Трамп Мирзиёевди "досум" деди, ал эми Казакстанды "бай" өлкө атады

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
АКШ президенти Дональд Трамп түптөгөн "Тынчтык кеңешинин" алгачкы саммитине дүйнөнүн булуң-бурчунан жыйырмадан ашык лидер чогулду. Бул жаңы глобалдык саясий түзүмдү Трамп БУУнун Коопсуздук кеңешине альтернатива катары көргүсү келет же жок эле дегенде, анын ишине көзөмөл кылууну көздөйт.
Саммиттин күн тартибиндеги негизги маселе - Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү болду. Трамп Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан баштаган бир катар өлкө Газа үчүн жалпы 7 миллиард долларга тете каражат бөлүү чечимин кабыл алышканын жар салды.
19-февралда Вашингтондо өткөн "Тынчтык Кеңешинин" биринчи жыйынына Борбор Азиядан өзбек жана казак президенттери катышты.
Трамп аларды тааныштырып жатып буларды айтты:
"Мирзиёев - менин досум, сиздин ысымыңыз дүйнөдөгү тарыхтагы эң оор ысым. Силердин өлкө жакшы өнүгүп атат, жакшы кетип жатасыздар".
"Казакстандын президенти Токаев. Силердин өлкө укмуштуу, бай өлкө".
Казакстан Газага аскерлерин жөнөтүүгө даяр
Газаны калыбына келтирүү планы, ал жерде Эл аралык стабилдүүлүк күчтөрүн (International Stability Forces, ISF) жайгаштырууну камтыйт. Казак президенти Токаев саммитте ISF курамына казак аскерлерин жөнөтүүгө даярдыгын билдирди. Трамптын администрациясынын Газада 12 миң полициячы жана ISF курамында дагы 20 миң аскер жайгаштыруу планы бар. Саммитте Казакстандан тышкары Газага дагы төрт өлкө: Марокко, Албании, Косово жана Индонезия аскер жолдоого даярдыгын ачыктады.
Токаев Казакстан Газаны кайра калыбына келтирүү боюнча иш алып барчу эл аралык программаларга кошулгусу келерин да айтты.

Сүрөттүн булагы, akorda.kz
Астана "Тынчтык Кеңешинин" бюджетине дагы көбүрөөк каражат салууга даяр.
"Алгачкы кадам катары биз "Тынчтык Кеңешине" ири суммада каражат бөлүүгө даярбыз",- деди ал. Өзбек президентинен айырмаланып, Токаев саммитте англисче сүйлөдү.
Бирок казак президентинин саммитте айтылган аскерлерди жөнөтүү тууралуу сөздөрүн Акорда расмий пресс-релизге кошкон жок. Расмий маалыматта, Казакстан беш жыл ичи палестин студенттерине 500 чакты билим берүү гранттарын сунуштары айтылат. Ошондой эле буудайдын ири өндүрүүчүсү катары Казакстан Газага гуманитардык жардам көрсөтүүгө да даяр.
Өзбекстан Газада социалдык инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө көмөктөшөт
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев самитте кыскага гана сөз алды. Ал башында Дональд Трампка инагурациялык жыйынды чакырганы үчүн ыраазычылыгын айтты.
"Бүгүнкү саммит - бул президент Трамптын саясий эркинин жана прагматикалык жөндөмүнүн жыйынтыгы", - деди ал.
Өзбекстан Газада социалдык инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө көмөктөшүү ниетин билдирди.
"Баса белгилейм, Өзбекстан Газада турак-жай, бала-бакча, мектеп жана ооруканаларды курууга салым кошууга даяр"- деди Мирзиёев. Ал Трамп демилгелеген бул жолугушуу Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жакшыртуудагы эл аралык тилектештиктин көрсөткүчү болууда дейт.

Сүрөттүн булагы, president.uz
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандык эл аралык саясат талдоочу Эмилбек Жороев "Тынчтык Кеңешине" мүчө болуу борборазиялык өлкөлөргө эмнеси менен маанилүү деген суроого деп жооп берди:
"Биринчи эле кезекте бул - АКШ менен мамилесин чыңдоо. Бул демилгеге катышуу Трамптын администрациясына эшик ачуу менен АКШнын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачат. Чакыруу келгенден кийин Токаев дагы, Мирзиёев дагы аны четке кагуудан кооптонушту көрүнөт. Анткени ага чейин деле бир топ жакындашуу сөздөрүн айтып алышпады беле. Трамп бизнесмен катары ар кандай келишимдерге жетелеп баруунун жолун билет экен. Мында бирок конкреттүү материалдык утуш болобу деген чоң суроо. Себеби, "Тынчтык Кеңешинин" легитимдүүлүгү деле өтө бүдөмүк".
Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев соңку жарым жылда ушуну менен АКШда экинчи ирээт сапарлап барышты.
2025-жылы ноябрда алар Вашингтондо C5+1 форматында Борбор-Азия - АКШ саммитине катышып, Трамп менен жеке жолугуп, Американын экономикасына пайда алып келчү инвестициялык долбоорлорго кол коюп келишкен.
БУУга альтернативабы?
Январда Давосто жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумда Дональд Трамп өзүнүн "Тынчтык Кеңеши" боюнча демилгесин жарыялаган эле.
Аталган кеңешке АКШнын президенти төрагалык кылат жана кызмат президенттик мөөнөтүнө байланган эмес. Трамп ондогон дүйнөлүк лидерлерге чакыруу жөнөткөн. Мүчө болуп кирерин айткан өлкөлөрдүн катарында Израил, Сауд Арабиясы, Египет, Түркия, Аргентина жана Индонезия бар. Бирок ага азырынча АКШдан сырткары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эч бир мүчөсү кире элек.
Британиянын ТИМ министри Иветт Купер бул жаңы түзүмгө Путин кошулуп калышы ыктымал үчүн Британия ага азырынча кошулбашын айткан.
Словениянын премьер-министри Роберт Голоб сунушту четке кагып, бул "жалпы эл аралык тартипке кооптуу кырдаал жаратарын" айткан. Франция, Германия, Норвегия, Швеция жана Дания бар азыр бул кеңешке батыл кошулгандан карманып турушат.
"Аталган кеңешке жыйырма чакты өлкө кошулганы менен калгандары муну бир аз өзүмбилемдик, БУУну буйтап өтүү катары карагандай. Трамптын администрациясынын Израиль, Газа боюнча алып барып жаткан саясаты кооптонууларды, суроолорду жаратпай койбойт. Андыктан Казакстан менен Өзбекстан өтө кылдат саясатын алып барып, керек эмес бөөдө мамилеге кириптер болуп калуу жагын дагы ойлонуп коюусу керек. Бул демилге ишке ашып "Тынчтык Кеңеши" иштеп кетсе, анда бул тескерисинче, Казакстан менен Өзбекстанга дүйнөдөгү "орто күчтөрдүн" катарына кирип калууга дивиденд алып келип калышы да мүмкүн", -дейт Эмилбек Жороев.

Сүрөттүн булагы, Nazarnews
Израиль менен ХАМАСтын ортосунда октябрь айында кабыл алынган ок атышууну токтотуу келишиминен кийин Трамптын Газа планы боюнча "Тынчтык Кеңеши" Газадагы убактылуу башкарууну көзөмөлдөмөк.
Бирок кийин "Тынчтык Кеңешинин" төрагасы катары Трамп бул түзүм дүйнөдөгү башка жаңжалдарды да кароого ыйгарым укук алышы мүмкүн экенин айтып чыкты.
Борбор Азия - АКШ: күн тартибинде баалуу минералдар
Соңку жылдары АКШ, Борбор Азияда Казакстан менен Өзбекстанга көбүрөөк басым жасап жатканы байкалат. Бул эки өлкөнү эске албаганда деле, АКШ президенти Дональд Трамп негизи эле Борбор Азия аймагы Кошмо штаттары үчүн "сейрек кездешүүчү минералдары" үчүн кызык экенин буга чейин ачык айткан.
"Стратегиялык металлдар талкууланып жатканда биринчи орунга Казакстан менен Өзбекстан чыгууда. Региондо бардык эле мамлекеттердеде баалуу минералдар бар. Бирок көлөму жагынан, геологиялык изилдөө жагынан , ар түрдүүлүгү жагынан бул өлкөлөрдө көп экен. Ошого жараша аларга көбүрөөк мамиле бурулууда. Бирок сөз болуп жаткан кеңешке кирүү аймактагы ар бир өлкөнүн өзүнүн демилгесине да көз каранды", - дейт Жороев.
"Сейрек кездешүүчү минералдар" бул - заманбап технологияларды өндүрүүдө жана өнөр жайда кеңири колдонулган окшош 17 химиялык элементтин жалпы термини.
Бул минералдар "сейрек" деп аталат, анткени аларды таза түрүндө казып алуу кыйын. Мындан тышкары, сейрек кездешүүчү металлдар көбүнчө торий жана уран сыяктуу радиоактивдүү элементтер менен бирге кездешет, аларды бөлүп алуу үчүн бир топ уулуу химикаттар талап кылынат.
"Тынчтык Кеңешине" кайрылсак, Газаны толук калыбына келтирүү үчүн Трамп чогулткан 7 миллиард доллар аздык кылары айтылып жатат. Себеби, ал үчүн кеминде 70 миллиард доллар талап кылынчудай. Анан калса, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газаны калыбына келтирүүнү баштоонун негизги шарты катары ХАМАСты толук куралсыздандыруу керектигин айтып келет. Ал эми ХАМАС бул талапты аткаруудан баш тартууда.
































