УКМК соңку беш жылда тергеген кылмыш иштери кайра каралышы керекпи?

Сүрөттүн булагы, Official
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы жетекчилиги расмий ишке киришери менен коомчулукка билдирүү таратты. Анда соңку беш жыл ичинде атайын кызмат тергеген бардык кылмыш иштерин кайра кароо үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү сунушуна байланыштуу түшүндүрмө берилген. Учурда айрым кылмыш иштерин кайра карап чыгуу маселеси коомдо кызуу талаш-тартыш жаратууда. Талкуу парламентке чейин жетти. Кээ бир депутаттар учурда УКМКнын айрым кызматкерлери өздөрү кармалып жатканын эске салып, алар тергеген иштер кайра каралышы керектигин айтууда.
Атайын кызмат мыйзамга ылайык кылмыш иштерин кайра кароо укугу сот жана прокуратура органдарына гана таандык экенин белгиледи. Башкача айтканда, тергөө иштерине укуктук баа берүү же өкүмдү өзгөртүү чечимин атайын кызмат эмес, тиешелүү сот инстанциялары кабыл алат.
"Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын нормаларына ылайык, тиешелүү түзүмдөрдүн (УКМК, ИИМ ж.б.) тергөө бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн иштердин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү прокуратура органдарына жүктөлөт, ал эми сот адилеттигин ишке ашыруу укугу сот органдарына гана таандык",- деп жазылат анда.
"Вазелин", "Лизун"...
Бул маселе 18-февралда Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Ал күнү депутаттар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы төрагалыгына сунушталган Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин карап жатышкан.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев УКМКдагы айрым кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселе көтөргөн эле. Ал "Вазелин", "Лизун" деген сыяктуу аттар менен тар чөйрөдө гана белгилүү болгон адамдар тууралуу сөз кылган.
"Дагы канча ушундай киши бар? Алар жумуштан кетеби? Эгер алар жоопкерчиликке тартылса, башка иштер кайрадан каралабы? Анткени алар бир топ адамдарга зыян келтирген",- деген депутат.
Калк айтса калп айтпайт

Сүрөттүн булагы, Official
Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун айтымында, коом тарабынан көтөрүп жаткан маселени көз жаздымда калтырууга болбойт.
Анын пикиринде, айтылган дооматтар сөзсүз текшерилип, ар тараптуу иликтениши зарыл. Бул, биринчи кезекте, ошол органдардын өздөрү үчүн да пайдалуу болмок.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Осмонов процесcуалдык мыйзамдарда атайын комиссия түзүлүп, мурда тергелген же сотто каралган иштерди кайра текшерет деген так норма жок экенин белгилейт.
Комиссиянын корутундусу процессуалдык күчкө ээ эмес, бирок ал өз сунушун бере алат. Акыркы чечимди кайра эле мыйзамдуу ыйгарым укугу бар органдар кабыл алышы керек болот.
"Сот чечимин өзгөртүп же жокко чыгаруу укугу жогорку инстанциядагы сотторго гана таандык. Калк айтса, калп айтпайт. Комиссия түзүп, баарын текшерсе болот. Андай окуялар чындап эле болгонбу же көбүртүп-жабыртып жатышабы? Тактоо керек. Мамлекеттик деңгээлде ведомстволор аралык комиссия түзүүгө мүмкүнчүлүк бар",- деди Осмонов.
Кыргызстандын атайын кызматынын соңку беш жылдагы ишмердүүлүгүнө баа бергендердин пикирлери ар түрдүү. Айрым талдоочулар бул мезгилде мекеме бир катар олуттуу операцияларды жүргүзүп, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө, чек ара коопсуздугун камсыздоодо жана коррупциялык схемаларды ачыктоодо активдүү роль ойногонун белгилешет.
Ошол эле учурда сын пикирлер да арбын. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө айрым учурларда ашкере чаралар колдонулуп, "бөрк ал десе баш алгандай" аракеттер болгонун айткандар да бар.
"Кустуризация" программасы

Сүрөттүн булагы, Official
УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Артур Медетбеков атайын кызматтын соңку беш жылдагы ишмердиги тууралуу айтып жатып, мекеменин жетишкендиктери менен катар кемчиликтерине да токтолду.
Анын айтымында, УКМК жетекчилиги бир нече тармакты көзөмөлдөп, уюштуруу иштерин алып барууда бардык багытка бирдей көңүл бурууга дайыма эле жетише алган жок.
Айрыкча мурдагы Антикоррупциялык кызматтын (АКС), кийин 6-башкармалык болуп калган түзүмдүн ишин бир аз сындап өттү.
"Айрым кызматкерлер мыйзам бузууга же кылмыштуу иштерге барганы боюнча шектүү болуп жатат. Өзгөчө экономика багытында кемчиликтер кеткен-кетпегени изилденип, териштирүү жүрүүдө. Бизнесмендердин, жеке чарбасы бар ишкерлердин кооптонуп калганы да ушундан. Себеби "кустурицазия" программасы иштеп кетпедиби. Кустуруунун негизинде жапа чеккендер болуп калды",- деди Артур Медетбеков.
Медетбековдун баамында, айрым кызматкерлердин мыйзам бузууга барышы жалпы мекеменин аброюна көлөкө түшүрдү. Ошол эле учурда ал УКМКнын кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү билимдүү, бир нече тил билген, кесипкөй адистер экенин белгилеп, жеке учурлар аркылуу жалпы системага толук баа берилбеши керек экенин кошумчалады.
УКМКнын жаңы төрагасы ким?
УКМКнын азыркы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 1970-жылдын 22-сентябрында Нарындын Жумгал райондо туулган. Ал беш баланын атасы. Жогорку окуу жайдын экономика факультетин аяктаган.
Анын коопсуздук органдарындагы эмгек жолу 1994-жылдан башталган. Ар кандай ыкчам жана жетекчилик кызматтарды аркалап, УКМКда бир катар жооптуу кызматтарда иштеген. 2020-жылы 9-кызматтын башчысы болгон.
2026-жылдын 10-февралынан баштап Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 10-февралда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Бул чечим коомчулук үчүн күтүүсүз болду жана кызуу талкуу жаратты.
Кийин президенттин басма сөз кызматы маалымат таратып, мындай чечим бөлүнүп-жарылууга жол бербөө, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алынганын билдирди.
Президенттин жарлыгынан кийин Ташиев өлкө башчынын уруксаты менен Германияда дарыланып жатканын айтып, кызматтан алынганы ал үчүн да күтүүсүз болгонун белгилеген. 13-февралда Кыргызстанга келген Ташиев 17-февралда кайра чет өлкөгө учуп кетти.
































