Манас шаарынын мэри алмашты

Сүрөттүн булагы, social media
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эрнисбек Ормоков калаа башчылыгынан бошотулуп, анын ордуна Абдупата Маткаликов мэр болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жаңы дайындалган мэр Абдупата Маткаликов 1964-жылы Жалал-Абадда туулган. Ал кесиби боюнча инженер-механик. 2020-жылы "Мекенчил" партиясы менен шайлоого барган. Ал эми 2021-жылы "Ишеним" партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, тизмеде 39-болгон.
44 жаштагы Эрнисбек Ормоков 2020-жылдан бери Манас шаарынын мэри болуп иштеп келе жаткан. Ормуков бир интервьюсунда Камчыбек Ташиев аны жана шаардык кеңештин төрагасын ынтымакта иштегиле деп урганын ырастаган.
Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы кызматынан бошотулгандан бери бир катар мамлекеттик кызматкер иштен алынды же өз эрки менен отставкага кетти.
Эки күн мурда Ош шаарынын мэри да алмашкан. Жеңишбек Токторбаевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мэр болуп барды.




























