УКМК: Жардыргыч жасоону үйрөнгөн өспүрүмдөр кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК тараткан сүрөт
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын Улуттук коопсуздугу мамлекеттик комитети (УКМК) акыркы убакта өспүрүмдөрдүн интернет аркылуу радикалдык жана террордук уюмдарга азгырылуу фактылары көбөйгөнүн билдирип, ата-энелерди сак болууга чакырат.

Мекеменин маалыматы боюнча, акыркы жарым жылда жашы жете электердин террордук топторго азгырылган бир нече учуру аныкталган.

"Мисал катары айтсак, акыркы 6 ай аралыгында өспүрүмдөрдүн интернет аркылуу террористтик уюмдарга азгырылгандыгы боюнча УКМК тарабынан бир нече фактылар аныкталган. Алардын биринде өспүрүмдөр террористтик акт жасоого даярдык көрүп, жардыруучу түзүлүштөрдү жасоону өздөштүрүү стадиясында болсо, экинчилери жардыруучу түзүлүштү жасоо стадиясында кармалган. Бул көрүнүштөр өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп, мамлекеттин, коомдун тынчтыгына эбегейсиз зыян алып келиши мүмкүн" деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Атайын кызмат интернет азыр маалымат жана билим алуунун негизги куралы болгону менен, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу жашы жете электер радикалдык идеологияга тартылып, терроризмге жана экстремизмге азгырылып жатканын эскертет.

"Дистанциялык радикалдашуу жашыруун түрдө жүрөт. Өспүрүмдөр интернет аркылуу мыйзамга каршы үндөгөн материалдарды алып, аларды даңазалап, радикалдык идеологияны кармана баштайт. Айрым учурларда өспүрүмдөр интернет аркылуу жардыруучу түзүлүштөрдү даярдоону, башкача айтканда, өз алдынча жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу ыкмаларын үйрөнүшү мүмкүн. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлерине каршы кол салуу чакырыктарга туш болушат" деп билдирди атайын кызмат.

Кыргызстанда 20дан ашык уюмга экстремисттик жана терродук уюм деп табылып, ишмердигине тыюу салынган. Ошондой эле 2014-жылдан кийин бир катар кыргыз жарандары Сириядагы жана Ирактагы "Ислам мамлекети" сыяктуу топторго кошулуп кеткени белгилүү.

УКМК тараткан сүрөт

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК тараткан сүрөт