Украина, Орусия жана АКШ тынчтык маселелерин талкуулашты, бирок согуш аягына чыкчудайбы? Женевадагы сүйлөшүүлөр тууралуу Би-Би-Синин репортажы

Протестующая держит плакат во время нового раунда переговоров между представителями России, Украины и США в Женеве 17-18 февраля 2026 года

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

    • Author, Елизавета Фохт
    • Role, Би-би-си Орус кызматы
    • Reporting from, Женева, Швейцария
    • Author, Святослав Хоменко
    • Role, Би-би-си Орус кызматынын Украинадагы аймактык кабарчысы
    • Reporting from, Женева, Швейцария
  • Окуу убактысы: 7 мүнөт

Үч делегация, европалык дипломаттар менен бейрасмий баарлашуулар, ондогон журналисттер жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу аз-маз билдирүүлөр - Орусия, Украина жана АКШнын Женевадагы эки күндүк сүйлөшүүлөрү ушундай шартта өттү. Сүйлөшүүлөргө катышкан адамдар бейрасмий маектерде делегациялар согуш токтогондон кийин эмне болоруна байланышкан маанилүү техникалык деталдарды талкуулоодо жылышка жетишкенин айтышты. Бирок согушту аяктоо боюнча саясий чечим кабыл алуу жагына келгенде, талкуу оорлоп кетти.

2025-жылдын күзүндө АКШнын согушту токтотуу шарттары боюнча сунуштарынын долбоору ачыкка чыгып кеткенден кийин тараптар мындан аркы талкууларды мүмкүн болушунча ЖМК үчүн жабык форматта өткөрүүгө макулдашышкан. Бул себептүү 2026-жылдын февраль айынын башында Абу-Даби шаарында өткөн Москва, Киев жана Вашингтон үч тараптуу сүйлөшүүнүн биринчи раунду дээрлик жашыруун шартта өткөн.

2026-жылдын17–18-февралында Женевада өткөн сүйлөшүүлөр башкача уюштурулду. Жолугушуунун орду алдын ала жарыяланды жана ал кымбат баалуу InterContinental Geneva мейманканасында өттү. Бул мейманканага делегациянын айрым мүчөлөрү да токтошкон. Сүйлөшүүлөрдү чагылдырууга келип, ушул мейманкананы тандаган журналисттер мында сүйлөшүүлөргө формалдуу катышпаган европалык дипломаттарды көрүшүп таң калып жатышты.

Мисалы, сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндөгү таңкы тамак маалында АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф Британиянын премьер-министринин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жонатон Пауэлл менен баарлашты. Женевага европалык дагы бир нече өлкөлөрдүн дипломаттары келишти.

Украин делегациясы үчүн бул маанилүү жагдай. Биринчиден, Европанын борбор шаарларында соңку айларда Украинада согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө Европа катышпай калганынан тынчсыздануу айтылып жаткан. Бул маселе аталган континенттин коопсуздугун да камтыгандыктан алар үчүн бул маанилүү.

Экинчиден, Киевдин пикиринде, сүйлөшүүлөрдө европалык өкүлдөрдүн болушу Украинанын турумун күчтөнтмөк, себеби Вашингтондон ага айрым нерселерге макул болууга басым жасалууда.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдү чагылдууруга ондогон кабарчылар келишти эле, бирок алардын көбүн мейманкананын лоббисине да өткөрүшкөн жок. Эки күн бою журналисттердин көбү жаандан качып пресс борборду баш калкалап жатышты. Ал сүйлөшүүлөр өткөн мейманкадан жарым километр алыстыкта жайгашты. Журналисттер ошондой эле мейманкана алдындагы чатырларда болушту, аларга уюштуруучулар чай алып келип берип атышты.

Бир нече кабарчыны сүйлөшүүлөрдүн расмий башталышын тартып алууга чакырышты.

Сүйлөшүүлөрдүн башында делегациялар - Орусия тараптан Владимир Мединский, Украина тараптан Коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеров, АКШ тараптан Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер улуттук желектердин тушунда сүрөткө түшүштү. Андан кийин басма сөз өкүлдөрүн залдан чыгарып ийишти.

Сүйлөшүүлөр өткөн Intercontinental мейманканасынын алдындагы журналисттер

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүйлөшүүлөр өткөн Intercontinental мейманканасынын алдындагы журналисттер

Аскерлер "дээрлик бардык маселелер боюнча макулдашты"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си делегациянын айрым катышуучулары менен маектешип, сүйлөшүүлөр жарым сааттан ашык эмес убакытка созулганын билди.

Андан кийин катышуучулар эки топко бөлүнүшкөн, көмүскө талкууларда аларды "саясий" жана "аскерий" деп аташты.

"Саясий" топтун өкүлдөрү согушту токтотуунун шарттарын, мисалы Донбасстын аймагы эмне болот деген маселени карады. Орусия бул аймакка көз артып, Украина болсо аны берүүгө караманча-каршы болууда. Ошондой эле бул топ коопсуздук кепилдигин карады.

"Аскерий" группанын өкүлдөрү көбүрөөк техникалык маселелерди карады. Мисалы, эгер тараптар согушту токтотуу боюнча саясий чечим кабыл алышса, талап кылынчу чаралар кандай болот деген маселе талкуу болду.

Украина тараптагы Би-Би-Синин булагы так ушул багыттарда сүйлөшүүлөрдө мунаса табылганын айтып берди.

"Саясий чечим бышып калгыча "Аскерлер аскерлер менен“ деген форматта көптөгөн техникалык маселелер чечилиши керек, - деп түшүндүрдү Би-Би-Синин булагы. - Ок атышууну токтотуу, күчтөрдү ажыратуу, мониторинг жана текшерүү механизмдерин иштеп чыгуу жана башка маселелер бар. Азыр бул формат абдан жакшы иштеп жатат".

Согуштун жана тынчтыктын фундаменталдык маселелерин "саясий" топ талкуулап жатат, бирок Би-Би-Синин булагы "аскерий форматтын" маанисин жокко чыгарбаш керек дейт.

"Эгер "Аскерлер аскерлер менен“ тобу тийиштүү чечимдерге келбесе, кандай альтернатива болот, элестеткиле. Саясий чечимди кабыл алышты, андан кийин аскерлер болгон күчү менен дагы канчага иштеши керек болот. Аны бир Кудай билет", - деп түшүндүрдү ал.

Башкача айтканда, эгер эки өлкө лидерлери деңгээлинде согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу чечим кылынса, аны ишке ашыруу "жеринде" жүрөт, мисалы ок атышууну токтотууга мониторинг, аскерлерди кайтаруу жана башка ушул өңдүү иштерди болушунча тез ишке ашырса болот. Муну Би-би-сиге украин делегациясынын ичиндеги дагы бир башка булак түшүндүрүп берди.

Украин президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөрдүн соңунда аскерлер "дээрлик бардык маселеде келишишкенин" билдирди. АКШ тарапты бул сүйлөшүүлөрдө Кургактагы аскерлердин министри Дэниел Дрисколл жетектеди. Зеленскийдин айтымында, жолугушууда АКШ тараптан позитивдүү белги болду, ал болушу мүмкүн элдешүүгө көзөмөлдү камсыздоого даярдыгын билдирди.

Протестующие держат плакаты и украинские флаги во время нового раунда переговоров между представителями России, Украины и США в Женеве 17-18 февраля 2026 года.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Коопсуздук кепилдиктерин камсыздоодо Украина үчүн Европанын ролу кандай болот мурункудай эле бүдөмүк болууда.

Бир жагынан Киев "Калоочулар коалициясы" менен интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алар тынчтыкка келүү чечими кабыл алынгандан кийин, Украинанын аймагында Европадан аскерлердин болушун жакташат.

Экинчи жагынан, Москва Украинада НАТОнун аскерлерлинин болушуна караманча-каршы. Бул тууралуу Вашингтондун туруму бир беткей эмес. Америкалык администрациянын бул туурасында бири-бирине кайчы билдирүүлөрү бар.

Ак үйдүн басма сөз кызматкери Кэролайн Ливитт Женевадагы сүйлөшүүлөрдө прогресс болгонун айтты.

Журналисттер орус жана украин делегацияларына салыштырмалуу америкалык делегациянын мүчөлөрүн лоббиден дагы кармай алышкан жок.

Делегациянын негизги өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер расмий жолугушууларга биринчи күнүнө гана катышты. Сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүндө америка тараптын эң жогорку даражалуу америкалык өкүлү Дэниел Дрисколл болду.

Жолугушуунун алдында АКШ президенти Дональд Трамп Украина "тезирээк сүйлөшүүгө барышы керек" деген эле. Киев болсо Владимир Зеленский аркылуу согуштун аякташына эң кызыкдар тарап алар экенин, америкалык сунуштардын дээрлик баарына макул болуп жаткандарын, процессти Москва создуктуруп жатканын билдирген.

Сонку айларда Киев менен Вашингтон согуш аяктагандан кийин АКШ Украинага бере ала турган коопсуздук кепилдиктери боюнча пакетти активдүү талкуулап келишти. 2025-жылдын декабрында Берлинде өткөн кеңири сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында америкалык анонимдүү расмий өкүл бул кепилдиктер "НАТОнун Уставынын Бешинчи беренесине окшош" жамааттык коргонуу механизмине теңештирилерин айткан. Бирок бул сунуш туруктуу эмес экенин эскерткен.

Эгер Владимир Зеленскийдин сөзүнө ишенсек, Женевадагы жолугушуу маалында Киев үчүн америкалык кепилдиктер пакети толук же дээрлик даяр болуп калды. Азыр украин тарап бул документке мүмкүн болушунча тез кол коюуну көздөп жатат, анткени бул Орусия менен сүйлөшүүлөрдө анын позициясын бекемдейт деген пикирде. Ал эми АКШ кепилдиктер боюнча документти жалпы тынчтык келишими менен бир убакта кол коюуга ыктап турат.

"Оорлоп баратат, бирок иш жүрүүдө"

Сүйлөшүүлөрдө согуштун аякташына алып келчү "саясий" маселелерди талкулоо оорлоп баратат.

Орусия менен Украина Донбасс боюнча мунасага келе албай жатышат, Киев коопсуздук кепилдиги жок узак мөөнөткө тынчтык болбой турганын айтып жатат. Запорожьедеги АЭС маселеси да талкуулардагы оор темалардан болууда.

Владимир Зеленский Axios интернет порталына маек берип, украин жарандары Донбасстан Украинанын аскердик күчтөрүн чыгарып кетүүнү кабыл албасын айткан. Зеленский согуштук беттеште эки тараптын тең аскерлери бирдей аралыкта артка чегинүү варианты референдумда кабыл алынышы мүмкүн деди.

Украин президенти анын өлкөсүндө шайлоо же референдум өтүшү үчүн ок чыгаруу кеминде эки айга токтотушу керектигин айтып келет. Бул Путин болжогондой бир күндүн иши эмес.

Орус делегациясы украин аскерлери Донбасстан тезинен чыгып кетүүсүн каалайт. Президент Путин, андай болбосо, Орусия маселени "аскердик" жол менен чечерин бир нече жолу кыйытып келди. Орус тарап сүйлөшүүлөр "Анкориджа духунда" өтүшү керектигин айтып келет. Бул тууралуу Путин менен Трамп Аляскадагы саммитте макулдашканы жүйө кылынып жатат. Бирок анда так эмне макулдашылган Кремль ачыктабайт.

Владимир Зеленский "Анкориджа духунда" деген эмнени түшүндүрөт билбей жатканын айтууда. Би-би-си буга чейин Ак үй Анкориджанын жыйынтыгы боюнча ичи чыкпай калышы мүмкүндүгүн жазып чыккан. Европа жана АКШнын дипломатиялык чөйрөсүндөгү Би-би-си булактары Орусия үчүн аймактарды алуу эле маанилүү болбостон, согуштан кийинки коопсуздук жана аскердик түзүмдөр боюнча глобалдык маселелер кызыктырат, алар боюнча бирок азыр консенсус жок.

Сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп аткан АКШ Донбассты "эркин экономикалык зонага" айлантууну сунуштоодо.

Бирок АКШ сунуштап жаткан бул вариант боюнча аймактарга анда ким формалдуу түрдө суверинитет алышы керек, ал жагы да белгисиз. Декабрда орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Донбасста Росгвардия жана полиция жайгаштырылат дегендей ойду айткан.

Украин делегациясынын өкүлү, президенттин кеңсесинин башчысынын биринчи орун басары Сергей Кислица бул идеяны абсур деген.

Женевада бул маселе боюнча орус-украин тараптар келише алдыбы, айтуу кыйын.

Жолугушуунун алдында The Economist аймактар боюнча мунасага келүү маселесинде украин делегациясынын ичиндеги ажырым тууралуу жазып чыкты. Делегацияга кирген айрым адамдар сүйлөшүүгө барууну колдошсо, президенттин кеңсесинин мурунку башчы Андрей Ермактын таасириндеги мүчөлөрү ага караманча-каршы позицияда болуп жатышат. Бирок мындай жагдайды Украинанын расмийлери четке кагышууда.

Мындан тышкары, Axios жазгандай сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө эле саясий топ туңгуюкка кептелди. Бул Мединский айткан сунуштан улам орун алды деп жатышат. Би-би-си Женевада бул тууралуу маалыматты тастыктай алган жок. Баары бул суроого жооп берүүдөн баш тартышты.

Мединский өзү сүйлөшүүлөр бүткөн соң, жолугушууда иш маанайы сакталганын айтып берди. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча комментарий берилген жок, бирок экинчи күнү басма сөз өкүлдөрүнө кыска билдирүүлөр жасалды. Умеров "сүйлөшүүлөр интенсивдүү жана маңыздуу" болгонун айтса, Мединский алар "оор жана иштиктүү" болгонун айтты.

Украиналык дипломатиялык булак сүйлөшүүлөр "оор болгонун, бирок натыйжалуу болгонун, бирок бул алдын ала чоң күтүүлөр болбогондон улам" экенин белгиледи.

Би-би-синин дагы бир маектеши саясий маселелер "оордук менен, бирок баары бир уланып" жатканын ачыктады.

"Макулдашышты, макулдашып жатышат", - деди Зеленский жолугушуунун жыйынтыгында.

Сүйлөшүүлөр "фиништен" кийин да улантылды

 Женевада орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский сүйлөшүүлөр оор, бирок иштиктүү болгонун айтты

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Женевада орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский сүйлөшүүлөр оор, бирок иштиктүү болгонун айтты

Балким, так ушул суроолорду жолугушуу бүткөндөн кийин дагы анын катышуучулары талкуулашкандыр.

Intercontinental мейманкасында калып калышкан Би-би-синин журналисттери сүйлөшүүлөр "бүттү" дегенден кийин мейманканага кайра кайрылып келген орус делегациясынын башчысы Владимир Мединскийди көрүп калышты. Ал костюм-шымын кардиган менен джынсыга алмаштырыптыр. Мында ал бир жарым сааттай кармалып, мейманкадан чыгып баратып "украин тарап" менен жолукканын айтты да, башка комментарий берүүдөн баш тартты.

Ошол эле маалда лоббиге украин делегациясынан Сергей Кислица жана Украинанын ГРУ башчысынын орун басары Вадим Скибицкий кирип келишти.

Би-би-синин Украин кызматы тактагандай бул арада Мединский Рустем Умеров жана "Слуга народа" фракциясынын башчысы Давид Арахамия менен жолуккан. Умеровдун басма сөз кызматкери Диана Давитян бейрасмий бул жолугушуулар эки сааттай созулганын тактаган.

Би-би-си жолугушууда эмне тууралуу сөз болду биле албады. Бирок Умеров дагы, Арахамия дагы "саясий" топто иш алып барганын эске алганда жолугушууда саясий маселелер боюнча сөз болгон болушу мүмкүн.

Зеленский сүйлөшүүлөр бүткөн соң, "азырынча турумдар ар кандай, сүйлөшүүлөр дагы оңой болгон жок. Арылатып жылууга, улантууга макулдаштык, диалог болду. Аскердик жаатта прогресс болгонун уккан жокмун", - деди. Тараптар жаңы жолугушууга макулдашышты, бирок ал качан кайда өтөт азырынча белгисиз.