"Ош шаарын жакшы билем". Жанарбек Акаев мэр кызматына киришти

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын эң ири экинчи шаары болгон Оштун мэри кайрадан алмашты. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шаардык мэриянын жамаатына жаңы мэр Жанарбек Акаевди тааныштырды. Бул кызматка бир жыл мурда гана дайындалган Жеңишбек Токторбаев кечээ кызматынан кеткен. Бүгүн мэрдин орун басарлары Адилет Шаршеналы уулу, Мирлан Казыбай уулу менен Сонунбек Жунусбаев да өз арыздарынын негизинде кызматтан бошотулганы белгилүү болду.
"Саясатка аралашпай иштегиле"
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 19-февралда шаардык мэриянын жамаатына Жанарбек Акаевди тааныштырып жатып, анын тажрыйбасына токтолду:
"Жанарбек Кубанычовичти өзүңүздөр жакшы тааныйсыздар. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп жаткан, көп жыл парламентте тажрыйба топтоду. Ош шаарында жасалып жаткан көптөгөн жакшы иштерди ийгиликтүү улантып кетесиз деп ишенем", - деди Касымалиев.
Ошондой эле Касымалиев муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге саясатка аралашпай иштөө талабын койду:
"Өткөндө бул жердеги коллегияда да айткам. Эң негизгиси саясатка аралашпай, өзүңөрдүн так функцияңарды аткаргыла".
Ал эми Жанарбек Акаев журналисттерге ачык болорун, Ош шаары менен бекем байланышы бар экенин белгилеп, өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти сезип турганын билдирди. Бул тууралуу ал мэр катары журналисттерге берген алгачкы маегинде айтты:
"Өлкө жетекчилиги атайын ишеним көрсөтүп, ушул кызматка сунуш бергенден кийин мен дароо макул болдум. Ош шаарында менин студенттик күндөрүм өткөн, Ош шаарын жакшы билем. Өлкө жетекчилигинин чечими ушундай болсо, мен барып колумдан келишинче иштеп берейин деп айттым. Бул абдан чоң жоопкерчилик. Өзүңүздөр билесиздер, Жеңишбек Токторбаевич дагы күн-түн дебей жакшы иштеди. Ал киши баштаган долбоорлорду улантабыз", - деди жаңы мэр.

Сүрөттүн булагы, Official
Жанарбек Акаев ишкерлерге өзгөчө колдоо көрсөтүү маанилүү экенин да айтты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кечээ президент мага ишкерлерге болгон мамилени түп – тамырынан өзгөрткүлө деп айтты. Аларга кыйноо, басым көрсөтүүнүн ордуна аларды салык төлөөчү катары, адамдарга жумуш ордун берүүчү катары карап, мамилебизди жакшы жагына өзгөртүшүбүз керек. Мындан тышкары, шаарга ички-тышкы инвесторлорду тартуу боюнча көп пландарыбыз бар. Ошондуктан мен сиздерден абдан жакшы бир колдооңуздарды сурайм", - деди мэр.
39 жаштагы Жанарбек Акаев президенттин маалымат катчысы жана журналист катары эмгектенген. Ошондой эле 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болду. Ал былтыр 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Ош облусундагы №8 шайлоо округунан шайланган. Ошондуктан ага жаңы гана депутат болгондон кийин мэр болуп кетип жатканы боюнча да суроо берилди:
"Бул дагы мени ойлонтту, чынын айтканда. Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу райондорунан абдан жакшы колдоо алганбыз. Бул дагы элдин ишеними. Азыр эми мени шайлаган адамдардын баары эле "кубануу менен кабыл алдык" деп жатышат. Мага чоң үмүт артып турушат. Жеңиш Токторбаевдин иштеген темпин билесиздер. Анын ордун басуу кыйыныраак. Кечээ өлкө жетекчилиги дагы "жашырак, энергиялуу, тың, эң негизгиси баскан жолу таза, колу булганбаган болсун" деген талаптарын койду. Ошон үчүн мен Ош шаарына келип отурам".
Жеңишбек Токторбаевдин кызматтан кетиши жана анын ордуна Жанарбек Акаевдин дайындалышы кызуу талкууланууда.
"Шаардыктардын, элдин алдында жүзүбүз жарык. Анткени бизге берилген тапшырманы дээрлик 200 пайыз аткардык", - деди Жеңишбек Токторбаев.
Токторбаевдин ишмердиги
Ош шаарында акыркы беш жылда бул төртүнчү мэрдин алмашышы болуп жатат.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин үзөңгүлөшү саналган Токторбаев кызматтан кеткени боюнча азырынча комментарий бере элек.
Ал бир күн мурда эле Би-Би-Синин суроолоруна учкай жооп берип, иштен кетүү тууралуу ниети жоктугун ишарат кылган.
Токторбаев бул кызматта бир жыл бир айга чукул гана отурду. Ал былтыр 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты кезде Ош шаарынын башчысы болуп дайындалган.
58 жаштагы Токторбаев кызматына киришкенден кийин таң эрте шаардын көчөлөрүн кыдырганы, күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзгөнү, жолдорду кеңейтүү үчүн мыйзамсыз курулуштарды сүрдүргөнү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Андан тышкары анын айрым кызматкерлерди кескин сындаган сөздөрү коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштаган.
Ал саясий чөйрөдө Ташиевдин тарапташы катары сыпатталып келген жана бир нече күн мурдагы маектеринин биринде мурдагы башкы чекисттин кадры экенин четке каккан эмес.
"Мен ошол кишинин кадры болом. Ал киши менин досум болот", - деп айткан Токторбаев.
Былтыр июль айында УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Токторбаев жакшы иштеп жатканын айтып, ага президенттин атынан автоунаа белек кылган.
Андан эки жарым ай өтпөй президент Садыр Жапаров Токторбаевге катуу сөгүш берген. Расмий тескемеде Токторбаев "эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы" белгиленген.
Маалымат каражаттары сөгүшкө мэрдин "Ош-Сити" комплексине барган учурдагы жүрүм-туруму себеп болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Анда Токторбаев курулуштагы мүчүлүштүктөрдү сынга алып, комплекстин жетекчилерин толугу менен "УКМКга жазып", сыртка чыгууга тыюу салуу керектигин айткан эле.
Токторбаев Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан сегиз күн өтпөй иштен кетип жатат.
10-февралда президент Садыр Жапаров өзүнүн узактан берки саясий үзөңгүлөшү, досу Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткон. Германияда дарыланып жаткан Ташиев бул чечим "күтүүсүз" болгонун айткан. Ал 13-февралда Кыргызстанга кайтып келип, кайра 17-февралда өлкөдөн "убактылуу" чыгып кеткен.
































