Мунай менен газдын доору бүтүп баратабы? Трамптын Иран менен согушу жалпы планетада электрлештирүү процессин тездетти

ЛЭП

Сүрөттүн булагы, Reuters

    • Author, Алексей Калмыков
    • Role, Би-би-си
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Дональд Трамп электромобилдерди жактырбайт жана жел тегирмендерди жек көрөт. Ал АКШда жашыл энергетикага тыюу салууга аракет кылып, америкалык мунайчыларды туш тараптан колдоп келет. Анткен менен, дал ушул Трамптын иш-аракетинин натыйжасында жашыл келечек дүйнө жүзү боюнча мунай менен газдын үстүнөн акыркы жеңишке жетчүдөй болуп турат.

Трамптын Иран менен согушу буга чейинки бардык кризистерди чаңында калтырып, жаңы энергетикалык кризиске себепчи болду. Бул кризистен пайда көрүп жаткан өлкөлөр да бар. Бул мамлекеттер Орусия Украинага бастырып киргенде жаралган кризистен жыйынтык чыгарып, өз убагында электромобилдерге жана күн энергиясына инвестиция салышкан.

"Жашыл революциянын" лидерлери – Кытай жана Европа Биримдиги.

Кытай дүйнөлүк фабрика болгондуктан, энергетика ресурстарынын импортуна көз каранды. Ошол себептен Кытай дүйнөдөгү мунайдын жана газдын ири өндүрүүчүсү болгон АКШ менен дүйнөлүк экономикалык үстөмдүк үчүн кармашта жеңишке жетишүү үчүн энергетикалык көз карандысыздыкка умтулуп келет.

Евробиримдикке болсо, согуш башталганга чейин энергетика ресурстарынын эң ири көлөмүн Орусия жеткирип турчу. Украинага кол салганда Орусия мунай менен газды Европага саясий жана экономикалык кысым көрсөтүү үчүн пайдаланууга аракет кылган.

Энергиянын булагы катары мунай менен газдан шамалга жана күнгө өтүүнүн натыйжасы олуттуу болду. Орусия Украинага бастырып киргенден кийин газдын баасы саатына 1 мегаватт үчүн 300 еврого жетсе, АКШ Иранга кол салгандан кийин Европада газдын баасы болгону 30 евродон 50 еврого чейин гана көтөрүлдү.

Ал эми Кытай газ жана мунай үчүн ашыкча төлөбөгөндөн тышкары, орусиялык суюлтулган газды Жапонияга өтө кымбат баада кайра сатууда – себеби дүйнөлүк кризиске карабастан Кытайда энергия жетиштүү.

Мунун баарына күн батареялары, жел тегирмендери жана ГЭСтер сыяктуу кайра жаралуучу булактардын жардамы менен жетүүгө мүмкүн болду. Буга автотранспорттогу ыңкылап да кошулду.

Электромобилдер канча мунайды үнөмдөп жатышат?

Кытай электромобилдерге жапырт өтүп, алардын планетадагы негизги экспортеру болуп калды.

2021-жылга салыштырмалуу Кытайда электромобилдер өткөн жылы төрт эсе көп сатылып, дүйнөдөгү сатуу көрсөткүчү өтө жогору болду.

Женщины рассматривают электромопеды в пакистанском автосалоне

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Электромопеддер – Азияда автотранспортту электрлештирүүнүн кыймылдаткыч күчү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Транспортту электрлештирүүнүн мунай кризисине тикелей тиешеси бар. BloombergNEF'тин серепчилеринин эсебинде, электромобилдерге өтүү менен дүйнө жалпысынан өткөн жылы күнүнө 2,7 миллион баррель мунай үнөмдөп келген. "Төрт жылдын ичинде жалпы үнөмдөө дагы эки эсе көбөйөт",-дешет серепчилер.

Салыштыруу үчүн айта турган болсок, Иран Ормуз кысыгын бөгөттөгөндүктөн дүйнө согушка чейин керектеген мунайдын 105 миллион баррелинин 10-12 миллионун жоготту. Башкача айтканда, эгерде АКШнын Иран менен согушу Орусия Украинага кол салган маалда башталганда, таңкыстык андан да олуттуу болуп, баалар алда канча көтөрүлмөк.

Бул статистиканы экинчи жагынан да караса болот: Батыш өлкөлөрү мунай шогунан кийин анын ордун толуктоо үчүн стратегиялык запастарда сакталып жаткан мунайды сатууну чечишкен, мындай жаңы тарыхта такыр болбогон көрүнүш. Интервенциялардын жарыяланган көлөмү 4-5 айдын ичинде күнүнө болжол менен 3 миллион баррелди түзгөн.

Эгерде электромобилдер болбосо, анда эки эсе көп сатууга туура келмек, ал эми муну экспорттук инфраструктурага киргизилген чектөөлөрдөн улам физикалык жактан жасоо мүмкүн эмес. Ушундан улам мунай азыр мындан да кымбатыраак болмок.

Газ менен коштошуу

Кытай электромобилдерге өтүп, Гоби чөлүнө күн панелдерин орнотту. Ал муну энергетикалык коопсуздук себептеринен улам – Жакынкы Чыгыштан, ошондой эле Орусиядан, Австралиядан жана АКШдан мунай импортуна азыраак көз каранды болуу үчүн жасады. Европа да өз убагында Орусиянын мунай жана газ көз карандылыгынан кутулуу үчүн дал ушундай кылган эле.

Бирок, бара-бара геосаясий пландардын ордуна экономикалык пландар гана келди: энергиянын кайра жаралуучу булактары арзандап, жеткиликтүү болуп калды. Дотацияларсыз жана субсидияларсыз да жел тегирмендери, батареялар жана электромобилдер отунга жана транспортко жакшы альтернатива боло алары далилденди.

Солнечная ферма в пустыне Гоби

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гоби чөлүндөгү күн фермасы

2021-2022-жылдары Орусия баштаган энергетикалык кризистен бери күн панелдери жана жел тегирмендери 20 пайызга арзандап, ал эми алардын натыйжалуулугу кыйла жогорулады. Азыр аларды куруп, ишке киргизүү көмүр жана газ менен иштеген же гидро- жана өзөктүк электростанцияларга караганда женил, тез жана арзан болуп калды.

Жел тегирмендери жана күн панелдери башында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштүн символу болгондуктан, көпчүлүк өлкөлөр кайра жаралуучу булактарга көп акча сарптап өтүүгө умтулган эмес. Көптөр кир көмүрдөн таза күнгө жана шамалга өткөндүн ордуна көмүрдү эмес, жаратылыш газын колдонуу кыйла экологиялык болот деп ойлошкон.

Жакынкы Чыгыштагы жаңы согуш бул стратегия күмөндүү болгонун тастыктады. Согуш башталганда Иран Ормуз кысыгын бөгөттөп салды, ал эми бул кысык аркылуу Катар дүйнөлүк рынокко жаратылыш газынын болжол менен 20 пайызын жеткирип турчу. Эми болсо буга чейин Катардын газын керектеп келгендер газдын жоктугунан кайрадан көмүргө өтүп жатышат, себеби көмүрдү импорттоонун кажети жок.

Бирок кайра жаралуучу булактарга өтүүнүн жалпы стратегиясы өзгөргөн жок. Болгону тактика гана өзгөрдү.

"Өткөн кризисте негизинен Европа жапа чеккен, ал эми бул жолу кризис бардыгына таасир этти. Эми көптөгөн өлкөлөр газга өтчү мезгилди өткөрүп жиберип, энергиянын балансында көмүрдү сактап калуу менен түз эле энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү чечиши мүмкүн", - дейт Колумбия университетинен Энн-Софи Корбо.

Ким төлөйт: бардыгы чогуубу же ар бири өз-өзүнчөбү?

"Тыянак айкын: газ өндүрүүнүн ордуна энергиянын кайра жаралуучу булактарын тандаган өлкөлөр мунай менен газга баанын өсүшүнөн анчалык деле жабыркабайт", - деп жазышат Bruegel европалык изилдөөлөр борборунун эксперттери.

Аудионун түшүндүрмөсү, Война в Иране: Россия заработает на газовом кризисе?

Бирок, "жашыл" технологиялар экономикалык жактан жагымдуу боло баштаганда, бийлик дотацияларды токтотуп, энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү процесси жай жүрө баштаган.

Bruegel кризис басаңдаган сайын субсидиялар кантип жоголорун мисал келтирди: "2022-2023-жылдары газдын баасы электр энергиясына болгон баадан ашып түшкөнү менен, бүткүл Европа боюнча жылуулук насосу өтө көп сатылды, ушундан кийин 2024-2025-жылдары өсүш ыргагы басаңдагандай болду. Ошондо Еврокомиссия жылуулук насосторун орнотуу планын токтотуп койгон".

Анан эле жаңы көйгөй ортого чыкты – бул Жакынкы Чыгыштагы согуш. Бул согуш мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселесин күн тартибине кайтарды.

"Учурдагы энергетикалык кризис 1970-жылдары болгон мунай кризисинен ашып түшүүгө жөндөмдүү. Ошол жылдардагы кризис энергиянын альтернативалык булактарына өтүүгө катализатор болуп берген", - деп эсептейт Ак үйдүн мурдагы улук кеңешчи, ал эми учурда Колумбия университетинде иштеген Жейсон Бордофф.

Айрым өлкөлөр "жашыл ыңкылапты" кууп жетүү үчүн реформалар болорун жарыялай башташты.

Мисалы, Улуу Британияда ушул кезге чейин Германияда, Непалда жана башка өлкөлөрдө эркин сатылып жүргөн көчмө күн панелдерине тыюу салынган болчу. Панелди балконго же чатырга илип койсо болот, аны үйдөгү розеткага сайса, ал электр энергиясын иштеп чыгып, тармакка түшкөн жалпы жүктү азайтат.

Бирок эми Иран Ормуз кысыгын жаап, мунай менен газдын баасы кымбаттаганда британ бийлиги оюн өзгөртүп, тыюуну алып салууга убада берип, супермаркеттер менен макулдашты – эми алар көчмө күн панелдерин ташып келип, сата алышат. (ZMa)