Палестина автономиясы оор абалда: Израилдин Батыш жээктеги таасири күчөп жатат

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Йоланд Кнелл
- Reporting from, Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчы, Рамалла
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Оккупацияланган Батыш жээкте отурукташып жаткан израилдиктердин зомбулугу күчөп жаткан шартта, Рамалланын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан аль-Мугаййир айылы кооптуу зонага айланды.
Айылга Израил армиясы байма-бай кирип турат. Отурукташып жаткандар айылдын айдоо жерлерин ээлеп алып, жаңы форпостторду куруп жатышат.
Айыл кеңешинин өкүлү Марзок Абу Наимдин айтымында, отурукташып жаткандардын максаты, палестиналыктарды акырындык менен сүрүп чыгаруу.
"Алар муну ачык жасабайт, бирок бул - аннексия. Биз өз жерибизге жете албай калдык",-дейт ал.
Зайтун бактарына жана дөңсөөлөргө курчалган бул айылдагы үйлөрдүн көбү коопсуздук жагын Израил аскерлери көзөмөлдөгөн аймакта жайгашкан.
Негизги кызматтарды болсо эл аралык коомчулук колдогон Палестина автономиясы камсыздашы керек. Бирок азыр автономия терең экономикалык каатчылыкка кептелип, муну аткарууга чамасы жетпей турат.
"Аларга кайрылсаң, жардам бере албайбыз дешет. Автономиянын акчасы жок!",- дейт Абу Наим.
7-октябрда ХАМАСтын Израилге жасаган кандуу кол салууларынан кийин болжол менен 100 миң палестиналык Израилде иштөөгө берилген уруксатынан ажыраган.
Мындан тышкары, Израил Палестина автономиясы үчүн чогулткан салык каражаттарын бербей кармап турат.
Бул палестин мектептериндеги окуу китептери жана Израил тарабынан камалган же өлтүрүлгөн адамдардын, анын ичинде кол салууга катышкандардын үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү жөлөк пулдар боюнча талашка байланыштуу болууда.
Автономия азыр 4 миллиард доллардан ашык каражат ала электигин билдирет. Мамлекеттик кызматкерлер - дарыгерлер, полиция, мугалимдер айлыгынын болгону 60 пайызын гана алып жатышат. 600 миңден ашуун бала окуган мектептер жумасына үч күн гана иштейт.
Аль-Мугаййирдеги сегиз баланын энеси абал оор экенин айтат. Отурукташып жаткандар же аскерлер жакын жерде жүрсө, коопсуздук үчүн мектептер жабылат.
"Абал ушунчалык чыңалгандыктан, айрым балдар төртүнчү класска көчсө деле, дагы эле окуй албайт. Айылдагы мугалимге жеке сабакка беребиз. Ал алиппеден баштап кайра үйрөтөт",- дейт ал.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Айылдан чыгып баратып, Израилдин аскердик дарбазаларын көрүүгө болот. Алар палестин айылдарын бири-биринен бөлүп, кыймылды чектейт.
Ошондой эле бульдозерлер жолдорду кеңейтип, конуштарды өз ара жана Иерусалим менен тез туташтыруу үчүн тегерек-четти өзгөртүп жатканы байкалат.
Эл аралык укукка каршы келген конуштар азыр болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта кеңейүүдө.
Бул жагдай Палестина автономиясына болгон басымды дагы күчөтүүдө. 30 жылдан ашык убакыт мурун Израил менен түзүлгөн Осло келишимдеринен кийин палестиналыктар Батыш жээк менен Газа тилкесинде, борбору Чыгыш Иерусалим болгон көз карандысыз мамлекет түзүлөт деп үмүттөнүшкөн.
Автономия бул максатка сүйлөшүүлөр жана зомбулуксуз жол менен жетүүнү каалаган.
Бирок тынчтык процесси негизделген түз сүйлөшүүлөр он жылдан ашык убакыт мурда эле токтоп калган.
Израилдин Батыш жээктеги конуштарын кеңейтүүсүн токтото албаганы жана палестин мамлекетин түзө албаганы автономиянын алсыз экенин көрсөттү.
Бул буга чейин эле коррупцияга, саясий туңгуюкка жана Израил менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыкка нааразы болуп келген палестиналыктардын ишенимин дагы да төмөндөтүүдө.
Мен Рамаллага кирүү үчүн израилдик аскердик текшерүү бекетинде кезекке турам. Рамалла - Палестина автономиясынын кеңейген административдик борбору. Көчөлөрдө палестин полициясы жүрөт. Бул Батыш жээктеги автономия толук көзөмөл жүргүзө алган аймактын бир бөлүгү.
Бирок бул жерден да автономиянын башкаруусу кулашы мүмкүн деген эскертүүлөр көбөйүүдө.
Палестина автономиясынын мурдагы министри жана президенттин саясий партиясынын төрага орун басары Сабри Сайдам муну "турмушубуздагы бурулуш учур" деп мүнөздөйт.
Анын айтымында, "Палестин мамлекеттүүлүгү, палестин улуттук өзгөчөлүгү жана ата-бабалары жашаган бул аймактагы палестиндердин өзү азыр Израилдин аракеттери менен коркунуч алдында турат. Палестина автономиясынын өзү да суроо алдында".
Бул айда Израил өкмөтү Батыш жээктеги көзөмөлүн күчөтүү үчүн жаңы кадамдарды жасап жатат. БУУнун жогорку даражалуу кызматкери бул "акырындык менен аннексияго" барабар экенин эскертти.
Талаштуу жаңы жер каттоо процесси Израилге келечекте бул аймактарды Израил мамлекетинин жери деп эсептөөгө жол ачып бериши мүмкүн. Ошондой эле Израил Палестина автономиясынын көзөмөлүндө турган аймактарда экологиялык жана археологиялык эрежелерди күчөтүп ишке киргизүүдө.




























