ТикТок Кыргызстанда кайра иштеп баштайбы?

ТикТок
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Кыргызстанда ТикТок социалдык тармагына коюлган чектөөлөр кайрадан каралышы мүмкүн. Маданият министрлиги платформаны бөгөттөн чыгаруу сунушу менен чыкса, депутаттар чектөөнүн эч кандай натыйжасы болбогонун айтышууда. Кыргыз бийлиги 2024-жылы "балдардын менталдык ден соолугу үчүн" жапкан бул платформа бүгүн кайрадан күн тартибинде.

"Дордойдогу" тиктокчу

Уланбек Ширинбеков "Дордой" базарында идиш-аяк сатат. Ал кардарлардын көбүн ТикТок баракчасы аркылуу чакырып, товарларын жарнамалоону жакшы өздөштүрүп алган.

"Бул жакка келгендердин көбү ошол ТикТоктогу сүрөт, видеолорду көрсөтүп, "жанагы жарнама кылган жер ушулбу?" деп издеп келишет. Мурдагыдай кардар күтүп отура берсек, отура бермекпиз. Бирок биз антпей, ТикТокко жарнама тартып киргизип, ошол жактан көбүрөөк буйрутма алып, кайра кардарларга салып жиберебиз", - деди Уланбек Ширинбеков.

Уланбек Ширинбеков, ишкер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уланбек Ширинбеков, ишкер

"Мына өзүңүздөр көргөндөй, алты кишилик топтом – чоң чынысынан алтоо, кичинекейинен алтоо, тарелкаларынан алты даана болот" , - деп Улан ТикТокко видео тартып жатты.

"ТикТокто жайылтуу мүмкүнчүлүгү кенен, анан жөнөкөй адамдар көбүрөөк отурат. Ал жакта кенен түшүндүрүп, жарнама кылганга шарт бар",- деди ишкер.

Уланбек ТикТок аккаунтун үч жылдан бери иштетип келет. Бирок Кыргызстанда бул социалдык тармакка бөгөт коюлганда, соода кадимкидей солгундай түшкөнүн айтат.

"Ортодон токтоп калгандай эле болдук чынында. Эч нерсе кыла албай калгандай болдук. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин VPN аркылуу элдер кайрадан эле кире башташты. Бирок VPN колдонуунун кыйынчылыгы бар, аны жүктөө керек. ТикТокто карапайым адамдар отурат дебедимби, алардын көбү улуу муундагылар. Алар VPNди түшүнө албай, колдонуучулардын саны азайып жатат. Ошол себептен ТикТокту ачык эле кылып койсо деп, суранат элем. Бул ишкерлерге да, улуу муундагыларга да жакшы болмок", - деди Уланбек Ширинбеков.

Министрликтин пикири

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары

Сүрөттүн булагы, oficcial

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марат Тагаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары

19-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев ТикТок социалдык тармагын бөгөттөө тууралуу чечимди кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жоюлган, учурда өлкөдө маалыматтык платформалар жана социалдык тармактар менен системалуу иш алып барган орган жок.

"Кыргызстанда ТикТок расмий бөгөттөлгөнүнө карабастан, жаштар жана башка жарандар бул соцтармакка VPN аркылуу кирип колдонуп жатышат. Биз министрликтин ТикТок соцтармагынын бөгөттөлүшүн алып салуу сунушун карап чыгууну суранабыз", - деди министрдин орун басары.

ТикТокту 2024-жылы Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМКнын чечиминин негизинде бөгөттөгөн.

"Билимди жана медиасабаттуулукту жогорулатуу керек"

Асел Сооронбаева, медиа эксперт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Асел Сооронбаева, медиа эксперт

Медиа эксперт Асел Сооронбаева аталган соцтармактын бөгөттөлүшү Кыргызстанда сөз эркиндигине басым катары сыпатталганын айтты. Анын айтымында, зыяндуу маалымат менен бөгөттөө аркылуу эмес, медиасабаттуулукту жогорулатуу жолу менен күрөшүү натыйжалуу.

"ТикТок платформасы Кыргызстанда балдардын руханий жана менталдык саламаттыгына залакасын тийгизип жатат деген жүйө менен бөгөттөлгөн. Бирок бул коомчулукта сөз эркиндигине басым катары кабыл алынды. Себеби дал ошол мезгилде бул платформада бийликке карата сын-пикирлер аябай көп айтылып жаткан болчу. Азыркы учурда бир социалдык платформаны бөгөттөөнүн өзү акылга сыйбаган иш. Себеби адамдар VPN аркылуу деле кирип колдоно алышат. Мындан тышкары, зыяндуу маалымат болсо, аны бөгөттөө менен эмес, билим жана медиасабаттуулукту жогорулатуу аркылуу чечсе болот", - деди Сооронбаева.

Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты

Сүрөттүн булагы, oficcial

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты

ТикТок тиркемесинин айланасындагы маселелер Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп келет. 18-февралдагы жыйында депутат Дастан Бекешев УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу Жумгалбек Шабданбековго тиркемеге чектөө коюунун натыйжасы болбогонун айткан.

"УКМК ТикТок тиркемесин эмне үчүн бөгөттөп салган? Ал жакка чыгарылган бардык контент "YouTube"да деле бар. Соттун чечими жок эле бөгөттөп салдыңар, ачып койгулачы, сураныч", - деген депутат.

УКМК: Балдардын келечеги социалдык тармактардан жогору турат

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Жумгалбек Шабданбеков "Вечерний Бишкек" басылмасына берген маегинде интернет мейкиндигиндеги коопсуздук жана "ТикТок" платформасынын бөгөттөлүшү боюнча пикирин билдирди. Анын айтканына караганда, бүгүнкү күндө маалыматтык-психологиялык операцияларга жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү негизги планга чыкты. Өзгөчө өспүрүмдөр арасында популярдуу болгон "ТикТок" платформасы кооптонууну жаратууда. Аталган сервис аркылуу баңгизаттар, кумар оюндары жарнамаланып, зордук-зомбулук акталып, кыргыз элинин салттуу коомдук баалуулуктары четке кагылып жатканы белгиленет.

"Иш жүзүндө платформа бүгүнкү күнгө чейин жеткиликтүү болуп жатат, колдонуучулар чектөөлөрдү VPN аркылуу активдүү айланып өтүүнү улантууда. Ал эми бир катар кызыкдар тараптар бул платформанын бизнес менен туризмди жарнамалоодо потенциалы бар экенин жүйөө келтирип, бөгөттөөнү алып салууга чакырышууда. Бирок, бөгөттөө жөнүндө чечим жарандардын, бейөкмөт уюмдардын жана айрым Жогорку Кеңештин депутаттарынын көптөгөн даттанууларынан кийин кабыл алынган. Алар тиркеме аркылуу "кыргыз менталитетине туура келбеген" маалыматтар жайылып жатканын белгилешкен. Балдарыбыздын келечеги ар кандай социалдык тармактардан жогору турат. Бир дагы санариптик платформа, анын ичинде "Ютуб", "Фейсбук", "Инстаграм", "ТикТок" жана башкалар өсүп келе жаткан муундун ден соолугунан, билиминен жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнөн маанилүү боло албайт», - деди Жумгалбек Шабданбеков.

ТикТок - видео жана фото контенттен турган кытайлык платформа. Көптөгөн өлкөлөр бул тиркемеге ээлик кылган ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын Кытай өкмөтүнө өткөрүп бериши мүмкүн деп кооптонушат. Мындан улам Франция, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Бельгия, Дания, АКШ жана Тайванда ТикТокту кызматтык чөнтөк телефондорго же башка жабдыктарга орнотууга тыюу салынган.

Ал эми Индияда бул тиркеме толугу менен чектелген. Өкмөт ТикТокту өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузган платформалардын "кара тизмесине" киргизген.

Талдоочулардын айтымында, TikTok компаниясы өз кардарларынын жайгашкан жери, алар кайсы жабдууну колдонуп жаткандыгы жана кардардын жабдуусунда башка кандай тиркемелер бар экендиги сыяктуу кошумча маалыматтарды чогултат.

Кытайдын Улуттук чалгындоосу жөнүндө мыйзамдын жетинчи беренесинде Кытайдын бардык уюмдары жана жарандары Кытайдын чалгындоо аракеттерин "колдоосу, аларга жардам берүүсү жана алар менен кызматташуусу" керек деп белгиленген. Муну ТикТок тиркемесинен гана эмес, бардык башка кытай компаниялардан да шектенген кишилер көп ирет мисал келтиришет.

ТикТоктун басма сөз катчысы Брук Оберветтер буга чейин Би-Би-Сиге өз компаниясы Кытай өкмөтүнөн толугу менен көз карандысыз экенин белгилеген жана "Кытай өкмөтүнө кардарлардын жеке маалыматтарын берген эмеспиз жана сураса деле биз эч качан бербейт болчубуз" деп билдирген.