Феликс Кулов Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун каржылоого коомчулукту тартууну сунуштады

Сүрөттүн булагы, screenshot
Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Кыргызстандын тарыхындагы эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун элдин катышуусу аркылуу куруу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Бул тууралуу ал "Фейсбук" социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
"Долбоорду жөн эле куруп койбостон, элди анын ээси кылууга мүмкүнчүлүк бар. Муну менен дивиденддерди мамлекеттин бюджетине гана эмес, ар бир үй-бүлө ала тургандай кылсак болот. Бул актив балдарга, неберелерге, чөбөрөлөргө чейин өтөт",- деп белгиледи Кулов.
Ал кошумчалагандай, долбоордун жалпы баасы болжол менен 4,7 миллиард доллар жана курулуш мөөнөтү 6 жыл деп пландалган, бирок акыркы маалыматтар боюнча аны 4 жылга чейин кыскартуу каралууда.
Кыргызстандын үлүшү 24,5% жана Куловдун сунушуна ылайык, бул үлүштүн бир бөлүгүн элдик акцияга айландырса болот.
"Мисалы, мамлекет өз үлүшүнүн 30%ын бөлүп, жарандарына долбоордун акцияларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн бере алат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ар бир чоң адам үчүн базалык пакеттин суммасы 4–5 миң сомду түзөт жана аны 4–6 жылга бөлүп төлөө мүмкүн. Бул болсо айына болжол менен 60–90 сом болот. Демек, дээрлик ар бир адам үчүн жеткиликтүү",- деп түшүндүрдү ал.
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушуна 2024-жылдын 27-декабрда старт берилген.
Жолдун Кыргызстандын аймагындагы жалпы узундугу 304 чакырымдан ашат. Ал Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад маршруту боюнча өтөт.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – үч өлкөнүн темир жолдорун жана андан ары Перс булуңундагы өлкөлөрдү, Түркияны Европа темир жол тармагы менен туташтыра турган ири долбоор болуп саналат.
Ортодогу келишимдерге ылайык, темир жолду кура турган биргелешкен компанияда Кытайдын үлүшү 51%. Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстанга 24,5 пайыздан тийген.




























