"Адамдар УКМК келип калбасын деп титиреп калган". Атайын кызматка айтылган сындар жана сунуштар

Сүрөттүн булагы, Official
Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы төрагасы Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин талкуусуз, бир добуштан колду. Ошондой болсо да атайын кызматтын ишине байланышкан олуттуу сунуштар айтылды. Айрым депутаттар УКМК мурда кетирген кемчиликтерди кайталабашы керектигин эскертишти. Соңку жылдардагы алардын кысым көрсөтүү жана коркутуу ыкмалары коомчулуктун ишенимине доо кетиргенин белгилешти. Айтор, УКМК эми күч көрсөткөн эмес, мыйзам чегинде, жоопкерчилик менен иш алып барган органга айланыш керек деген талапты ачык көрсөтүштү.
Алгач сөз алган депутат Исманали Жороев ишкерлердин салам-дубасын жолдоду. Ал учурда кармалып жаткан УКМКнын айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу айтып, мындан ары мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин белгиледи.
"Ошол кызматкерлер жеке аудиторлорду жалдап алып, ишкерлерди өзү билгениндей текшерип, анан жеке аудиттин жыйынтыгы менен "ушунча акча мамлекетке зыян келтирдиң" деп коркутуп-үркүтүп, каражат өндүрүп келген. Ушул иштерди токтотуп бересиңер деген ишкерлердин өтүнүчүн сиздерге жеткирип коеюн",- деди депутат.

Сүрөттүн булагы, Official
Дастан Бекешев атайын кызматтын ишмердигине байланыштуу коомчулукта суроолор көп экенине айтты.
Анын белгилешинче, соңку учурда мүлктү мамлекеттин пайдасына өткөрүү маселеси коомдо эң орчундуу темага айланды.
"Мүлктү тартып алуу мамлекеттин пайдасына болуп жатабы? Айтор бул тенденция токтойбу? Коомчулук ушул суроого жооп күтүп жатат",- деди ал.
Депутат УКМКдагы айрым кызматкерлерге байланыштуу жагдайга да токтолду.
"Вазелин", "Лизун" деген ат менен жүргөн кызматкерлер бар экен. Дагы канча ушундай киши бар? Алар жумуштан кетеби? Эгер алар жоопкерчиликке тартылса, башка иштер кайрадан каралабы? Анткени алар бир топ адамдарга зыян келтирген",- деди Бекешев.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бекешев УКМК кинодогудай эле коркунучтуу образга айланып калганын белгиледи.
"УКМК келип калбасын" деп адамдар титиреп калды. Кайсы бир учурда бул туура, кайсы бир учурда аша чапкандык. Мындан ары кандай болот? Кандай реформалар жасалат? Ошону уксак жакшы болмок. Себеби ушундай суроолор, суранычтар болуп жатат?",- деди ал.
Депутат Камила Талиева социалдык тармактарда деструктивдүү мүнөздөгү маалыматтар көбөйгөнүнө көңүл бурду.
"Социалдык тармактарда деструктивдүү багыттагы маалыматтар көп чыгып жатат. Кагыштыруучу, чабыштыруучу, бири-биринен өч алуу, буйрутма берүү сыяктуу көрүнүштөр бар. Ушуну ИИМ менен бирге карасаңыздар. Бул адамдардын өмүрү, ден соолугу. Кечээ шайлоодо оппоненттер бири-бирине карата буйрутма берген, такталбаган маалыматтарды чыгарып жатты. Мыйзам чегинде буларды анализдеңиздер",- деди ал.
Талиева УКМКнын аброюна шек келтирген маалыматтар да тарап жатканын айтты.
"Бул биздин коопсуздугубуз. Мамлекеттин коопсуздугун коргогон орган өзү да коргоого муктаж болгондой так эмес маалыматтар чыгып жатат. Деструктивдүү күчтөр тарабынан жасалып жатат. Тез арада киришип, аныктасаңыздар",- деди депутат.

Сүрөттүн булагы, Official
Депутат Табылды Муратбеков жаңы жетекчиликке кайрылып, УКМКнын буга чейинки ишмердүүлүгүнө токтолду. Атайын кызмат мамлекет үчүн бир топ маанилүү иштерди жасаганын, өзгөрүү, өнүгүү болгонун айтты. Ошол эле учурда кемчиликтерин да санап өттү.
Муратбеков айрым кызматкерлер жыйынтык көрсөтөбүз деген максатта ашыкча аракеттерге барганын белгиледи.
"Албетте, коррупционер болсо иш козголушу керек. Бирок тиешелүү адамдардын айынан темир тор артына алынып же мамлекеттик кызматка келе албай калган бейкүнөө кызматкерлер да бар. Ушул боюнча дыкат иштеп берсеңиздер. Жөн гана жыйынтык көрсөтүү үчүн эмес",- деди депутат.
Депутат Болот Ибрагимов жаңы келген жетекчилик УКМКнын кадыр-баркын калыбына келтирет деп ишенимин билдирди. Ал атайын кызмат коомчулукта коркуу сезимин жаратпашы керектигин айтты.
Депутаттын пикиринде, жарандар УКМКны көргөндө коркпой, тескерисинче, өзүн корголгон жана ишенимдүү сезиши керек.
УКМКнын жаңы төрагасы ким?
УКМКнын азыркы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 1970-жылдын 22-сентябрында Нарындын Жумгал райондо туулган. Ал беш баланын атасы. Жогорку окуу жайдын экономика факультетин аяктаган.
Анын коопсуздук органдарындагы эмгек жолу 1994-жылдан башталган. Ар кандай ыкчам жана жетекчилик кызматтарды аркалап, УКМКда бир катар жооптуу кызматтарда иштеген. 2020-жылы 9-кызматтын башчысы болгон.
2026-жылдын 10-февралынан баштап Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 10-февралда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Бул чечим коомчулук үчүн күтүүсүз болду жана кызуу талкуу жаратты.
Кийин президенттин басма сөз кызматы маалымат таратып, мындай чечим бөлүнүп-жарылууга жол бербөө, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алынганын билдирди.
Президенттин жарлыгынан кийин Ташиев өлкө башчынын уруксаты менен Германияда дарыланып жатканын айтып, кызматтан алынганы ал үчүн да жаңылык болгонун белгилеген. 13-февралда Кыргызстанга келген Ташиев 17-февралда кайра чет өлкөгө учуп кетти.
































