BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Бишкекте ШКУ саммити башталды
1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 25 жылдык мааракелик саммити башталды. Иш-чара "ШКУга 25 жыл: Туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө бирге" деген аталышта өтүп жатат. Кыргызстан президенти Садыр Жапаров саммиттин ачылышын жасады.
Эгемендик: 35 жылда Борбор Азия өлкөлөрү эмнеге жетишти?
35 жыл мурда Советтик Орто Азиянын ордунда беш көз карандысыз мамлекет пайда болгон. Алар азыр Борбор Азия деп аталат. Бир саясий системадан чыккан мамлекеттер эгемен турмушту бир убакта баштаганы менен, басып өткөн жолу, оош-кыйышы бири-биринен айырмаланат. Бири табигый байлыктарына таянды.
ШКУ саммити, Көчмөндөр оюндары. Бишкекте ондон ашык өлкөнүн лидерлери чогулду
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинe жана Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Бишкекте ондон ашуун өлкөнүн лидерлери чогулууда.
"Эч ким токтото албайт": Азербайжандагы күчөгөн куугунтук
Соңку беш жылда Азербайжанда саясий жүйө менен абакта отургандардын саны үч эсе көбөйдү. Бул сандарды Би-Би-Си укук коргоочулардын тизмесинин негизинде эсептеп чыкты. Карабак согушундагы жеңиштен кийин президент Илхам Алиев элдик баатыр деген даңкка бөлөнүп жатат, өлкөнүн ичинде анын эч бир атаандашы жок жана геосаясий кырдаал да анын пайдасына чечилүүдө. Бирок мунун баары репрессиялардын күчөшүнүн себептерин толук түшүндүрө албайт.
Алты президент, үч элдик толкундоо. Эгемендикке 35 жыл
Быйыл 31-августта Кыргызстан эгемендиктин 35 жылдыгын белгилеп жатат. "Легендарлуу" парламент 1990-жылы эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган. 1991-жылдын 31-августу Эгемендик күнү катары жарыяланган. Бул убакыт аралыгында өлкө далай жолу мүдүрүлүп, далай жолу бутуна турду. Кээде туура, кээде калпыс чечимдер кабыл алынды. Би-Би-Си артка учкай көз чаптырып, саясатчыларга, коомдук ишмерлерге микрофон сунуп, эгемен өлкөнүн негизги ийгиликтери жана кемчиликтери, алдыдагы чакырыктар жөнүндө пикирин сурады.
"Эки өлкөнүн кызматташтыгы өнүгүүнүн алтын мезгилине кадам таштады". Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары
"Ынтымак-Ордодо" Кытай лидеринин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын расмий бөлүгү башталды. Саат ондо Си Цзиньпин жубайы Пэн Лиюань менен кошо кытай өндүрүшүнөн чыккан Hongqi N701 унаасы менен келди. Конокторду президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова тосуп алышты. Салтанаттуу аземде эки өлкөнүн гимни жаңырды.
"Руханий суверенитет да керек". Эгемендикке 35 жыл
Кыргызстан быйыл эгемендиктин 35 жылдыгын белгилеп жатат. Мааракени утурлай Би-Би-Си Жазуучулар союзунун төрагасы, мурдагы билим берүү министри, Жогорку Кеңештин төрт жолку депутаты Каныбек Иманалиев менен баарлашып, эгемен өлкөнүн оош-кыйыш жолуна көз чаптырды.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Түндүк Кипрде жүргүнчү ташыган паром чөгүп кетти. Сегиз адам каза болду, 20дан ашыгы дайынсыз
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бийлиги Кирения портунан Түркиянын Ташужу шаарына жөнөп, көп өтпөй чөгүп кеткен паромдогу 20дан ашык жүргүнчүнү издеп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, борттогу 267 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн 237си куткарылган, сегиз адам каза болгон.
Туткунга түшкөн украин тектүү жоокерлер эмне үчүн Орусия тарапта согушканын айтып беришти
Батыш Украинада бийик дубалдардын жана өтө бекем кулпуланган дарбазалардын артында Орусия тарапта согушуп жүрүп, туткунга түшүп калган эркектер кармалган лагерь бар.
Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Си Цзиньпинди жубайы Пэн Лиюань менен "Манас" эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова тосуп алды.
"Мадина" базарындагы өрт: мэр окуя болгон жерге барып, соодагерлер менен жолукту
Бишкектеги «Мадина» базарында чыккан өрттөн кийин соодагерлер кырсыктын себептерин тыкыр жана ачык иликтөөнү талап кылууда. Алар өрттөн товарлары жана соода жайлары жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүлүшүн суранып жатышат.
Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Назарали Турдалиевич Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Бишкектеги ШКУ саммитине 17 өлкөнүн өкүлдөрү келет (тизме)
1-сентябрда Бишкекте ШКУ саммити өтөт. Жыйынга Кытай, Орусия, Казакстан, Индия, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн лидерлери, ошондой эле БУУнун баш катчысы катышат
"Мадина" базарында чыккан өрттүн себеби такталууда
Бишкектеги "Мадина" базарында 30-август күнү эртең менен өрт чыкты. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланып жатат. Жергиликт тургундардын айтымында, эски базардын аймагындагы бир нече контейнерлер күйүп жатат.
Непал–Тибет чек арасында издөө-куткаруу иштери бешинчи күн катары менен уланууда
Непал менен Тибеттин чек арасында шаршемби күнү болгон катуу селден кийин издөө-куткаруу иштери бешинчи күн катары менен уланууда. Непалда жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, кырсыктан кеминде 675 адам каза болуп, 2 400дөн ашуун адам дайынсыз болууда.
Непал менен Тибеттеги суу ташкыны: 900дөн ашуун дайынсыз, 270 адам каза болгону кабарланды
Непалда Тибет менен чек арада шаршемби күнү сел жүрүп, күтүүсүз суу ташкыны болду. Непал бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө набыт болгон 270 адамдын сөөгү табылып, 900дөн ашуун адам дайынсыз болууда. Кытайдын маалымат каражаттары Тибетте кеминде үч адам каза болгонун, 558ден ашуун адам дайынсыз экенин кабарлашты. Бул сандар бири-бирин камтыйбы же жокпу - белгисиз. Дайынсыз болгондордун арасында туристтердин саны көп. Апаттуу суу ташкынына тоо дарыясына түшкөн ири муздун бөлүгү себеп болушу мүмкүн.
"Түндүк" ишканасы жоюлуп, анын функциялары "Кызмат" мекемесине өткөрүлөт
Кыргызстанда «Түндүк» ачык акционердик коомун жоюу сунушталды. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, анын функциялары, каражаттары жана активдери Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине өткөрүлөт. Бийлик бул чечимди "Түндүк" менен "Кызматтын" айрым функциялары кайталанып жатканы менен түшүндүрүүдө.
"ФЕТОго тиешеси жок". Түркияда кармалган кыргызстандык жарандын соту сентябрда болот
Үч ай мурун Түркиянын Анкара шаарындагы аба майданында кармалган кыргызстандык Эрмек Сабыржановдун жакындары жардам сурап, президентке кайрылышты. Анын ФЕТО террордук уюмуна мүчө болгон деген айыптоо боюнча соту 9-сентябрда Измир шаарында өтөт. Жакындары коюлган дооматтар негизсиз экенин билдиришүүдө.
Мээдеги шишикти жасалма интеллекттин жардамы менен алып салган биринчи операция жасалды
Дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын мээсиндеги шишик жасалма интеллекттин жардамы менен ийгиликтүү алынды.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

















































