"Путин Үчүнчү дүйнөлүк согушту баштады". Зеленскийдин Би-би-сиге интервьюсу

- Author, Жереми Боуэн
- Role, Би-би-синин эл аралык серепчиси
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Украин президенти Владимир Зеленский кажыбастыгын улантууда.
Бул Зеленскийдин Жереми Боуэнге берген маегинин котормосу. Интервьюнун түп нускасын жана кенен мазмунда бул жерден окуй аласыздар.
Киевдеги жолугушуубузда Зеленский Украина согушта жеңилбей келе жатканын жана ал согушту жеңиш менен аяктарын айтты. Ал, Орусия он миңдеген жоокерлеринен айрылса да басып ала албаган стратегиялык аймактардан украин жоокерлерин чыгарып кетүүнү талап кылган Владимир Путиндин талаптарына аткарууга караманча каршы.
Зеленский мага Путин Үчүнчү дүйнөлүк согушту эми эле баштаганын айтты. Ага жооп берүүнүн жалгыз жолу - аны артка чегинүүгө мажбур кылуу үчүн аскердик жана экономикалык басымды күчөтүү.
"Менин оюмча, Путин аны эбак баштаган. Маселе - ал кайсы аймактарды канчалык деңгээлде басып ала алат дегенде, - дейт Зеленский. Ошондой эле аны кантип токтотобуз деген суроо турат. Бул Орусия жеңбеши үчүн гана эмес. Орусия өзүнүн "тынчтыгын" таңуулап, адамдар көнүп калган жашоону өзгөрткүсү келет".
Украина көзөмөлдөп турган Донбасстын 20% (украиндер "шаар-чептер" деп атаган бир катар калктуу пункттарды), ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарынын башка бөлүктөрүн берүүгө байланышкан талаптарга президенттин жообу кандай? Эгер натыйжада ок атышууну токтотуу келишими түзүлсө, бул акылга сыярлык талап деп эсептөөгө болобу? Бул суроолорду мен ага узаттым.
"Мен буга башкача карайм. Мен муну жөн эле жер катары карабайм. Бул — позицияларыбызды алсыратуу, ал жакта жашап жаткан жүз миңдеген жарандарыбызды таштап кетүү дегенди билдирет. Мен ушинтип карайм. Бул коомубузду бөлүп-жарат", - деп жооп берди Зеленский.
Балким, бул Путинди канааттандырса, кабыл алууга боло турган баа эмеспи? Бул ага жетиштүү болот деп ойлойсузбу?
"Менин оюмча, Путинге бул тыныгуу керек, - дейт Зеленский. Ага да тыныгуу зарыл. Ал эмне дебесин, бул чындык. Ал өзүнө келгенден кийин… Европалык өнөктөштөрүбүз буга үч-беш жыл беришет. Менин оюмча, ал эң көп дегенде бир-эки жылда калыбына келет. Анан ал кайда багыт алат? Биз билбейбиз. Бирок ал улантууну (ред.согушту) каалары - факт".
"Биз жеңилип жатабызбы? Албетте, жок!"
Биз Владимир Зеленский менен Киевдин борборундагы катуу кайтарылган өкмөттүк кварталдагы имараттардын биринде сүйлөштүк. Маек учурунда ал негизинен украин тилинде сүйлөдү.

Сүрөттүн булагы, Fred Scott/BBC
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын коопсуздук кызматы милдеттерине өтө олуттуу мамиле кылат, бул президенттин мойнунда кандай чоң жоопкерчилик бар экенин көрсөтүп турат. Кайсы өлкөнүн лидери болбосун аны менен маек тыкыр текшерүүнү талап кылат. Бирок Киевдеги президенттик комплексте туш болгон процедураларды мен чанда эле көргөм. Согушуп жаткан өлкө үчүн бул таң калыштуу эмес, айрыкча Орусия буга чейин президентке кол салууга аракет кылганын эске ала турган болсок.
Карьерасын актёр катары баштап, "Жылдыздар менен бийлөө" шоусунун украин версиясында жеңишке жетишип, кийин күтүүсүздөн президент болуп калган каармандын ролун жараткан Зеленский буга карабастан эрктүүлүгүн жогото элек.
Жакында Женевада өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алдында АКШ президенти Дональд Трамп "Украина тезирээк сүйлөшүү үстөлүнө отурушу керек" деген. Адаттагыдай эле, ал Орусияга караганда Украинага көбүрөөк басым көрсөтүүдө.
Батыш дипломаттары Трамп ок атышууну токтотуунун негизги шарты катары Украинанын аймактык кечүүлөргө барышын колдой турганын белгилешет. Бул согушту токтотуунун башкы шарты болуп, Трамп аны идеалында жайга чейин камсыздагысы келет.
Ак үй эле эмес, башка да көптөгөн аналитиктер Украина бул согушта жеңе албайт деп эсептешет. Эгер ал Москванын айтканына көнбөсө, жеңилет дешет.
Мен Зеленскийден Трамптын жана башкалардын бул пикири калыспы деп сурадым.
"Сиз азыр кайда турасыз? - деп каршы суроо узатты ал. Бүгүн сиз биздин борбор Киевдесиз. Мен буга абдан ыраазымын. Биз жеңилип жатабызбы? Албетте, жок! Биз Украинанын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жатабыз".
Жеңишти Зеленский кандай түшүнөт?
Зеленский буга чейин Украина жеңерин бир нече ирээт кайталаган. Бирок ал жеңиш кандай болмокчу?
Президенттин айтымында, жеңиш деген бул - адамдардын өлтүрүлүшүн токтотуу жана украиндердин кадимки жашоого кайтып келиши. Бирок кеңири маанисинде бул - Путинден чыккан глобалдык коркунучту жоюу.
"Бүгүн Путинди токтотуу, ага Украинаны оккупациялоого жол бербөө - бул дүйнөнүн жеңиши".
Бирок, сиз, жеңиш деген бардык аймактарды кайтарууну түшүндүрөт деп жатпайсызбы?
"А биз баары бир ага жетебиз. Ал убакыттын иши экени айдан ачык. Аны мына бүгүн ишке ашырсак, көп адамдарды, миллиондогондорду жоготуп алабыз, себеби алардын армиясы чоң да. Биз бул кадамдардын баасын түшүнөбүз".
"Бизде тийиштүү өлчөмдө курал-жарак дагы жок. Бирок бул бизден эле эмес, өнөктөштөрдөн да көз каранды. Бирок 1991-жылдагы адилет чек араларга кайтуу, сөзсүз түрдө...Бул жеңиш дагы эмес, бул адилеттиликтин жеңиши болмок. Украинанын жеңиши".
Бир жыл мурун Зеленский Ак үйдө болуп, анда жогору расмий батыш дипломаты айткандай Трамп менен вице-президент Жей Ди Вэнстин алдын ала пландалган "дипломаттык бандиттигине" кабылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
ММК алдындагы алардын талашын дүйнөдөгү миллиондогон эл көргөн.
Трамп жаңы гана экинчи ирээт президенттик кызматка отурган кез эле. Ага чейин Жо Байдендин тушунда Зеленский менен Украина АКШ тараптан толук колдоого ээ болуп келсе, Трам эми андай болбошу тууралуу катуу белги берген.
Жаңы администрация анда НАТО мүчөлөрүн дагы "көзөмөлгө алып", Вэнс батышевропалыктардын трансатлантикалык альянс тууралуу иллюзияларын жокко чыгарган.
Андан кийин Зеленский Трамп менен эл алдында талашып тартышкандан качып жүрдү, мындай кеңешти ал улуттук коопсуздук боюнча британиялык кеңешчи Жонатан Пауэлладан алганы да айтылган.
АКШ президенти Киевге дээрлик аскердик жардамды токтотту. Бирок Вашингтон абдан маанилүү чалгын маалыматтары менен бөлүшүп турат, ал эми европалык өлкөлөр миллиарддаган акча каражатын коротуп, Украина үчүн америкалык курал сатып алышууда.
































