"Конвой менен келди". Талапкерликтен баш тарткан Жунусалиев үй камагына чыкты

рамис

Сүрөттүн булагы, courtesy

    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Көк бөрү федерациясынын мурдагы башчысы, 2025-жылы парламенттик шайлоодо №19 округдан талапкер болгон Рамис Жунусалиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жакындары жуманын кечинде Би-Би-Сиге билдиришти.

8-апрелде депутаттык мандатын тапшырган Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна №19 шайлоо округунан тизме боюнча кийинки турган Рамис Жунусалиев депутат болушу мүмкүндүгү айтылган. Бирок 10-апрелде Жунусалиев талапкерлигин алып салуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Жунусалиевдин талапкерлигинен баш тартуу боюнча арызы канааттандырылганын Би-Би-Сиге тастыктаган.

"Рамис Жунусалиев конвойлор менен БШКга келип, талапкерлигин алып салуу боюнча арызын таштап кетиптир. Биз канааттандырып бердик", - деди Жылкыбаев.

Жунусалиев иш жүзүндө мандаттан баш тарткандан кийин парламенттеги бош орунга ким келери азырынча белгисиз. Бул округдан көп добуш алгандардын тизмесинде кийинки орунда Улан Сариев турат.

34 жаштагы Абдылдабек Эгембердиев Кыргызстандагы соңку саясий окуялар маалында мандатын тапшырган тогузунчу депутат болуп калды. Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан алынгандан кийин парламенттин төрагасы баш болуп, кеминде сегиз эл өкүлү мандатын тапшырып кеткен эле.

Дээрлик баары "өз каалоом менен" деп арыз жазганы менен, бир да депутат эмне себептен кетип жатканын так жана ачык түшүндүрө элек. Бирок коомчулук алардын чечимин 75 кишинин каты менен байланыштырып жатат.

Ошентсе да бул каттан кийин соц тармакка мандатын тапшырат делген депутаттардын тизмесинде Абдылдабек Эгембердиевдин ысымы жок болчу. Азырынча ал өз чечими боюнча үн ката элек.

Эгембердиев №19 Сокулук округунан 5316 добуш менен шайланып келген. Анын ордуна 4 767 добуш менен тизмедеги кийинки талапкер, Көк Бөрү федерациясынын мурдагы президенти, учурда тергөө абагында жаткан Рамис Жунусалиев келиши мүмкүн эле.

Узарбек Жылкыбаев, БШКнын мүчөсү

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Узарбек Жылкыбаев, БШКнын мүчөсү

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев кечээ Би-Би-Сиге Рамис Жунусалиевден арыз келип түшө электигин билдирген. Ал буга чейин Чыңгыз Айдарбековдун соттуулугу тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымат суралгандай эле, Жунусалиев боюнча дагы ИИМден расмий маалымат күтүшөрүн кошумчалаган.

"Рамис Жунушалиевден арыз келип түшө элек. Бирок анын дагы соттуулугу тууралуу ИИМге сурам кат сөзсүз жөнөтөбүз. Буга чейин шайлоого чыгып жатканда ага "иш козголуп, сотко өттү" деген маалымат келген. Бирок соттун чечими жок болчу. Эгер соттун чечими болуп же кылмыш ишин актабай турган негиздер менен кыскартылды деген соттун чечими болсо, анда ал талапкер депутат боло албайт" , - деген Узарбек Жылкыбаев.

Рамис Жунусалиевдин жакын тарапташы Рамис Жайлымышов тергөө амалдары жүрбөй, талапкерге карата соттун чечими жок экенин айткан.

Рамис Жайлымышов, Рамис Жунусалиевдин тарапташы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рамис Жайлымышов, Рамис Жунусалиевдин тарапташы

"Жеке иштер менен камалып калды. Окуя 23-декабрда болгон. Андан бери тергөө амалдары да жүргөн жок. Күнөөлүү деген соттун чечими да жок. Февралдын аягына чейин деп эки айга камакка алынган. Анан өткөндө февралдын аягында кайра эки айга созуп коюшту. Жунусалиевдин күнөөсү жок. Ал депутат болууга мыйзамдуу укугу бар. Эгер тергөө амалдары жүрүп, соттун чечими менен ал күнөөлүү деп табылса, депутат боло алмак эмес", - деген Жайлымышов.

Былтыр жылдын аягында Улуттук коопсуздук комитети ошол кездеги Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып камалганын билдирген.

Маалыматка ылайык, Жунусалиев УКМКдагы байланыштары бар экенин айтып, бир компаниянын жетекчисин "текшерүүлөрдөн коргойм" деп ишендирип, 390 миң доллар алган.

Рамис Жунусалиевдин кармалган учуру

Сүрөттүн булагы, courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рамис Жунусалиевдин кармалган учуру, 2025-жыл, декабрь

Ага Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Рамис Жунусалиев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2023-жылы октябрда шайланган.

Чыңгыз Айдарбеков

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чыңгыз Айдарбеков

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча мандатын тапшырган Куванычбек Конгантиевдин ордуна келе турчу Чыңгыз Айдарбековго мандат тапшырыла элек. БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Би-Би-Сиге Айдарбеков боюнча Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатышканын айткан.

Ал арада соцтармактарда Чыңгыз Айдарбековдун буга чейинки айдым иштери тууралуу терс маанайдагы видео жарыяланган.

Кийин Айдарбеков бул боюнча билдирүү жасап, ага карата соттун чечими жоктугун айтып, БШКны сынга алган эле. Көп өтпөй, Айдарбеков ИИМде сурак берип чыкканы белгилүү болгон.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.