Дарыгер: октон башына жаракат алган жоокердин абалы оор

вав

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстрация. Сүрөттүн окуяга тишеси жок.
Окуу убактысы: 1 мүнөт

"Эркештам" көзөмөл-өткөрүү пунктунда кызмат өтөп жатып, башынан октон жаракат алган 22 жаштагы жоокердин абалы тууралуу Алай райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Дайыр Адыров Би-Би-Сиге маалымат берди. Анын айтымында, аларга жоокер 7-апрель күнү кечки саат 20:55 чамасында түшкөн.

"7-апрель күнү, кечки саат 20:55тер чамасында биздин Нура айылындагы филиалга башынан октон жаракат алган 22 жаштагы аскер кызматкери жеткирилген. Ал жерде биздин дарыгерлер дароо биринчи жардам көрсөтүп, дароо тез жардам бригадасы менен Гүлчө шаарындагы ооруканага жөнөтүлгөн. Биз Ош облустук ооруканасынан санавиация аркылуу кошумча дарыгерлерди алдырып, алар менен биргеликте түндө шашылыш түрдө операция жасалган. Бирок алган жарааты оор болгондугуна байланыштуу учурда Алай райондук жалпы практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүндө оор акыбалда жатат. Учурда акыбалы абдан оор деп бааланууда", - деп билдирди Дайыр Адыров.

Буга чейин "Эркештам" өткөрүү пунктунда кызмат өтөп жаткан аскер өзүн-өзү атып алганы тууралуу Аскер прокуратурасы маалымат берген. Прокурордун улук жардамчысы Эмир Бекжановдун айтымында, окуяга укуктук баа текшерүүнүн жыйынтыгы менен берилет. Ошондой эле ал баштапкы маалыматтар боюнча жоокердин өзүн-өзү атып алганы аскер кызматына түздөн-түз байланыштуу эмес экенин кошумчалаган.

Чек ара кызматы маалымат таратып, 2004-жылы туулган И. уулу А. аттуу аскер кызматкери АК-74 автоматы менен өзүн-өзү башка атканын билдирди. Учурда окуянын себептери жана чоо-жайы иликтенүүдө.