"Баатырлардын заманы". Украинада согушкандар Орусияда тонолуп, сабалып, өлтүрүлүп жатат

- Author, Сергей Горяшко
- Role, Би-Би-Си орус кызматы
- Author, Иликтөө бөлүмү
- Role, Би-Би-Си орус кызматы
Владимир Путин 9-май күнү "Бүтүндөй өлкө, коомчулук, эл "атайын аскердик операцияга" катышкандарды колдойт",- деп билдирген. Бирок бул чындыкка дал келбейт. Орусиянын Украинанын аймагындагы толук масштабдуу баскынчылыгына катышып жаткандар көп учурда кылмышка барып гана тим болбостон, өздөрү да алдамчылыкка, талап-тоноого жана зомбулукка кабылууда. Би-Би-Си согушта адамдарды өлтүрүүгө өз ыктыяры менен макул болуп, анын акысына миллиондогон рубль акча тапкан, бирок тылда мекендештеринин айынан баарынан айрылып калган орусиялык аскерлердин окуяларын баяндап берет.
"Текке кеткен акча". МАИ кызматкерлери аскерди тоноп, өздөрү согушка жөнөп кеткен
"Болгон жеримден жаракат алып, дарыланып жатам. Батирсиз калдым. Маңдайга жазылган тагдырым ушул экен".
Ростов облусунда төрөлгөн 39 жаштагы Никита Хурса Петербургдун жанындагы госпиталда Би-Би-Си менен маектешип жатып, аскердик-медициналык комиссиянын кортундусун күтүп жатканын айтты.
Бул комиссия анын фронтко кайра жөнөтүлөр-жөнөтүлбөсүн аныктайт. Хурса согуш майданында 2024-жылы жайында бир нече ай гана болгон.
Ал Харьков облусундагы Волчанск багытында салгылашып жүрүп, август айынын ортосунда жаракат алган: "Артыма 120 миллиметрлик миномет тийди. Кан басымым күн сайын көтөрүлүп жатат. Психикалык абалым да жакшы болбой калды", — деп арызданат Хурса.
Анын айтымында, психологиялык травманы ал фронтто эмес, жаракат алгандан кийин Орёл шаарындагы жубайына кайтып барганда алган.
Ал согушта тапкан бардык акчасынан ажырап, ал эми аны тоноп кеткендер жазаланбай, тескерисинче, өздөрү да фронтко жөнөп кетишкенин айтат.

2024-жылы 17-октябрда Хурса келинчеги Оксана менен урушуп, үйүнөн чыгып кеткен. Жанжал ошол күнү кечинде ал жарым литр коньяк ичип алгандан кийин чыккан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Үй-бүлөлүк чырдан соң Оксана күйөөсүнө 2,7 миллион рублди колуна карматкан. Ал бул акчаны согушка барганы жана жарадар болгону үчүн тапкан. Түгөйлөр ошол күнү каражатты картадан чыгарып, үйдөгү сейфте сактап турушкан. Алар Орел шаарынан бир бөлмөлүү батир сатып алуу боюнча риэлтор менен макулдашкан эле. Кийинки күнү келишими түзүлмөк…
Ал эми Никита Хурса акчаны алып, Ростов облусундагы өзү туулуп-өскөн Белая Калитва шаарына жол тартууну чечет. Никита ал жактан үй сатып алууну көздөгөн.
Азыр ал ошол чечимине өкүнүп жүрөт:
"Аялым бир аз акыл калчап, токтотуп койсо жакшы болмок. "Уктап ал, эртең ойгонгондо өзүң чечесиң" деп айтса болмок экен", — дейт ал.
Ошол күнү Хурса үйдөн бутуна эч нерсе кийбей, байпакчан чыгып кеткен. "Мазда" үлгүсүндөгү унаага отуруп, ичи-тышы көрүнгөн пакетке салынган акчаны жанындагы отургучка коюп койгон.
Бирок көпкө узаган эмес. Орёл шаарындагы Раздольная менен Буров көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде эле аны жол кайгуул унаасы токтотту.
Жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлор — Чечен согушунун ардагери Григорий Рыжкин жана Владимир Чириков кийинчерээк "Мазданын" фарасы күйбөй келе жатканын көрүп, токтотууга аракет кылганбыз деп түшүндүрүшкөн.
Хурса кайгуулдан качып кетүүгө аракет кылган, анткени рулга мас абалында отурган жана жанында ири суммада нак акча болгон.
Фараны күйгүзгөн-күйгүзбөгөнүн өзү кийин эстей алган эмес.
Жол кайгуул кызматынан качып кете албай калган. Бир нече мүнөттөн кийин унаасын токтотууга аргасыз болгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө ал "Чарчаганымды сездим. Мас абалында айдап бараткандыктан коопсуздукту эске алайын дедим" деп жооп берген.
Окуя кийин кандай өнүккөнү так белгисиз. Жол коопсуздугунун кызматкерлери болсо Хурса "унаасын таштап, окуя болгон жерден качып кеткен" деп көрсөтмө беришкен. Орёл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул тууралуу "эркек кишини кармоо мүмкүн болгон жок" деген билдирүү тараткан.
Хурса болсо унаанын ичинде эле отурганын айтат. Ага МАИ кызматкери Владимир Чириков келип: "эмне качып баратасың, массыңбы?" деп сураган. Хурса болсо "эмне экен?" деп жооп узаткан.
Ал унааны мас абалында айдап баратканын танган эмес. Андан соң инспектор андан документтерин талап кылат. Хурса жанында жок экенин айтат. Чириков "Мазданын" эшигин ачып, отургучтан акча салынган пакети көрөт.
Хурсанын айтымында, инспектор ага "мас болсоң да, маселени чечели" деген сунуш берет. "Кантип чечебиз" деген суроого Чириков акча талап кылгандай ишарат көрсөтөт.
Бул учурда анын жанындагы инспектор Григорий Рыжкин кесиптешин токтотууга аракет кылганын эстейт: Хурсанын ишин тариздеп, машинени айып короого алып кетүүнү сунуштайт.
Бирок Чириков "оозуңду жап, билесиңби, канча акча турат?" деп каршы чыгат.
Чириковдун талабы менен Хурса артка, ал эми рулга МАИ кызматкери өзү отурат. Ал машинедеги видеорегистраторду көрүп, аны ыргытып жиберүүнү буюрат. Хурса макул болот.
"Бир аз акча алып, андан соң коё берет го деп ойлогом. Көрсө, андай эмес экен", – дейт ал.
Бир аз жүргөндөн кийин Чириков токтоп, акча салынган пакеттен 40 миң рубль санап: "бул сага жолго" деп унаага ыргытат да, калган 2 миллион 663 миң рублди көкүрөгүнө катып, сыртка чыгып кетет.
Хурса нес абалда отуруп калат. Жубайына чалып, тонолгонун айтат. Аялы полиция чакырып, өзү да окуя болгон жерге келет.
Тергөөчүлөр унаадан жана калган акчадан манжа издерин алышат, камерадагы видеону да териштиришет. Чириков менен Рыжкин 19-октябрда кармалган, бирок акча табылган эмес.
МАИ кызматкерлери эки айга СИЗОго камалат. Аларга "өзгөчө ири өлчөмдө акча тоноо" жана "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренелери боюнча айып тагылат.
Бирок иш сотко жетпейт. Чириков менен Рыжкин күнөөсүн моюнуна алышпай, тескерисинче, Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, келтирилген чыгым үчүн жоопкерчилик тартпай, согушка кетүүнү чечишет. Тергөө алардын кетишине каршы болсо да, сот аларды фронтко жөнөтүүгө уруксат берет.

Никита Хурса менен прокуратура соттун чечимине каршы даттанууга аракет кылат. Согушта жарадар болгон ардагерлер менен бирге Орёл облустук сотунун судьяларына видео кайрылуу жазышат. Хурса "калыбына келтирүү полкунда" экенин жана өзү сотко келе албасын түшүндүргөн. Ардагерлер согушта кан менен табылган акчаны ээсине кайтарып бергиле деп талап коюшат.
Бирок Орёл облустук соту мурдагы чечимди күчүндө калтырып, МАИ кызматкерлерине фронтко кетүүгө уруксат берет. Соттун басма сөз кызматы муну 2023-жылдан берки мыйзам менен түшүндүрөт: эгер айыпталуучу согушка кетүүгө макул болсо жана ага карата коюлган беренеде буга тыюу салынбаса, тергөөчү да, сот да тоскоол боло албайт.
Натыйжада, тоноо жана ыйгарым укугунан аша чабуу боюнча иш убактылуу токтотулат.
Соттун сайтында айыпталуучулардын телефон номерлери жана банк картасынын номерлери жарыяланган. Бирок Би-Би-Си аларга байланыша алган жок; алардын телефондору өчүрүлгөн.
"13-февралдан бери алар расмий түрдө атайын аскердик операцияда. Согушка кете беришсин, бирок күнөөлөрүн моюнуна алып, келтирилген чыгымды кайтарып беришсе жакшы болмок", — дейт Хурсанын жубайы Оксана.
Хурса алар кайсы жакта кызмат өтөп жатканын билбейт:
"Башында ачуум келген, кийин ойлондум, эгер Кудай бар болсо, чындык жеңет".
Жай мезгилинин башында Чириков жаракат алып, фронттон кайтып келет. Ушундай жол менен кылмыш жоопкерчилигинен кутулат. Бирок Хурса менен жубайы доо арыз жазып, акчаны кайтарууга аракет кылууну көздөшүүдө. Акча кайда экени белгисиз.
Тергөөчүлөр Чириковдун телефонун блоктон чыгара алышкан жок.
Аэропортто таксисттер менен полициячылар аскер кызматкерлерин кантип тоношот?
Украинадагы согуштан акча менен кайтып келген ардагерлер мекенине бут койгон күнү эле алдамчылык, зомбулук жана шылуундукка кабылып жатышат. Жыйнаган акчасынан кол жууган учурлар тууралуу ондогон сот чечимдери бар. Медиадагы макалалар да буга далил болуп берет.
Москвадагы "Шереметьево" аэропорту — Украинадан келген жарандар үчүн жападан жалгыз өткөрүү жана текшерүү пункту. Бирок 2025-жылдын май айында маалым болгондой, бул жайда күч түзүмдөрү Украинадан кайткандарды гана эмес, согушка катышкан орусиялык аскерлерди да көзөмөлдөп турушкан.

2025-жылдын 30-апрелинен тарта "Шереметьево" аэропортунда иштеген кеминде беш полиция кызматкери кармалды. Алар Москвага кайтып келген аскерлерди аныктап, аларды алдоодо таксисттерге жардам беришкен.
Маселен, жол акысын он эсе кымбат белгилөөгө, банк карталарынан акча уурдоого көмөктөшкөн.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, май айынын ортосуна карата бул иш боюнча шектүүлөрдүн саны 23кө жеткен.
Тергөө полициянын майору Виктория Калачевага "кызматтык абалынан пайдаланып, кылмыштуу топ түзгөн" деген айып тагууда. Ал Москва сотторунун базасында иши расмий катталган жападан жалгыз фигурант.
Baza басылмасынын жазышынча, анын эки кесиптеши аэропортто күзөт кызматын өтөп, таксисттерге аскерлердин учуп келгенин кабарлап турушкан. Соттор жарыялаган камактагы шектүүлөрдүн тизмесине караганда, булар — Гамза Исмаилов жана Араик Чивчян.
Би-Би-Си экөөнүн аты-жөнү менен дал келген кишилердин социалдык тармактагы баракчаларын тапкан. Исмаилов ИИМ университетин бүтүргөн, Чивчян болсо полиция формасы менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган. Чивчян менен Калачева Подмосковьедеги Химки шаарында жашашат.
Тергөө экинчи уюштуруучу катары Лобня шаарындагы ишкер Алексей Кабочкинди атаган. Ал такси жана ташуу тармагында иштеген. Мурда автоунаа токтотуучу жай иштеткен жана анын бир фирмасы түз эле "Шереметьево" аэропортунун ичинде катталган болчу.
Таксисттер аэропорттон кайтып келген аскерлерди тосуп алып, башында кадыресе бааларды сунушташкан. Бирок жолдо баратып, бааны кескин көтөрүп жиберишкен. Мисалы, 8 миң рублдин ордуна жүргүнчүдөн 122 миң рубль алышкан. Бул тууралуу "РИА Новости" тергөө материалдарына таянып жазган. Жол киреден баш тарткандарды коркутуп, күч колдонобуз деп да айтышкан.
Акчаны шектүүлөр банк терминалы аркылуу же түз эле картага которуу менен алышкан. Айрым жүргүнчүлөрдү жолдо арак берип мас кылышып, ошонун негизинде акча уурдашкан. Бир адамдын картасынан ушундай жол менен 615 миң рубль алынган.
Аэропортто иштеген дагы бир полиция кызматкери жабырлануучулардын арыздарын жабууга жоопкер болгон: кылмыш ишин козгоодон негизсиз баш тарткан. Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, бул топ согуштан кайтып келген жарандарды жалпысынан 1,5 миллион рублга чейин алдап кетишкен.
"Көкүрөк менен ичти кысуу": полиция ардагерди кантип өлтүргөн?
2024-жылдын июль айында Махачкала шаарында 48 жаштагы Ахмед Жабраилов полициячылардын колунан ажал тапты.
Ал "Ахмат" чабуул бригадасынын мурдагы аскери болчу.
Дагестандын "Криминальная хроника" телеграм-каналы анын кармалган учуру тартылган видеону жарыялаган.
Полициянын билдиришинче, колуна бычак алып, үйдүн чатырында чуркап жүргөн кишини көргөн күбө укук коргоо кызматкерлерин чакырган.
Бирок видеодо Жабраилов көчөдө тизелеп отурганын, айланасында полиция кызматкерлери турганын көрүүгө болот.
Жанында жоолукчан аял бар эле, полиция бул анын апасы экенин, бирок аны акыл-эсине келтирүү мүмкүн болбогонун ырастаган.
Жабраиловду унаага салып жатышканда ал: "Беретимди кийгим келет! Бир жакка түшүп калды", — деп суранып жатканы угулат. Аны кое бербей коюшканда, ал полицияга каршылык көрсөтүп, качууга аракет кылат. Андан соң "кишен!", "шокер бергиле!", "үстүнө отур!" деген буйруктар жаңырып, "сен менен тынч сүйлөшүп жаттык эле го" деген сөздөр угулуп, күч колдонуп унаага салып кетишет.
Бир нече мүнөт өткөндөн кийин Жабраилов полиция бөлүмүндө каза болгон.

Полиция бөлүмүндө эмне болгону видеого жазылып калган. Бул тасманы жарыялап, түшүндүрмө берген жергиликтүү Коомдук байкоочу комиссиянын төрагасы Шамиль Хадулаев мындай дейт:
"Ал кыйналууда. Колу артка кайрылып, көмкөрөсүнөн жатат. Ошондо деле болбой, үстүндө тизеси менен басып турган кызматкер кандай акмак? Ал буттарын тыбыратып, кыйналып жатат, экинчи кызматкер аны электрошокер менен "тынчытууга" аракет кылууда".
"Черновик" басылмасы видеодо бир полиция кызматкери Жабраиловду башка-көзгө муштум уруп жатканына көңүл бурган. Дагы экөө ага электрошокер колдонушкан.
Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Жабраиловдун канынан алкоголь да, наркотик да табылган эмес. Анын өлүмүнө көкүрөгү жана ичи кысылып калганы себеп болгон деген тыянак чыгарылган. Ушул эле полиция бөлүмүндө 2023-жылы махачкалалык Курбан Далгатов да кыйноодон кийин каза болгон.
Жабраиловдун ата-энеси эки жолу Владимир Путинге кайрылып, Дагестан ИИМи уулунун өлүмүн кокустук катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын айтышкан. Алардын билдиришинче, сөөктү шарияттын эрежеси менен жууп-тазалоого уруксат берилген эмес, ал тургай мечиттин айланасын полиция тосмого алган. Апасы президенттен ишти жеке көзөмөлүнө алуусун өтүнгөн.
Август айында Махачкаланын Совет райондук соту бир полиция кызматкерин "денеге атайылап залал келтирүү" жана "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренелери боюнча камакка алган. Кийин дагы экөөнө ушул эле иш боюнча айып тагылат. 2025-жылдын январында төртүнчү кызматкер үй камагына чыгарылып, ага кошумча "далилдерди жасалмалоо" айыбы тагылат. Сот документтеринде анын аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес, бирок "Кавказ.Реалии" бул киши патрулдук кызматтын жетекчилеринин бири жана согуш ардагери экенин жазган.
2025-жылдын июнунда Жабраиловдун үй-бүлөсү "Черновик" басылмасына мурда жарыяланбаган видеону өткөрүп берген. Анда аны полиция бөлүмүнө жеткиришкенден кийин коридордо кулап түшкөнү, андан кийин кайра-кайра электрошокер менен ургандары тартылган. Үй-бүлөнүн айтымында, өлүмгө себеп болгон бардык полиция кызматкерлери дагы эле жоопко тартылган эмес.
"Ал атайын аскердик операцияга катышкандар кийген аскердик формада болчу, алар аны сыйлоого милдеттүү эле", — деп жазылган жакындарынын элге жолдогон кайрылуусунда.
Бул иш боюнча тергөө кандай жүрүп жатканы тууралуу ачык маалымат жок.
"Согуш катышуучуларына жана майыптарга карата жек көрүү": көчө мушташын саясатташтыруу аракети
2023-жылдын декабрь айында Санкт-Петербургдун борборундагы эки ресторандын менеджерлери Ираклий Мунчава менен Рустам Лакашия Lexus унаасын Васильевский аллеядагы тротуарга токтотуп, спорт клубуна бармакчы болушкан.
Ошол маалда жубайы менен өтүп бара жаткан Виталий Павловский аттуу жаран туура эмес токтотулган унаа тууралуу эскертүү айтат да, андан соң менеджерлердин бирин башы менен урат (бул коопсуздук камераларына түшүп калган). Натыйжада уруш чыгып кетет.
Павловскийди каршылаштары кар күрткүгө жыгып, сабап башташканда анын курткасы чечилип, бир колу жок экени көрүнөт.
Уруш токтогондон кийин ал телефону менен унааны айланып видеого тарта баштайт. Берки экөө аны түртүп, четке сүрүп чыгарышат. Бир маалда Павловский футболкасын чечип, мушташка даярданат. Жанындагы жубайы жардам сурап жакынкы унааларга кайрылганда, күбөлөр токтобой кетип калышат. Бирок окуяга катышкандар ошол жерден кетпей, полициянын келишин күтүшөт.

Ошол эле күнү "фронтто колун жоготкон "атайын аскердик операциянын" ардагери сабалды" деген кабар тарап кетет. Эртеси экөө камалып, башында "бейбаштык", андан соң "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" жана "экстремизм" деген оорураак айыптар тагылат. Тергөөнүн айтымында, Мунчава менен Лакашия "орус улутундагыларга, "атайын аскердик операциянын" катышуучуларына жана майыптарга жек көрүү менен мамиле кылган".
Павловскийдин апасы коркутуулар болгонун айткан. Бирок Би-Би-Си соцтармактарда жазылгандарга анализ жасап, тескерисинче, айыпталгандарды жана алардын жакындарын коркуткан билдирүүлөр жазылганын аныктаган.
Башкы тергөөчү Бастрыкиндин буйругу менен иш Москвага өткөрүлүп, айыпталуучулар "Бутырка" тергөө абагында камалат. Жабырлануучу алардан 5 миллион рубль өндүрүп берүү талабын коюп, сотко кайрылат.
Кийин Павловский колун согушта эмес, 2000-жылдары жоготкону, кийин эрежесиз мушташ жана тай боксу менен машыгып жүргөнү, мурда соттолгону белгилүү болот.
Согушка ыктыярчы катары кеткени аныкталат.
Мунчаванын адвокаты Павловскийди мен-менсингенди жакшы көргөн, жаңжал издеген адам катары сүрөттөйт. Анын айтымында, ишке Бастрыкин көңүл бурганы Павловский үчүн пайдалуу болгон.
"Анын жалгыз иштөө жолу — согуш. Акча таба турган башка мүмкүнчүлүгү жок", — дейт адвокат.
Тергөөчүлөр Павловскийди өлтүрүү аракет болгонун далилдей алышкан жок. Ардагердин аялынан башка эч кандай күбө табылган эмес. Башкы прокуратура ишти дээрлик бир жыл мурун, 2024-жылдын 5-июлунда тергөөгө кайра кайтарган.
Ошол эле күндөрү Павловский Геленджикте "бейадеп жүрүм-туруму" үчүн бир күнгө камалган.
"Башкы прокуратура колдо болгон далилдер, тескерисинче, Мунчава менен Лакашийдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок экенин көрсөтүп жатканын ачык айтты", - деди адвокат Исаченко.
2025-жылдын январында Мунчава менен Лакашия тергөө абагынан чыгарылган.
"Аялдар менен балдарды өлтүргөн": согуштан кайтып келген мурунку соттолгон кишинин айынан айылдаштары кантип түрмөгө түштү?
2023-жылдын жайкы түндөрүнүн биринде Забайкальенин Нерчинский Завод айылындагы борбордук аянттагы кафеде эки согуш майыбы — мурдагы "вагнерчи" Михаил Таскин жана мобилизацияланган аскер Сергей Елгин эс алып отурушкан. Экөө тең согушта бутунан ажыраган.
Таскин айылга күтүлгөндөн эрте кайтып келген. Ал 2019-жылы дал ушул аянтта мас абалында ок чыгарып, бир нече кишини өлтүрүп кое жаздаган. Ал 9 жылга кесилген болчу.
Ошол түнкү атышууга 18 жаштагы Анастасия Черткова жана 15 жаштагы Влад Александров күбө болгон. Таскин Владдын атасына мылтык кезеген. Биринчи ок атылганда атасы жерге жыгылып, өлгөн кишидей түр көрсөткөн. Уулу аны чын эле өлдү деп ойлогон. Соттун өкүмүндө "Таскин жердештерин өлтүрүү максатында ок чыгарып, ошол эле маалда ок аянттагы башка адамдарга да тийиши мүмкүн экенин түшүнүп турган" деп айтылган.
2023-жылы Влад Александров колледжде окуп, анын курбусу Анастасия Черткова музыка мектебинде иштеп жаткан. Ошол эле августтун түнүндө алар төрт жыл мурда өздөрүнө жана Владдын атасына ок аткан Таскинди ошол эле айылдын аянтынан кайра көрүшөт.
Ал жакта 27 жаштагы Сергей Пискарев жана 43 жаштагы Иван Зырянов да жүргөн.
Түн ичинде айылдаштар Таскин менен болгон эски жаңжалды эскерип, уруш чыгып кеткен.
Эртеси күнү маалымат каражаттары "атайын аскердик операцияга каршы көз караштагы мас кишилер бутунан ажыраган ардагерди сабап салышты" деп жазышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Александров, Пискарев жана Зырянов эки унаа менен Таскинди кууп жетип, сабап, анын футболкасындагы медалдарын жулуп алышкан жана унаасын талкалашкан. Алар Таскинди жана жанындагы адамды "киши өлтүргүчтөр" деп аташкан.
Бул окуя үчүн аларга саясий мүнөздөгү айып тагылып, "атайын аскердик операцияны жана ага катышкан аскерлерди дискредитациялоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Соттун өкүмүнө караганда, айыпталуучулар "атайын аскердик операцияга" каршы болуп, Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнү үчүн Таскиндин түрмөдөн эрте чыкканын жактырышкан эмес.
Өкүмдө мунун баарын алар "атайын аскердик операцияга" жана анын катышуучуларына болгон жек көрүүнү эл алдында көрсөтүү максатында жасашкан деп айтылган.
Айыпталуулардын жактоочуларынын айтымында, алар Таскинди согушка катышканы үчүн "аялдарды жана балдарды өлтүргүч" деп аташкан эмес. Жаңжал ал согуштан кайтып келген соң аянтта кыйкырып, "эми баарыңарды тизелетем" деп кыйкырганы үчүн чыккан.
Таскин менен чогуу жүргөн экинчи ардагерди эч ким урган эмес. Адвокаттар ээн жердеги түнкү чыр "коом алдындагы кемсинтүү" катары эсептелбей турганын белгилешет.
Окуя федералдык деңгээлде чуу жараткан. Депутаттар жана Забайкалье губернатору күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып, фигуранттардын туугандары соцтүйүндөрдө куугунтукталган. Ишти териштирүү үчүн айылга "вагнерчилер" келери айтылган.
Зыряновду сотко күч түзүмдөрү СИЗОдон колго көтөрүп алып келишкен: ал инсульттан кийинки абалда болгон, бирок камактан бошотулган эмес. Көп балалуу Пискарев тергөө абагынан фронтко кетүү үчүн келишим түзүүнү каалаганын айткан, бирок ал башкалар сыяктуу эле жаза алган.
Өкүм 2025-жылдын февралында күчүнө кирген. Үч киши "дискредитация" үчүн 4 жыл 10 айдан 5,5 жылга чейин, ал эми кыз аларга көмөктөшкөнү үчүн 1 жыл 10 айга кесилген.
"Адилеттүүлүк жок"
Петербургдун Каменка айылындагы 442-аскердик ооруканада согушта тапкан акчасынан ажырап калган Никита Хурса дарыланууда.
Анын согушка жарамдуу же жарамдуу эмес экенин аскердик-медициналык комиссия чечет.
"Жүрөгүмдө октун калдыгы бар. Согушканга болобу, ким билсин. Калдык нары-бери жылып кетпейби? Себеби ал жакта жүгүрүү керек", — дейт ал.
Хурса кайрадан фронтко жөнөтүлсө да таң калбайт:
"Бирөөнүн колу сындыбы, сөөгү сындыбы, баары бир "А" категориясын (согушка толук жарамдуу) беришет. Адилеттик жок. Бири ооруса деле, биринин колу, биринин буту жок болсо деле жиберишет".
Хурсаны бир жолу толук айыга электе эле фронтко кайра жөнөтүүгө аракет кылышкан:
"Эмнеге ыза болосуң, билесиңби? Менин полкумда бир жигит бутунун баш бармагын кесип алган, ага үч миллион берип, үйүнө кетиришти. Ал согушту көргөн эмес, бир эки күн гана болгон".
Жаракат алгандан кийин аны Петербургдагы 442-аскердик ооруканага алып келишкен. Комиссия мүчөлөрү ага "Г" категориясын (убактылуу жараксыз) беришкен.
"Командирге чалып, болгонун болгондой айтсам, 60 күнгө өргүү берди. Ал "Белгородго келип медициналык комиссиядан кайра өт" деп айтты. Барган соң мени алдап коюшканын түшүндүм. Ал жакта мени аскердик-медициналык комиссиядан өткөрүшпөйт экен", – дейт Хурса.
Хурсаны кайрадан согушка жиберүүгө аракет кылышкан. Ал баш тарткан. Анда "Матрос" деген каймана аты бар командир аны бакка байлатып, бычактын сабы менен башка уруп, видеого тартып: "ким бизге баш ийбесе, ушундай болот" деп айткан.
Эртеси күнү Никита Хурсанын бутуна 32 килограммдык чоюн таш байлашып, колуна автомат беришип, башка жарадарлар менен кошо УАЗ унаасына салып, ок атышуу жүрүп жаткан "алдыңкы сапка" алып барышкан. Ал жакта бир ай он күн кармалып, жарасы ириңдеп кеткен.
Ошол маалда Хурсанын аялы Оксана аскердик прокуратурага даттанган. Прокуратура командирге чала баштаган.
"Алар менден кутулуу үчүн тапшырмага жалгыз жөнөтүүнү чечишкен", — деп эскерет Хурса.
Ал тапшырманы аткаруудан баш тартканда, командири автомат менен коркутуп, акырында "жогол көзүмө көрүнбөй" деп кайра госпиталга жиберген. Ошентип, Хурса кайра Санкт-Петербургдагы ооруканага түшүп калган.
Согушка өз каалоосу менен барганын мурда ширетүүчү болуп иштеген Хурса акчанын тартыштыгы менен түшүндүрөт.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, ал Белая Калитвада жана Москвада бир нече жолу чакан насыя алган.
Хурса биринчи никесиндеги уулуна, жана эки баласы бар жубайы Оксанага жардам берүүнү көздөгөн.
"Батир да албайм окшойм, дайыма аялымдыкында жашап, күч күйөө болуп жүрө беремби? Урушуп кеттик да, Согушка кайра барайын деп чечтим. Мекенге жардам кылайын. Мен үчүн башка жол жок экен", — дейт ал.
Ал согушка акча үчүн гана барбаганын айтат:
"Уулум келерки жылы 18ге чыгат. Мен өткөн жолду ал баспаса экен дейм. Үйдө отуруп, окуса жакшы болмок".
Никита Хурса келишимге 2024-жылдын 3-июнунда кол койгон. Жубайы Оксана ал кезде күйөөсү эмне кылып жатканын түшүнгөн эмес деп эсептейт.
Кийинчерээк Оксананын уулу Глеб да аскерге кеткен. Ал алгач милдеттүү түрдө жоокердик милдетин өтөгөн, андан соң Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн. Азыр Запорожье багытында радиоэлектрондук күрөш бөлүгүндө кызмат өтөп жатат.
Никита Хурса сотко кайрылып, өзүн тоноп кеткен МАИ кызматкерлерин жазалоону суранган.
Бул арада Би-Б-Си согушка чейин Хурса өзү да 76 жаштагы аял менен анын небересин сабап, каракчылык үчүн эки жыл түрмөгө отурганын тастыктаган сот өкүмүн тапты.
Ал 2015-жылы эртең менен мас абалында мурда соттолгон таанышы менен бирге 5 миң рубль доо өндүрүү үчүн башка бирөөнүн батирине кирип барган.
Ал жакта жашы өтүп калган аял жана анын небереси болгон. Алар экөөнү тең сабашып, акча талап кылышкан, анан батирден 600 рубль турган эски телефонду алып чыгып кетишкен. Көп өтпөй полиция аларды кармап кеткен.
Жабырлануучулар көгала болуп, кыз моюн корсетин кийүүгө мажбур болгон. Кийин Хурса ага акча сунуштап, каршы көрсөтмө бербөөнү суранганы да белгилүү болгон.
Бирок Хурса күнөөсүн мойнуна албайт, баарына таанышы жооптуу экенин, мас болушканын, ошондон улам акмакчылыкка жол берилгенин айтат.
2016-жылы Хурсанын шериги 2,5 жылга кесилип, өзү шарттуу жаза алган. Бирок кийин мас абалда жүргөнү үчүн айып пулдар салынып, полицияны кемсинткени үчүн камалып, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган. 2019-жылы шарттуу жазасы чыныгы түрмө жазасына алмаштырылып, ал эки жылга колонияга жөнөтүлгөн.
Согуш башталганда Хурса Орел шаарында жашачу. 2023-2024-жылдары ал мас абалда коомдук тартипти бузганы үчүн бир нече жолу айыпталган. Сот анын спирт ичимдиктерине көз каранды экенин, туруктуу жашаган жери жок экенин белгилеген.
Армиядан кийин эмне кыларын Хурса өзү да билбейт:
"Мен бул жерге абдан көнүп калдым, бизде ынтымактуу команда бар, мен баары менен баарлашып турам. Болбосо көчөдө калам. Кимге керегим бар? Селсаяк болуп кетемби? Бир гана армия сактап, башкалка берет".
Оксана экөө эки жолго түшкөн.
"Мен аскер адамымын, ал катардагы жаран. Ал да жашагысы келет, бирок мен жанында жокмун. Биз урушпай-талашпай, жай гана эки башка жолго түштүк".
Материалды жазууга Анастасия Платонова катышты
Иллюстрация: Наталья Мака
Редактор: Анастасия Лотарева. Орус бийлиги Анастасия Лотареваны "чет элдик агенттердин" реестрине киргизген. Би-Би-Си бул чечимге каршы чыгып, сот аркылуу талашууда.












