тездетүү". Бул тема гендердик теңчилик чараларына жумшалып жаткан акчанын жетишсиздигин көрсөтүүгө багытталган.

"Чыр-чатактар жана кымбаттаган баалар 2025-жылга чейин өлкөлөрдүн 75% мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга алып келиши мүмкүн, бул аялдарга жана алардын негизги кызматтарына терс таасирин тийгизет" дешет алар.

БУУнун эсебинде, эгер дүйнө 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетише турган болсо, жылына укмуштуудай кошумча 360 миллиард доллар (284 миллиард фунт стерлинг) керектелет. Мамлекеттик жардамдын 5% гана аялдарга жана кыздарга карата зомбулук менен күрөшүүгө багытталган, ал эми 0,2% азыраагы зомбулукту анын алдын алууга багытталган деп билдирет БУУ.

Бирок айланасында башка темалар да бар. Эл аралык аялдар күнүнүн веб-сайты "Камтылууга шыктандырат" деген теманы тандап алды, уюштуруучулар жана иш-чаралар "тоскоолдуктарды жок кылууга, стереотиптерге каршы турууга жана бардык аялдар бааланган жана урматталган чөйрөнү түзүүгө" умтулушат.

Эмне үчүн керек?

IWD demonstration in Lima, Peru, on 8 March 2023

Сүрөттүн булагы, Fotoholica Press

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнө жүзү боюнча аялдар өздөрүнүн укуктарын талашып көчөгө чыгууда

Өткөн жылы Ооганстан, Иран, Украина жана АКШ сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө аялдар согуштун, зордук-зомбулуктун жана өз өлкөлөрүндөгү саясаттын өзгөрүшүнүн шартында өз укуктары үчүн күрөш жүргүздү..

Жакынкы Чыгыштагы аялдар Израилде жана Палестина аймактарында болгон соңку кагылышуу учурунда аябагандай зордук-зомбулукка кабылышты. БУУнун эксперттери Газадагы аялдар менен кыздарга карата адам укуктарынын бузулушу, анын ичинде израилдик күчтөр тарабынан зордуктоо фактылары боюнча ишенимдүү билдирүүлөрдү алышканын айтышты. Би-Би-Си 7-октябрдагы Хамастын чабуулдары учурунда аялдарды зордуктоо, сексуалдык зордук-зомбулук жана майып кылуу фактыларын топтой алды.

Жаңжал жүрүшүндө аялдар гуманитардык кризистин оор жүгүн да көтөрдү. Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун маалыматы боюнча, келерки айдын ичинде Газада 5500дөй аял төрөп, медициналык жардам ала алышпайт деп күтүлүүдө.

Ооганстанда талибдер башталгыч мектеп жашынан өйдөнкү кыздарга сабакка кирүүгө тыюу салууну албагандыктан, бул аялдардын бирдей билим алуу укугуна тоскоол болууда.

Cart with women and children fleeing Sudan for Chad

Сүрөттүн булагы, Abdulmonam Eassa / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Суданда аялдар жана кыздар RSF көзөмөлдөгөн аймактарда уурдалып, зордукталып, никеге турууга мажбурланууда

Судандын куралдуу күчтөрү менен Тез жардам күчтөрүнүн (RSF) ортосунда Суданда уланып жаткан кагылышуу да кыйраткыч таасирин тийгизди. Кабарларга караганда, аялдар жана кыздар RSF көзөмөлдөгөн аймактарда уурдалып, зордукталып, ал жакта никеге турууга мажбурланып жана кун үчүн кармалып турат деп айтылат БУУнун маалыматында. 1 миллион 200 миңден ашуун адам кошуна өлкөлөргө качып кетти жана башпаанек издегендердин ар бир онунун тогузу аялдар жана балдар.

Сентябрда Иранда аялдардын чачтарын жаап жүрүүсүн талап кылган катуу эрежелерди бузду деген айып менен камакка алынган 22 жаштагы Махса Аминин өлүмүнө бир жыл болду. Көптөгөн аялдар эрежеге каршы чыгууну улантууда, ал эми Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Наргес Мохаммади сыяктуу активисттер узак мөөнөткө түрмөгө кесилип жатышат.

Woman in Mexico marching to celebrate the decriminalisation of abortion in the country in 2023

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аялдардын укугун коргоочу уюмдар былтыр сентябрда Мексикада аборттун кылмыштуулуктан ажыратылышын кубатташты.

Бирок, өткөн жылы бир аз жылыштар болду.

2023-жылдын октябрында Аргентина Конгресси гендердик зомбулуктун алдын алууга жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга багытталган Олимпия мыйзамын бекиткен. Эл аралык мунапыс уюмунун жергиликтүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Аргентинада ар бир үчүнчү аял интернетте зордук-зомбулукка кабылган.

Taiwanese woman with crossed hands in front of her face

Сүрөттүн булагы, SAM YEH / Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайванда Netflix шоусунан жергиликтүү MeToo кыймылы башталды

Тайванда жергиликтүү MeToo кыймылын тутанткан Netflix шоусунан улам келип чыккан сексуалдык зомбулук боюнча айыптоолордун толкунун күчөдү. Бул Демократиялык Прогрессивдүү партияны сексуалдык асылууга каршы мыйзамдарды катаалдаштырууга, жаңы чаралар менен бардык жумуш орундарына, анын ичинде мурда бошотулган чакан ишканаларга инциденттерди билдирүү үчүн каналдарды түзүүгө түрткү берди. Иш берүүчүлөр ошондой эле сексуалдык асылуу боюнча бардык даттанууларды иликтеп, алардын жыйынтыгын жергиликтүү бийликке билдириши керек.

Jennifer Hermoso of Spain celebrates with the trophy during the FIFA Women's World Cup

Сүрөттүн булагы, Marc Atkins/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрмосо өбүшүүгө макул болбогонун билдирип, Рубиалеске каршы мыйзамдуу арыз жазды

Аялдардын укугун коргоочу уюмдар былтыр сентябрда Мексикада аборттун кылмыштуулуктан ажыратылышын кубатташты. Бул Латын Америкасында "жашыл толкун" деп аталып калган бойдон алдырууга чектөөлөрдү жумшартуу тенденциясына байланыштуу келип чыкты.

Жакында эле Франциянын парламентинин жогорку палатасы - Сенат аялдардын аборт жасоо укугун конституцияда бекитүү маселесин карап, көпчүлүк добуш менен өткөрдү.

Ал эми июль жана август айларында Австралия менен Жаңы Зеландияда өткөн Аялдар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна дээрлик эки миллион күйөрман келген - бул мурунку рекорддон 600 000ден ашык. Бул аялдардын спортуна болгон кызыгуунун өсүп жатканын чагылдырат, 2023-жылы Улуу Британияда аялдардын спорттук мелдештерин 46,7 миллион адам көрүп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн тосуп майрамдоо Испания үчүн зор майрам болушу керек эле, бирок өлкөнүн мурдагы футбол башчысы Луис Рубиалес оюнчу Женни Эрмосонун оозунан өөп койгондо майрамга көлөкө түшүрүлдү. Эрмосо өбүшүүгө макул болбогонун жана Рубиалеске каршы мыйзамдуу арыз жазганын айтканы менен, кызматынан кеткен Рубалиус өзүнө коюлган күнөөнү четке какты.

Бул окуя, бирок, аялдардын футболунун ичинде жана сыртында сексизм маданияты жөнүндө кеңири талкууну жаратты.

BBC 100 Women жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 100 шыктандыруучу жана таасирдүү аялдардын ысымдарын атайт. Би-Би-Синин 100 Аялына Instagram жана Facebook баракчаларында жазылыңыз. #BBC100Women аркылуу талкууларга кошулуңуз.

100 Women logo

BBC 100 Women names 100 inspiring and influential women around the world every year. Follow BBC 100 Women on Instagram and Facebook. Join the conversation using #BBC100Women.