"Досума эскертип келгем". Президент күч түзүмдөрүндө ири реформалар жүргүзүлөрүн айтты

Президент

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, күч түзүмдөрүндө ири реформалар жүргүзүлөрүн билдирди.

Маекте журналист атайын кызматтын аброю тууралуу суроо узаткан. Анда Союз маалында КГБда ким иштээрин эл билчү эмес эле, азыр коомчулукта УКМКнын айрым кызматкерлери каалаган жерде кызматтык күбөлүгүн көтөрүп чаап, "чекист" деген аттын кадырын түшүрүп жатат деген сын-пикирлер бар экенин айтты.

Президент мындай сын-пикирлерден кабары бар экенин белгиледи. Айтымында, бул маселе боюнча ал мурда эле бир нече жолу эскерткен.

"Досум, (Камчыбек Ташиев) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кадыр-баркын көтөр. Мурдагы СССРдин КГБсындай баркы болушу керек. Антпесе эл арасында "УКМКнын кызматкеримин" деп күбөлүгүн "камокторго" да көрсөткөн учурлар бар. "Ушундай сын-пикирлерден арылалы" деп бир топ жолу айткам",- деген Жапаров.

Журналист маегинде УКМКнын айрым кызматкерлери мыйзам бузууга жана кылмышка шектелип кармалып жатканын эске салып, бул жагдай аларга ашыкча ыйгарым укук берилгенинен улам келип чыккан жокпу деген суроо узаткан. Ошондой эле атайын кызмат дээрлик бардык тармакка - курулуштагы мыйзам бузуулардан тартып базардагы эттин баасына чейин, атүгүл интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы аракеттерге чейин аралашып келгени тууралуу коомчулукта талкуу бар экенин белгилеген.

Президент Садыр Жапаров бул суроого жооп берип жатып, интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш боюнча видео жарыяланган күнү эле атайын кызматтын жетекчисин чакырып сүйлөшкөнүн айткан.

"Досум, бул тармакты ИИМге бер, бул алардын иши. Сен УКМКнын деңгээлин түшүрбө" деп айттым эле. Ал эми коррупцияга аралашкан кызматкерлер боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Алар боюнча маалымат берүүгө болбойт",- деген Жапаров.

УКМК өзүнө тиешелүү иштер менен гана алектенет

Садыр Жапаров күч түзүмдөрүндө алдыда чоң реформа болорун билдирди. Айтымында, бул өзгөрүүлөрдү мурда эле баштоону пландаган, бирок ар кандай себептерден улам жылдырылып келген.

Президент реформага ылайык Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнө тиешелүү иштер менен гана алектене турганын айтты.

"Чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарына каршы күрөш жана башка иштер менен алек болот. Ушул тармактар боюнча тергөө укуктары өздөрүндө калат. Экономикага киришпейт. УКМК эмне менен алек болуп жүргөнүн, ким анын кызматкери экенин эч ким билбеши керек. Реформадан кийин мурдагы КГБдай накта атайын кызмат болот. ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барат. Тармагына тиешелүү тергөө укуктары өздөрүндө калат. Албетте, тизме түзүлүп, кайсы укуктар кимге берилери мыйзам менен кабыл алынат",- деди ал.

Тергөө комитети президентке баш иет

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондой эле жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн, тергөөнүн баары ошол органга өтөрүн айтты. Ал эми Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы бардык иштер мыйзамдуу жүрүп жатабы же жокпу, ошону көзөмөлдөй турганын белгиледи.

"Эмне үчүн Тергөө комитетин түзүп атасыңар десеңиз, биз келечекти жана түбөлүктүүлүктү ойлошубуз керек. УКМКда да, ИИМде да экөөндө тең "ОРД" (ыкчам-иликтөө ишмердиги) жана тергөөчүлөр бар. Баарынын үстүнөн бир эле министр башкарат. Мисалы, "оперативник" иш алып келет. Иш адилетсиз, бирөөнү "подстава" кылып эле камап жатат дейли. Тергөөчүгө ишти өткөрүп бергенде ал "бул ишиң соттон өтпөйт" деп кабыл албай коёт. Анан тергөөчүнүн үстүнөн министр чалат дагы "кабыл алып, кылмыш ишин ач" деген буйрук берет. Тергөөчү айласы жок, амалы жок кылмыш ишин ачат. Ошентип азыркы учурда адилетсиз болуп жаткан фактылар жок эмес",- деди ал.

Айтымында, жаңы түзүлө турган Тергөө комитети түздөн-түз президентке баш иет.

""Оперативник" менен министр алып келген чийки иштерди кабыл албай коёт. Иш козгобойт. Албетте, адилетсиздикке кабылып жаткан жарандарыбыз камалбайт. Дароо коё берилет. Мына ушундай кылганыбызда гана адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы, 95 пайыз сакталат. Келечек муунга коопсуздук камсыздалат. Экономикалык иштер деле ушундай болот. Эгер чындап кылмыш кылсаң камаласың, жалаа жабылып жаткан болсо бошотуласың. Эки башка орган бири-бирине баш ийбей, ортодо туура чечимдер чыгат",- деди Жапаров.

Президент бул иштер дароо эмес, келечекте ишке ашырыла турганын белгиледи.

"Имараттарын, техникалык базаларын даярдайбыз. Жарлык чыгат, тиешелүү мыйзамдар Жогорку Кеңешке киргизилет, анан талкуудан өтүп кабыл алынгандан кийин уюштуруу иштери башталат. Быйыл бизде ШКУ саммити, Көчмөндөр оюну өтөт. Ошого байланыштуу реформаны ишке ашырууга эмдиги жылы киришебиз",- деди ал.

Кылмыш иштерин кайра кароо талабы

Президент Садыр Жапаров 10-февралда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алды. Бул чечим коомчулук үчүн күтүүсүз болуп, кызуу талкуу жаратты.

Аны менен кошо бир катар орун басарлар да алмашты. Атайын кызматтын айрым башкармалыктарынын жетекчилерине жана тергөөчүлөрүнө кылмыш иштери козголуп, камалды.

Алар криминалга аралашып, ишкерлерди опузалап жүргөнү тууралуу кабарлар тарады. "Эду жана анын кырк чоросу" деген топ бар экени тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жайылтылды.

Бул окуя парламент депутаттары арасында да кызуу талкуу жаратып, УКМК соңку беш жылда тергеген кылмыш иштери кайра каралышы керек деген талаптар да айтылды.

Ал арада УКМКнын төрагалыгына сунушталган 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков 19-февралда расмий ишин баштады.

Көп өтпөй УКМК соңку беш жыл ичинде атайын кызмат тергеген бардык кылмыш иштерин кайра кароо үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү сунушуна байланыштуу түшүндүрмө таратты.

Маалыматта кылмыш иштерин кайра кароо укугу сот жана прокуратура органдарына гана таандык экени белгиленген.