75 кишинин кайрылуусу боюнча иш: "Башка камерага которууга арыз жаздык"

Сүрөттүн булагы, Official/ social media
"75 кишинин кайрылуусу" деген ат менен айтылып жаткан иш боюнча камалгандардын саны алты кишиге жетти. Аларга "Массалык башаламандыктар" беренеси боюнча айып коюлууда.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркуловду Биринчи май райондук соту эки айга камакка алды.
Аны күч органдары 17-февралда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан кармашкан.
Жактоочусу Мунарбек Супатаев тергөөнүн жүрүшүндө Анаркуловдун күнөөсү жок экени далилденет деген ишенимин билдирди. Адвокаттын айтымында, айыптоолор божомолго гана негизделген.
"Ал 75 кишинин көбүн тааныбайт. Анан антип чогултмак эле? Алар өз алдынча чогулушкан. Эгер ал жерде болгондо, ошол жерден тартылган сүрөттөрдө болмок да. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерсени айта албайм. Бирок анын катышы жок экени аныкталат деп ишенем. Ошончо кишини чогултуу үчүн административдик же каржылык ресурс керек. Бул жигитте андай мүмкүнчүлүк жок. Ал байлыгы ашып-ташкан адам эмес, жашоосу деле орточо. Аны шериктеш болду деп жатышат, бирок мунун баары жоромол. Анткени конкреттүү фактыларды көрө алган жокмун",- деди адвокат Би-Би-Сиге.
"75 кишинин кайрылуусу" боюнча буга чейин ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-премьер-министр Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев кармалган.
Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова айыпталуучу азыр аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган милиция кызматкери менен бир камерада отурганына тынчсызданып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Би-Би-Сиге берген маегинде айтты.
"Асанов учурда ошол шектүү менен бир камерада отурат. Ошондуктан тынчсызданып жатабыз. Башка камерага которуу боюнча арыз жаздык",- деди адвокат.
Ошондой эле ал Асанов кагазга эл ынтымагы үчүн деп кол койгонун жана эч кандай жаман ою болбогонун белгиледи.
Адвокат анын мыйзамсыз кармалганын жана кол коюу эч кандай кылмыштык беренеге жатпаганын кошумчалады.
"Бул Кемпир-Абадка байланыштуу иштей эле болуп калды",- деди ал.
Бекболот Талгарбековдун жактоочусу эч кандай комментарий бербей турганын билдирди. Башкалардын адвокаттары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Кайрылуунун маани-маңызы
ИИМ тараткан маалыматка караганда, 9-февралда интернет булактарында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында 75 жарандын кайрылуусу тууралуу билдирүү тараган.
Алар президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылган.
Анда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада демилгелөө өтүнүчү айтылган.
Кайрылууга окумуштуулар, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон.
"Бул кайрылуудагы айрым билдирүүлөр коомчулукта кеңири резонанс жаратып, өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын курчушуна алып келген",- деп айтылган ИИМдин маалыматында.
Аталган факт боюнча "Массалык баш аламандыктар" беренси боюнча кылмыш ишин козголгон.
Бул кылмыштын демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары жогоруда аты аталган кишилер кармалды.
































