"Мандатымды тапшыруу ниетим жок" деген Кундузбек Сулайманов депутаттыктан кетти

Сүрөттүн булагы, Official
Депутат Кундузбек Сулаймановдун ыйгарым укуктары расмий түрдө токтотулду. Борбордук шайлоо комиссиясы 23-февралдагы жыйынында Сулаймановдун мандатын алуу маселесин күн тартибине киргизип, тийиштүү чечим кабыл алды. Депутат мандатын тапшыруу тууралуу өзү арыз берген.
Кундузбек Сулаймановдун мандат маселеси өткөн жумада эле талкууга түшкөн. Бирок ал 18-февралда Би-Би-Сиге берген маегинде депутаттыктан кетүү ниети жоктугун кескин билдирген: "Мен муну кечээ маалыматтардан угуп калдым. Мага мандатты менин шайлоочуларым берген. 150 миң шайлоочунун ичинен 12 миңге жакын шайлоочу мага добуш берген. Эгерде мыйзамга ылайык ошолор кол чогултуп, ал колдор экспертизадан өтүп анан менин мандатымды алам дей турган болсо, макулмун. Болбосо башка ким алышы мүмкүн?. Ал үчүн же мен өлүшүм керек, же өзүм арыз жазышым керек. Болбосо кандайдыр бир кылмыш кылышым керек. Менин мандатымды тапшыруу ниетим жок".
Бирок Сулайманов 19-февралда "Мекенчил" тобунун лидерлигинен кеткенин жарыялап, ордуна жаңы гана депутат болуп келген Талант Мамытов шайланганын маалымдаган.
58 жаштагы Кундузбек Сулайманов 2021-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. Былтыркы парламенттик шайлоодо Жалал-Абаддагы №14 округунан депутат болуп шайланган.
Сулайманов акыркы 10 күндө эле өз каалоосу менен мандатынан баш тартканы айтылган үчүнчү депутат болуп калды. Биринчи болуп депутат Элдар Сулайманов мандатын тапшырган. Андан кийин Нурланбек Тургунбек уулу спикерликтен кетип, кийин мандатын да өткөрүп берди.
Быйыл 3-февралда президент Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоо системасына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү сындаган депутаттарды "популизмден алыс болууга" чакырган.
"200 киши чыгып, маселе көтөрүп, кыйкырып калса эле, микрофонду ээлей калып, эптеп ошол теманы көтөрүп, элге, шайлоочуларына жакшы көрүнүп калуу керек. Ал маселе туурабы же туура эмеспи, мамлекет үчүн пайдалуубу, зыянбы, уруп ойнобойт", - деген президен.
Буга жооп катары Кундузбек Сулайманов 4-февралда парламенттин трибунасынан чыгып, менчик автомектептердин маселесин көтөргөн депутаттардын аракети популизм эмес, элдин көйгөйүн жеткирүү экенин айтып, президенттин позициясына каршы пикирин билдирген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бүгүн болуп жаткан авария, адам өлүм – ойлондурат. Ар бирибизде каза таппаса да, жаракат алган, майып болуп калган тууганыбыз бар. Туура, ар бирибиз күйүп жатабыз. Биз микрофонду алганда өз оюбузду сунуштаган жокпуз, миңдеген шайлоочулардын сөзүн айтып жатабыз. "Керегем сага айтам, келиним сен ук" деп жатабыз. Элдин наарызылыгын көбөйтпөгүлө. Мамлекетте өсүү болуп жатат, бюджетибиз триллиондон ашты, сүйүнүп жатабыз. Бирок кеңеш берип, акылын айтып, мындай кылбасак болбой калды деген адамдар бул маселени туура эмес жакка алып баратат. Аткаруу бийлигине айта турган ким? Бизбиз. Туугандар, эч убакта этикадан чыкпасак. Мен бир дагы депутаттын аткаруу бийлигин "акмаксыңар" деп айтканын уккан жокмун. Силер элди ойлобогон бийлик болдуңар деп айткан жокпуз. Ооба, иш бар жерде кемчилик болот. Болбой койбойт, ошол кемчиликтерди түздөп койолу деген гана тариз", - деген Сулайманов.
Аны ошол кездеги спикер Нурланбек Тургунбек уулу да колдогон:
"Бир депутаттын сүйлөгөнүн одоно сындоо аброй алып келбейт. Себеби депутат элдин өкүлү. Депутаттын микрофону бар. Ошондуктан айт, көйгөйдү көтөр деп депутатка эл беш жыл мандат берди. Биз аткаруу бийлигин бардык маселелерде колдоп жатабыз, зарыл мыйзамдарды кабыл алып берип жататбыз. Ошол эле маалда депутаттык корпуска аткаруу бийлиги тарабынан сый мамиле болушу керек. Баарыбыздын көздөгөнүбүз ынтымак. Ошондуктан аткаруу бийлиги ушул сөздөрдөн жыйынтыгын чыгарат деп ойлойм. Парламент микрофону жок, мажирөө, баары боло берет деген мамилеге муктаж эмес".
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандеми ыдырагандан кийин - өткөн жумада Кундузбек Сулайманов президентке "Унаа" ишканасындагы реформа үчүн кайра ыраазычылык билдирген.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.
Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулгандан бери бир катар мамлекеттик кызматкер да иштен алынды же өз эрки менен отставкага кетти.
































