Түштүк Кореянын мурдагы президенти өмүр бою абакка кесилди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл козголоң уюштурууну көздөгөнү үчүн сот тарабынан күнөөлүү деп табылды.
65 жаштагы Юн Сок Ёл 2024-жылы декабрда өлкөдө аскердик абал киргизүү буйругун берип, ал болгону алты саатка созулса да өкмөттүн ишин үзгүлтүккө учураткан. Экс-президенттин бул чечими анын партиясынын кийинки шайлоолордо жеңилишине да алып келди.
Бул окуя Азиядагы төртүнчү ири экономика саналган, АКШнын негизги коопсуздук өнөктөшү болгон жана узак убакыт бою аймактагы эң туруктуу демократиялардын бири деп эсептелген Түштүк Кореяда олуттуу саясий ызы-чуу менен коштолгон эле. Анда депутаттар Улуттук ассамблея имаратынын айланасындагы коопсуздук тосмосун бузуп кирип, добуш берүү аркылуу аскердик абалды бир нече сааттын ичинде жокко чыгарышкан.
Бийликтеги Демократиялык партиянын лидери Чун-Чанг-Рэ мурдагы президентти өмүр бою абакка кеспей, өлүм жазасын бериш керек эле деп, соттун бүгүнкү өкүмүн адилетсиз деп баалады. Прокурорлор буга чейин Юн Сок Ёлго өлүм жазасын сурашкан.
"Коомчулук бүгүнкү чечимди кабыл алгыс деп, ага канаттанбайт", - деди ал.
Мурдагы президенттин айланасындагы бул окуя Түштүк Кореядагы бөлүнүүгө алып келди. Бүгүн сот имаратынын алдында анын тарапташтары нааразылык акциясына чогулганы - анын далили.
Саясий кризистин себеби
Түштүк Кореяда 2024-жылы жазда өткөн парламенттик шайлоодо Улуттук жыйындагы 300 орундун 192син "Демократиялык партия" жеңип алган. Андагы президент Юн Сок Ёлгдун "Элдин күчү" партиясынын чоң жеңилүүсүнөн кийин аталган партиянын лидери Хан Дон Хун жана премьер-министр Хан Док Су кызматтан кетишкен.
Маалымат каражаттары шайлоодогу добуш берүүнү дагы үч жыл бийликте кала турган президент Юн Сок Ёлго ишеним көрсөтүү жөнүндө орто жолдогу референдум катары кароого болорун жазышкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Добуш берүүнүн жыйынтыгында "Демократиялык партия" Юндун администрациясын татыксыз деп айыптап, "Кореянын инновациялык партиясынын" башчысы жана мурунку Коргоо министри Чо Гук президентти адегенде "аксак өрдөккө айлантып, андан кийин мындан да жаман кыла турганын" убада кылган. Юн өз кезегинде демилгелерин ишке ашырууга мүмкүндүк бербей жатат деп парламентти айыптаган.
Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы Жейк Квон андагы жагдайларды сүрөттүп жатып, президент өзүнө керектүү мыйзамдарды кабыл ала албаганын, оппозиция тарабынан кабыл алынган кандай гана мыйзам болбосун вето коюп келгенин белгилеген эле.
Юн Сок Ёл бардык айыптоолорду четке каккан. Консервативдүү көз караштагы, прокуратура органдарындагы бардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн саясатчы президент катары аскердик абал жарыялоого ыйгарым укугу болгонун жана бул кадам өкмөт ишине тоскоолдук кылып жаткан оппозицияга коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөгөнүн айтып келет.
Түштүк Кореяда1997-жылдан бери өлүм жазасына эч ким тартыла элек, бирок ал мыйзамдан толук алынган эмес.
































