"Интригаларга аралашкан эмесмин". БШК Нурланбек Тургунбек уулун мандатынан ажыратты

Нурланбек Тургунбек уулу

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурланбек Тургунбек уулу
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Тургунбек уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу чечим БШКнын 19-февралда өткөн жыйынында кабыл алынды. Депутат өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде мандатын тапшырды. Ал депутаттык мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын бүгүн, 19-февралда өзүнүн Фейсбукка жазган кайрылуусунда билдирген.

Анда ал акыркы күндөрү саясий чөйрөдө өзүнүн дарегине айтылып жаткан маалыматтарга токтолуп, айыптоолорду четке какты:

"Касиеттүү Орозонун күнүндө жана Кудай алдында ачык айтайын, мен эч бир интригаларга, айрыкча, жетимиш беш ардагердин кайрылуусуна да, кол топтоосуна да такыр аралашкан эмесмин! Коомдо терс пикир жараткан кат Түркияга сапар тартып жаткан чагымда ММКларга жарыяланды. Тагыраагы, мен ошондо билдим", - деп белгиледи ал.

Мандатты тапшыруунун башкы себеби катары төрага ден соолугуна байланыштуу маселелерди атады. Ал мындан ары саясаттан алыстап, дарылануу жана жеке иштери менен алектенүү ниетин билдирди.

"Ачыгын айтсам, акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим. Мага чоң ишеним менен добуш берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен мөөнөтүмөн эрте депутаттыктан кетип жатканым үчүн кечирим сурайм", -- деди Нурлан Тургунбек уулу.

Нурланбек Тургунбек уулу төрагалыктан кетүү чечимин кабыл алганын парламенттин 12-февралдагы жалпы жыйынында жарыялаган. Бирок анда катардагы депутат катары ишин улантаарын, эч кайда кетпей турганын билдирген. Ошондой эле бир-эки адамга эмес, жалпы кыргыз элине, кыргыз парламентине кызмат кыларын айткан.

Нурланбек Тургунбек уулу 2025-жылы 17-декабрда жашыруун добуштун жыйынтыгында 84 добуш менен Жогорку Кеңештин жаңы шайланган сегизинчи чакырылышынын спикери болуп шайланган.

9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда аталган кайрылууга байланыштуу беш кишини Массалык башаламандыктар беренеси боюнча камакка алган.

Кыргызстанда президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу талкуулардын фонунда бир катар саясий окуялар да орун алды.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган. 11-февралда Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү да жарыяланып, ал отставка тууралуу кабар күтүүсүз болгонун айткан эле.

Садыр Жапаров 16-февралда "Кабарга" берген маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын жана ал мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу 17-февралда анын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов билдирип, социалдык тармактарга Ташиевдин кетип жаткан видеосун жарыялады.

Нурланбек Тургунбек уулу коомдо УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин санаалашы катары да белгилүү.