Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамагенттиктин директору болуп дайындалды

Сүрөттүн булагы, Social media
Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Эудард Кубатов Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.
Кубатов буга чейин Альпинизм федерациясынын президенти катары таанымал эле.
Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүү тууралуу жарлык быйыл 31-мартта чыккан. Жаңы түзүм Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле аталган министрликтин туризм чөйрөсүндөгү тиешелүү функцияларынын негизинде түзүлдү. Буга байланыштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы да өзгөртүлгөнү кабарланган.
Эдуард Кубатов бир канча жыл атайын кызматта иштеген.
Ал 2016-2019-жылдары Кыргызстандын "Центерра голд" компаниясынын директорлор кеңешиндеги мүчөсү болгон.
2021-жылы Кумтөр иши Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкканы да кабарланган.
2024-жылы Эверестти багындыргандан кийин Кубатов Садыр Жапаровдун кабылдоосунда да болгон.
Эдуард Кубатов былтыр сентябрда Кыргызстандын өнүгүүсү тууралуу пост жазып, анда Садыр Жапаровду Кыргызстандын жаңы архитектору атаган.
































