Мелания Трамп: Эпштейндин жабырлануучуларына Конгрессте сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бергиле
- Author, Бернд Дебусманн
- Role, Ак үйдөн баяндайт
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Жеффри Эпштейн менен байланышы жок экенин, экөөнү байланыштырган ар кандай дооматтар токтотулушу керектигин белгиледи.
Ал эки күн мурда Ак үйдө журналисттердин алдында күтүүсүз билдирүү жасап, Эпштейндин курмандыктарынын катышуусунда анын иши боюнча Конгрессте угууларды өткөрүүгө чакырды. Мелания Трамп Эпштейн аны Дональд Трамп менен тааныштырган деген имиштерди четке кагып, бул адамдын аброюна шек келтирүү үчүн жасалган аракеттер деп атады.
Бул билдирүүгө эмне түрткү болгону белгисиз.

Сүрөттүн булагы, Davidoff Studios/Getty Images
АКШнын биринчи айымынын кеңсеси буга чейин Мелания Трамп Эпштейн боюнча билдирүү жасайт деп маалымат тараткан эмес. Буга кошумча Ак үй да президенттин жубайынын күн тартибине чуулгандуу финансист тууралуу билдирүү болот деп алдын ала жазган эмес.
Ал эми Доналд Трамп өзү MS Now медиасына жубайынын билдирүүсү жөнүндө алдын ала билбегенин айтты. Бирок New York Times басылмасы Мелания Трамптын өкүлүнүнө таянып, президент биринчи айымдын билдирүү жасоо ниети бар экенин билгенин жазып, кийинчерээк Трамп аялынын сөзү кандай мазмунда боло турганынан кабардар болуп-болбогону анык эместигин кошумчалады.
Мелания Трамптын айтымында, ал Эпштейндин курмандыгы болбогон жана аны менен 2000-жылы бир-эки жолу гана жолуккан.
"Мен Эпштейндин жасаган кордуктары жөнүндө эч качан билген эмесмин. Эч качан андай иштерге аралашкан эмесмин", – деди ал.
Ошондой эле Трамп айым Эпштейндин камактагы шериги Гислен Максвеллди тааныганын да четке какты.
Ал Эпштейндин документтеринде жарыяланган 2000-жылы Максвеллге жазган электрондук катты "жөнөкөй кат алышуу" жана "сылык жооп" деп атады.
Мелания Трамп сөз кылган кат "Г" деп аталган бирөөгө (Гислейндин кыскартылган варианты болушу мүмкүн) жөнөтүлгөн жана анда New York Magazine журналына чыккан Г'нын сүрөтү бар "ЖЭ" тууралуу макаланы мактап, Палм-Бичке барууну "чыдамсыздык менен күтүп жатканы" жазылган.
Катта "Нью-Йоркко келгенде мага чал... Убактыңды көңүлдүү өткөр! Сүйүү менен, Мелания", - деп айтылат.

Сүрөттүн булагы, US Department of Justice
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
New York Magazine журналындагы ал макалада азыркы президент Дональд Трамптын Эпштейнди "сонун жигит" катары сыпаттап, "аны менен убакыт өткөрүү абдан кызыктуу" деген сөздөрү келтирилген.
"Мага окшоп ал дагы сулуу аялдарды жакшы көрөт, көбүнчө жаш кыздарды жактырат... Жеффри жашоодон ырахат алган киши", – деген Трамп.
Мелания Трамп кечээ АКШнын эл өкүлдөрүн Эпштейн иши боюнча "курмандыктарга Конгрессте сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө" чакырды:
"Ар бир аял өз окуясын эл алдында айтып берүүгө укугу болуш керек жана алардын көрсөтмөсү сөзсүз отурум протоколдоруна киргизилиши керек. Биз ошондо гана чындыкты биле алабыз".
Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
Бул билдирүүдөн көп өтпөй АКШнын Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитетиндеги эң таасирдүү демократ саясатчы Роберт Гарсия Мелания Трамптын сунушун колдоп, комитеттин төрагасы болгон республикалык депутат Жеймс Комерди "Биринчи айымдын өтүнүчүнө жооп берүүгө жана тез арада ачык угууларды уюштурууга" үндөдү.
Мелания Трамптын сөзү Эпштейн курмандыктары арасында талаш-талкуу жаратты. Алардын бири Лиза Филлипс бул билдирүүнү "чечкиндүү кадам" катары мүнөздөп, ошол эле маалда АКШнын биринчи айымы Эпштейнден жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү үчүн дагы эмне кыла алат деген суроону ортого салды. Ал президенттин жубайын Эпштейнден кордук көргөндөргө жардам берүүгө жана анын сөзү жөн гана "саясий театр" эмес экенин далилдөөгө чакырды.
Башкалар Трампты күйөөсүнүн администрациясынын мүчөлөрүн коргоп жатат деп айыпташты. Алардын айтымында, АКШ бийлиги ар түрдүү жүйөөлөрдү келтирип, Эпштейнге тиешелүү бардык документтерди ачыкка чыгарбай, жарымын гана жарыялаган.
Мелания Трамп жана Эпштейндин ортосундагы мамиле буга чейин көп талкууланып, атүгүл сотко чейин жеткен. Мисалы, 2025-жылдын октябрында HarperCollins UK басмаканасы Дональд Трамп менен жубайы Эпштейн аркылуу таанышкан деген "тастыкталбаган" маалымат үзүндүлөрүн басмакана чыгарган китептен алып саларын билдирген. Ошондой эле Daily Beast басылмасы кийинчерээк сот "журналисттик стандарттарга жооп бербейт" деп таанылган макаласы үчүн кечирим сурап, аны сайтынан өчүрүп салган.
Учурда Трамп жазуучу Майкл Вулфф менен анын "Жалын жана каар" (Fire and Fury) аттуу китебинде Мелания күйөөсү менен Эпштейнге байланышы бар моделдик агент аркылуу таанышкан деген дооматы боюнча соттошуп жатат. Президенттин жубайы жазуучуну жалган жалаа жапты деп 1 миллиард доллар кенемте өндүрүүнү талап кылган. Андан соң Вулфф Мелания Трампка каршы доо арыз менен сотко кайрылган.
Мелания өзүнүн кечээки кайрылуусунда мындай деп айтты:
"Мен жана менин жактоочуларым бул негизсиз жана жалган жалааларга каршы ийгиликтүү күрөшүп келдик. Мен өзүмдүн аброюмду коргоону уланта берем".
Мелания Трамптын билдирүүсү биринчи айым үчүн журналисттерге кайрылган өтө сейрек учурлардын бири. Анын сөздөрү Ирандагы согуштан улам анча көңүл бурулбай калган АКШнын Юстиция министрлигинин Эпштейн иши боюна тергөө жана анын файлдарынын ачыкка чыгарылышы тууралуу коомдогу талаш-тартыштарды кайрадан күчөтүшү мүмкүн.
Дональд Трамп Эпштейнди тааныганын моюнга алганы менен, кийинчерээк аны "кызыктай бир адам" болгону үчүн Палм-Бичтеги "Мар-а-Лаго" гольф клубунан кууп чыкканын кошумчалаган. Трамптын аты Эпштейн файлдарында көп жолу кездешет, бирок анын кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жасаганына эч кандай далил жок.
































