75 кишинин кайрылуусу: алты киши 10-июнга чейин камакта калды

Сүрөттүн булагы, Official
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ИИМдин Тергөө кызматынын өтүнүчүн канааттандырып, 75 кишинин кайрылуусу боюнча камалган алты кишинин камактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Соттун 6-7-апрелиндеги токтомдоруна ылайык, айыпталуучулар 10-июнга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинде кармалат.
Бул иш боюнча кармалгандардын арасында саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов да бар экени белгилүү болду. Анын да камактагы мөөнөтү сотун чечими менен 10-июнга чейин узартылган. Бакытбек Жумагулов бул иштеги ролу тууралуу маалымат жок. Ал кайрылууга кол койгон 75 кишинин арасында болгон эмес. Бакытбек Жумагулов акыркы жылдары өзүн Евразия стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору катарып тааныштырып келген жана коомдук-саясий окуялар тууралуу пикирин айтып жүргөн талдоочулардын бири катары белгилүү.
9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.
Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.
ИИМ 9-февралда интернетте тараган маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, алты киши кармалган. Алар - экс-вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев жана экс-депутаттар Аалы Карашев жана Курманбек Дыйканбаев, Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар "массалык башаламандыктар" жана башка беренелер боюнча шектелүүдө.
Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.
Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.
Дал ушул 75 кишинин каты беш жылдан бери бекем деп саналып келе жаткан Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себепчи болгону айтылып келе жатат.
Анткени кат жарыялангандан кийин бир күндөн соң, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.






























