Мурдагы канзаада Эндрю камакка алынды

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Би-Би-Синин маалыматына караганда, Улуу Британияда падыша Чарльз IIIнүн бир тууганы Эндрю Маунтбеттен-Виндзор камакка алынды. Ал буга чейин Жеффри Эпштейн менен болгон байланышы үчүн бардык наамдарынан ажыратылган болчу.
Полиция аны расмий кызматтарды ээлеп турганда аларды кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен камакка алды.
Бейшемби күнү эртең менен сүрөттөр жарыяланды, алардан Маунтбеттен-Виндзор жашаган Түндүк деңиз жээгиндеги Норфолк графтыгындагы Сандрингем үйүнүн жанында автоунаалар чогулганын көрүүгө болот.
Британ полициясы ушул аптада мурдагы канзаада Эпштейнге жашыруун материалдарды берип турган деген арызды текшерип жатканын билдирген болчу.
АКШда Эпштейндин иши боюнча жарыяланган көптөгөн документтерге караганда, Эндрю Эпштейнге Сингапурга, Гонконгго жана Вьетнамга сапарлары тууралуу отчетторду жана инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу жашыруун маалыматтарды берип турган.
Ушундан кийин монархияга каршы Republic уюму Темза өрөөнүнүн полиция бөлүмүнө (Бакингемшир, Беркшир жана Оксфордшир) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик сырды бузуу боюнча шектенүүлөрдү иликтөө өтүнүчү менен кайрылган.
Бейшембиде 66 жашка толгон Эндрю анын дарегине айтылып жаткан бардык айыптарды бир нече жолу четке кагып, мыйзамга каршы иштерди жасабаганын ырастап келет.
Октябрда падыша бир тууганы Эндрюну ханзаада наамынан жана дагы башка болгон наамдардан ажыраткан эле. Ал эми мунун алдында Эндрю Йорк герцогу титулунан өз ыктыяры менен баш тарткан. (ZMa)
































