"Мандатымды тапшыруу ниетим жок": Сулайманов лидерлик кызматын Мамытовго өткөрүп берди

Сүрөттүн булагы, Official
Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" жана "Мекенчил" депутаттык топторунда лидерлер алмашты. Мындай чечимдер парламенттеги соңку саясий өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө кабыл алынды.
"Ата-Журт" депутаттык тобун жетектеп келген Нурланбек Азыгалиев лидерликти өз каалоосу менен Дастанбек Жумабековго өткөрүп берди.
"Мекенчил" депутаттык тобун жетектеп келген Кундузбек Сулайманов бул кызматты 18-февралда мандат алган депутат Талант Мамытовго тапшырганын жарыялады.
Буга чейин парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Турганбек уулу спикерлик кызматын өткөрүп берген. Андан көп өтпөй депутат Элдар Сулайманов мандатын тапшырган.
Сулайманов депутаттыктан кеткенден кийин мандат маселеси коомдо кызуу талкууланып, дагы башка депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулушу мүмкүн деген маалыматтар тарай баштаган.
Айрыкча "Мекенчил" тобунун мурдагы лидери Кундузбек Сулаймановдун мандаты алынат деген кептер кеңири тараган.
Депутат Би-Би-Сиге берген маегинде бул маалыматтарга жооп берип, андай чечим мыйзам негизинде гана кабыл алынышы мүмкүн экенин белгилеген.
"Мен муну кечээ маалыматтардан угуп калдым. Мага мандатты менин шайлоочуларым берген. 150 миң шайлоочунун ичинен 12 миңге жакын шайлоочу мага добуш берген. Эгерде мыйзамга ылайык ошолор кол чогултуп, ал колдор экспертизадан өтүп анан менин мандатымды алам дей турган болсо, макулмун. Болбосо башка ким алышы мүмкүн?. Ал үчүн же мен өлүшүм керек, же өзүм арыз жазышым керек. Болбосо кандайдыр бир кылмыш кылышым керек. Менин мандатымды тапшыруу ниетим жок",- деген ал Би-Би-Сиге.
Анын ордуна лидер болуп келген Талант Мамытов саясатта тажрыйбалуу фигура катары саналат. Ал 2020-жылдагы саясий туруксуздуктан кийин Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп шайланган.
Мамытов андан мурда президент Садыр Жапаров жана УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен саясий жактан ымалалаш болуп келген.
2012-жылы Жапаров, Ташиев жана Мамытов депутат кезинде "Кумтөрдү" улутташтыруу талабы менен митинг өткөрүп, андан кийин кармалган.
2021-жылы Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан убактылуу баш тартканда, Талант Мамытов өлкө башчысынын милдетин аткаруучу болуп калган. 2022-жылы болсо ал спикерлик кызматтан өз каалоосу менен кеткен.
































