Бийлик үчүн күрөшпү же кутумдун алдын алуу аракетиби? Кыргыз саясатын калчаган он күн

Сүрөттүн булагы, courtesy
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Окуу убактысы: 11 мүнөт
Беш жылдан ашык созулган тандем аяктап, президент Садыр Жапаров эң жакын саясий өнөктөшү, досу Камчыбек Ташиевди бийлик сересинен четтетти. Он күндүн ичинде атайын кызматта иштен алуу жана камоолор орун алды. Парламенттин төрагасы алмашты. Айрым министрлер кызматтан кетти. Республикалык макамдагы Ош шаарынын мэри да ордун бошотуп берди. 10-февралдан бери Кыргызстанда болгон окуяларды кантип чечмелесе болот?
Би-Би-Си соңку он күндөгү кыргыз саясатын калчаган окуяларга токтолуп, Кыргызстандагы эң эле таасирдүү экинчи фигура Камчыбек Ташиевдин отставкасы – бийлик үчүн күрөшпү же бийликти бекемдөөнүн кадыресе ыкмасыбы, болбосо Жапаровго каршы уюштурулган кутум алдын алындыбы деген суроолорго жооп издеди.
Шейшемби, 10-февраль, бешим – кыргыз саясатындагы эсте кала турган учур болуп калды.
Президент кан досу, саясаттагы үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрага орун басары кызматынан бошотту.
Өлкө жетекчисинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент бул чечимди коомчулук, анын ичине мамлекеттик түзүмдөр ортосунда бөлүнүп-жарылууга жол бербөө үчүн кабыл алды деп түшүндүрдү.
Бул маалда Камчыбек Ташиев чет өлкөдө дарыланууда жүргөнү белгилүү болду. Бир күндөн кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Германиядан кат жөнөтүп жиберди. Аны Фейсбукка Ташиевдин тарапташы, азыр "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айыпталып, 10-апрелге чейин камалган Нургазы Анаркулов таратты. Катта президенттин чечими күтүүсүз болгону айтылды.
"Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли- журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт!"- деген Камчыбек Ташиев.
Үч күндөн кийин, 13-февралда таң агара электе Камчыбек Ташиев Мүнхенден Бишкекке кайтып келди. Аны тоскону барган журналисттер менен сүйлөшкөн жок. Ушул эле күнү Садыр Жапаров отставка боюнча "Кабар" агенттигине маек куруп, чечим кабыл аларда досуна чалганын билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президент Ташиевди айланасындагы "ак сакал, көк сакалдар" жолдон адаштырганын, досун сактап калуу үчүн ушундай тез чечим кабыл алганын айтты:
"Алар Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, "генерал тарапка өткүлө" деп парламент депутаттарынан тарта, жооптуу мамлекеттик кызматтагы адамдарга, коомдо аттуу-баштуу делген адамдарга чейин чыга башташкан. Камчыбек Ташиевди кызматтан албасам жогорудагы багытта иш алып баргандардын аракетинин аркасында бул сөздөр дагы да күчөп, мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, ал турсун тирешүүлөргө дагы алып келмек. Ошол үчүн досумду кызматтан алууга туура келди. Мамлекеттеги стабилдүүлүк мен үчүн баарынан жогору".
Садыр Жапаров кеп кылган "ак сакалдар", башкача айтканда, президенттик шайлоону тезирээк өткөрүүнү сунуштап, мамлекет башчысы менен парламент төрагасына кайрылуу жолдогон 75 киши болсо, 11-февралда эле суракка чакырылды. Алардын ичинен бешөө - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Курсан Асанов жана Аалы Карашев камалды.
Ошол эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да текст түрүндө билдирүү жасап, 75 адамдын кайрылуусу саясий достуктун ыдырашына себеп болгонун ырастады:
"Так ушул чагымчылар жана алардын ачык амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосуна жик салды. Бул ажырым жалпы коомдун жана мамлекеттин бөлүнүүсүнө коркунуч келтире баштады. Буга жол берүүгө болбойт. Бийлик так, конституциялык жактан аныкталган жана бир гана жоопкерчилик борборуна топтолушу керек".
Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров үстүртөн караганда 75 кишинин кайрылуусу жөнөкөй көрүнгөнү менен түпкүлүгүндө башка ой жаткан деген пикирде:
"2020-жылы октябрда Сооронбай Жээнбеков арыз жазып бергендей, Садыр Нургожоевичтин алдында да ушундай эле жол калган. "Арыз жазыңыз, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрөбүз" дегендей эле түр көрсөтүшкөн. Бүгүнкү камоолор, реформалар, ага чейинки 75чилердин катын жакшылап анализдесеңер ушуга келе жаткан. Садыр Нургожоевич президент катары убагында туура чечим кабыл алды. Достукка караган жок, мамлекетти, элдин биримдигин биринчи орунга койду. Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда качан болот? Эгер президент өзү арыз жазып кетсе, экинчиси, ооруп калып ыйгарым укуктарын аткара албай калса, үчүнчүсү, Жогорку Кеңештин депутаттары импичмент жарыяласа, төртүнчүсү, өлүп калса. Башка мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбойт. Демек, булардын ою Сооронбайдай кылып, арыз жаздырып алабыз деген. Ошол эле".
Экс-премьер-министрлер, экс-депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адамдан турган топтун учурдагы пикири белгисиз. Алардын айрымдарынын жакындары кармалгандардын башаламандык уюштуруу ниетин болбогонун айтып жатышат.
Убагында бул топтун айрым мүчөлөрү президенттик шайлоого байланыштуу кайрылууну колдой турганын ачык айтышса, кайсы бири билдирүүнүн мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун билдирген. Ташиев кызматтан алынардан бир күн мурда бул топтун демилгечилеринин бири Бекболот Талгарбеков кайрылуунун максатын мындай түшүндүргөн болчу:
"Себеби дегенде коомдо талаш-тартыш күчөп жатпайбы. Бирөөлөр "президенттин мөөнөтү бүтүп калды" деп айтып жатат. Бирөөлөр "дагы бир жылы бар" деп айтышууда. Ошону менен бул аябай чоң талаш болуп жатат. Ошон үчүн биз ушундай кайрылуу кабыл алдык. Андан көрө бийлик өзү демилгени колго алып, шайлоону июнь-июль айларына коюп койсо, талаш-тартыштын баары токтойт эле да. Бизге азыр туруктуулук керек, тынчтык керек. Жаңы бийлик мурунку жетишкендиктерди улантып, кемчиликтерди оңдоп, жаңы күч менен кирсе деген максат менен демилгечи топ ушундай кайрылуу жасадык. Биз бийлик менен сүйлөшкөн жокпуз, бул өзүбүздүн демилге. Эч кандай бийлик менен макулдашкан демилге эмес. Анын үстүнө бизди "акшакалдар", "дүжүр чалдар" деп айтпасын деп, эл ичинде айтылып жаткан кемчиликтерин да көрсөттүк".
Кантсе да 75чилердин артында ким турган деген суроону Камчыбек Ташиевдин өзүнө берүүгө мүмкүн боло элек. Ал Германиядан кандай шашылыш түрдө келсе, ошондой эле тездик менен, үнсүз-сөзсүз өлкөдөн чыгып кетти. Мунун алдында Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгону ачыкталды. Президент досу мамлекеттик саясатка эми кайтып келбей турганын билдирди:
"Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегиндеги "ак сакал, көк сакалдардан" арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ырахмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин "Досум, сен ошондо туура кылыпсың" деп ырахматын айтат".
Бирок Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматтан кеткени менен саясаттан да кетти деп айтууга болобу?
"Жумуштан алып коюу – президенттин укугу, мыйзам ченемдүү көрүнүш. Муну моюнга алуу керек. Бирок экинчи нерсе бар да, кызматтан алып койсо, ал кызматтан кетет, бирок саясаттан кетпейт да. Менимче, экинчи тарап саясатта деп ойлойм", - деген Бектур Асанов соңку окуяларды бийлик үчүн күрөштүн классикалык эле ыкмасы катары сыпаттады:
"Шайлоо жакындап жатат, бул эми табигый көрүнүш. Президенттик такка аракет кылабыз деген күчтөр, саясатчылардын тобу жеке аракеттерин баштайт. Бирок персоналдардын өтө маанилүү экенин эске алганда, бул коомдо аябай чоң ажиотаж жаратты".
Спикер алмашты, бир катар депутат мандатын тапшырды

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Эми тандемдин ыдырашынын парламентке тийгизген таасирине токтололу. Камчыбек Ташиев кызматтан алынган соң, тактап айтканда эки күндөн кийин спикер Нурланбек Тургунбек уулу да ээрден түштү. Отставкага кетип жатып, ал эки же бир адамга кызмат кылбай турганын, ызы-чуусу жок, саясий маданияттуулукту көрсөтүп жатканын айтты.
"Мага эч ким кысым көрсөткөн жок. Сөздү көбөйтпөйүн дедим, бизде стабилдүүлүк болуш керек, президентибиз Садыр Нургожоевич баштаган саясий реформалар аягына чыгыш керек. Мамлекетчилдик сезим менен ушундай чечим кабыл алып жатам", -деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Ушул эле күнү парламент жаңы спикерлүү болду. Жогорку Кеңештин тизгини 45 жаштагы Марлен Маматалиевдин колуна тийди. Ал аймактык бөлүнүп-жарылууга жол бербей иштөөгө убада берди:
"Бардык 90 депутат бирдейбиз. Бирбиз. Бир командабыз. Бир жумушту алып барабыз деп ойлойм. Ошондуктан эч кандай бөлүнүү жок".
Жогорку Кеңешке жаңы оюнчулар кошулду

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Ошентип, бийликтин балансы өзгөрүп, коомчулук саясий жаңылыктарды сиңире албай жаткан маалда дагы бир кызык кабар Борбордук шайлоо комиссияснан келди. Кыргыз саясатында баары мүмкүн. Шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округдун алдыга озуп чыккан талапкерлерине, албетте, добуш берүүнүн купуялуулугун бузууга айыпталган Бактыбек Сыдыковдон башкасына мандаттар кайра кайтарылды.
Коомчулук арасында бул Талант Мамытовду Жогорку Кеңешке алып келүү аракети болгону айтылды. Мамытов 2020-жылы ноябрда Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин койгондо анын ордуна эки ай мамлекет башчынын милдетин аткарган. Алтынчы чакырылыштын аягында, жетинчи чакырылыштын башында Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.
Айрым маалыматтар боюнча Камчыбек Ташиев менен пикир келишпестиктен улам спикерликтен кеткен, анын ордуна Нурланбек Тургунбек уулу спикер болгон. Тандемдин ыдырашынын найтыжасында депутаттык шыбага кайрадан буюрган Талант Мамытов мандат алган күнү эле сөз сүйлөп, президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу талашка парламент аралашканын, төрага депутаттарды туңгуюкка кептеп койгонун ишарат кылды:
"Парламентин төрагасынан көп нерсе көз каранды. 75 адамдын кайрылуусун бул жерге киргизбей койсо, мындай маселе болмок эмес. Парламент президенттин мөөнөтүн аныктай турган орган эмес. Интрига жаратпай, кесиптештерди ыңгайсыз абалда калтырбай, Конституциялык сотко кайрыл десе, маселе бүгүнкүдөй эле болуп чечилмек".
Талант Мамытов президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу кайрылуу парламентке кайсы маалда түшкөнүн жана аны кимдер караганын так айткан жок. Көшөгө артында кандай интрига болгону азырынча белгисиз. Белгилүүсү - парламентте президентке каршы маанай февралдын төртүндө эле ачык байкалган. Эл өкүлү Кундузбек Сулайманов менен төрага Нурланбек Тургунбек уулу айдоочулук күбөлүк боюнча реформа талкууланып жаткан маалда өлкө жетекчисин парламент трибунасында сындаган:
"Бүгүн болуп жаткан авария, адам өлүм – ойлондурат. Ар бирибизде каза таппаса да, жаракат алган, майып болуп калган тууганыбыз бар. Туура, ар бирибиз күйүп жатабыз. Биз микрофонду алганда өз оюбузду сунуштаган жокпуз, миңдеген шайлоочулардын сөзүн айтып жатабыз. "Керегем сага айтам, келиним сен ук" деп жатабыз. Элдин наарызылыгын көбөйтпөгүлө. Мамлекетте өсүү болуп жатат, бюджетибиз триллиондон ашты, сүйүнүп жатабыз. Бирок кеңеш берип, акылын айтып, мындай кылбасак болбой калды деген адамдар бул маселени туура эмес жакка алып баратат. Аткаруу бийлигине айта турган ким? Бизбиз. Туугандар, эч убакта этикадан чыкпасак. Мен бир дагы депутаттын аткаруу бийлигин "акмаксыңар" деп айтканын уккан жокмун. Силер элди ойлобогон бийлик болдуңар деп айткан жокпуз. Ооба, иш бар жерде кемчилик болот. Болбой койбойт, ошол кемчиликтерди түздөп койолу деген гана тариз".
Коомчулук мындай көрүнүшкө Жапаров менен Ташиевдин бийлиги бекем орногондон бери күбө боло элек болчу. Тандем ыдырагандан кийин Кундузбек Сулаймановдун тону өзгөрүп, президентке "Унаа" ишканасындагы реформа үчүн ыраазычылык билдирип жиберди.
Балким мындай кадамы менен ал депутаттык мандатын сактап калдыбы, ким билет, бирок "Мекенчил" тобунун лидерлигинен кетти, анын ордуна Талант Мамытов дайындалды. Көп узабай Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырды. Андан мурдараак үй-бүлөлүк зомбулук үчүн айыпталып жаткан Элдар Сулайманов да депутаттык креслосун бошотуп берген болчу. Себебин ачыктаган эмес. Бирок анын бул кадамга барышына дал ушул соңку саясий кырдаал себеп болгону боолголонууда.
Мурдараак президент досун отставкага жеткирген иш Жогорку Кеңеште башталганын айткан эле. Кырдаалга байкоо салган саясатчылардын айтымында, Жогорку Кеңеште президенттик шайлоого байланыштуу ачык талкуу жаралса, балким маселе мынчалык курчумак эместир, бирок жашыруун мүнөздө орун алды деген айыптоолор айрым эл өкүлдөрүн ээрден оодарчудай.
"Талкуу Жогорку Кеңеште болсо, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мамлекеттин саясий багытын Жогорку Кеңеш аныкташы керек. Бул талкуу жашыруун башталган жокпу, кеп ошондо, жашыруун кутум эмеспи, кеп ошондо", - деди саясатчы Бектур Асанов.
"Мен силерди сагынам". Оштун мэри алмашты

Сүрөттүн булагы, official
Тандемдин эпкини эң эле талаштуу жана популярдуу саясий фигура болгон Оштун мэрине да түздөн-түз тийди. Кызматтан кетпей, саясатка аралашпай, чарбалык иштер менен алектенерин нечен жолу айтканы менен Жеңишбек Токторбаев акыры аягы арыз жазды.
Ал саясий чөйрөдө Ташиевдин тарапташы катары сыпатталып келген жана бир нече күн мурдагы маектеринин биринде мурдагы башкы чекисттин кадры экенин четке каккан эмес.
"Мен ошол кишинин кадры болом. Ал киши менин досум болот", - деп айткан Токторбаев.
Анын ордуна мурдагы журналист, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты Жанар Акаев дайындалды.
"Өлкө жетекчилиги атайын ишеним көрсөтүп, ушул кызматка сунуш бергенден кийин мен дароо макул болдум. Ош шаарында менин студенттик күндөрүм өткөн, Ош шаарын жакшы билем. Өлкө жетекчилигинин чечими ушундай болсо, мен барып колумдан келишинче иштеп берейин деп айттым. Бул абдан чоң жоопкерчилик. Өзүңүздөр билесиздер, Жеңишбек Токторбаевич дагы күн-түн дебей жакшы иштеди. Ал киши баштаган долбоорлорду улантабыз", - деди жаңы мэр.
Ош мэринен мурун транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар министри да кызматынан кол жууган. Эл арасында үчөө тең Ташиевге жакын адамдар катары сыпатталып келген.
Ал ортодо орусиялык саясат таануучу Аркадий Дубнов Ташиевге боор тарткан кадрларды кызматтан алуу авторитардык ыкма менен жүрүп жатканын жазды:
"Кыргызстанда таасирдүү генералга ылайыкталып түзүлгөн бийлик вертикалын тез арада тазалоо авторитардык ыкма менен жүрүп жатат. Бирок азыркы шартта, демократиялык институттар толук иштей элек кезде, бийлик ичиндеги мындай өзгөрүүлөр аймакта кайрадан кан төгүлүүнүн алдын алууга шарт түзүүдө. Ошол эле учурда ушундай жол менен бекемделген бийлик өлкөнү ашкере борборлошкон, чектөөсүз башкаруу нугуна буруп кетиши да мүмкүн".
Садыр Жапаров болсо кадрдык жүрүштөргө комментарий берип жатып, эч кимди кет дебегенин, өз каалоосу менен арыз жазгандарды кармабай турганын, бирок күнөөсү барлар жазаланарын айткан.
"Өзүбүз дүңгүрөтүп алганбыз" УКМКдагы тазалоо

Сүрөттүн булагы, social media
Жазалообу, тазалообу, айтор, УКМКда бир топ өзгөрүүлөр болду. Камчыбек Ташиевдин ордуна коомчулукка белгисиз, бирок кадрдык чекист Жумгалбек Шабданбеков дайындалды. Орун басарлары иштен алынды. Чек ара кызматы жана Күзөт кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Кечээ эле болуп көрбөгөндөй сүрдүү көрүнгөн атайын кызмат заматта алсырай түшкөндөй болду.
"Биз кээде өзүбүз эле кол чаап жатып, ага тиешелүү эмес маселелер боюнча кайрыла берип, атайын кызматты дүңгүрөтүп алдык. Сот, прокуратура, ИИМ чече турчу маселе боюнча деле УКМКга кайрыла бердик", - деп артка кылчайды саясатчы, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев.
Борбордук эле эмес, атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары да кызматтан алынууда. УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды.
Баарынан да УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси жана анын жандоочуларынын тегерегиндеги жагдай кызуу талкууланып жатат. Мекеменин башчысы Элдар Жакыпбеков эки айга камалып, "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Азырынча кармалгандардын пикири белгисиз.
Социалдык тармактарда болсо "Эдунун кырк чоросу" деген видео тарап, "Пито", "Вазелин" өңдүү каймана аттары бар чекисттер ишкерлерди опузалап, камап, ыксыз "кустуруп" жүргөнү кабарланды. Бирок расмий маалымат чектелүү болду.
"Мына, бүгүн анализдеп жатабыз. Ким пайда көрүптүр? Көлбаевдин машинелери кайдан чыгып жатат? УКМК алып койгон жерлер, Жумалиев, Матраимовдун мүлкү кимдин колунда" - деп суроо салат Азимбек Бекназаров.
Бирок юристтер кандай болгон күндө да атайын кызматтын офицерлерин эл алдында басмырлоо, алар түшкөн жолго түшүү туура эмес экенин, тергөө купуялуулугун сактоо зарылдыгын белгилешүүдө. Президент өзү болсо "маски-шоу" уюштурбай иштөөнү, ишкерлерди ыксыз текшерүүнү, кысым көрсөтүүнү токтотууну тапшырды. Саясатчы Бектур Асанов кандай болгон күндө да УКМКдагы алешемдиктер үчүн жоокерчиликти бир эле анын бийликтен тайган жетекчисине жүктөп койсо болбой турганын айтышат:
"Бийликтин, жогорку бийликтин жоопкерчилиги бар. Экинчиден, азыр бир топ саясат таануучулар, блогерлер, Эдил Байсалов кошулуп, УКМК кызмат абалынан аша чапкан деп жазып жатышпайбы. Көрө жатабыз. Ушундай болгон болсо, азыр президенттин саясаты бир топ жумшарат деген ойдобуз. Эгер андай болбосо, ал экөө биргелишип жасап жаткан болуп калат да".
Президент атайын кызматтын өкүлдөрүнө айтылган сын-пикирлерден кабары бар экенин белгилеп, бир нече жолу эскерткенин, бүгүн, 21-февралда билдирди.
"Досум, (Камчыбек Ташиев) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кадыр-баркын көтөр. Мурдагы СССРдин КГБсындай баркы болушу керек. Антпесе эл арасында "УКМКнын кызматкеримин" деп күбөлүгүн "камокторго" да көрсөткөн учурлар бар. "Ушундай сын-пикирлерден арылалы" деп бир топ жолу айткам",- деди Жапаров.

Сүрөттүн булагы, official
Ошентип, Жапаров-Ташиевдин бийликтеги беш жылдык тандем ушундайча корутундуланып жатат. Шайлоого байланыштуу болжолдуу жүрүштөр достукка доо кетирди делгени менен, түпкүлүгүндө аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот тутуму болгон бийликтин үч бутагында баланстын бузулушу ушул жагдайга алып келгенин айткандар бар.
"Эгемен Кыргызстан быйыл 35 жашка толот. Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эки окуяга кайрылгым келет. Алардын кечээги окуяга түздөн-түз тиешеси бар. 2006-жылы Кулов-Бакиев тандеми урады, Кулов күнөөлүү, Бакиев күнөөлүү деген талаш-тартыш болгондо мен парламентте бир сөз айткам, азыр ошону кайталап коеюн. Эки адамдын ортосунда эмне болгонун билбейбиз, тандем юридикалык күчкө ээ эмес. Кыргызстанда баары Конституциянын негизинде гана болушу керек. Мамлекет олку-солку болгондо сактап кала турган эки эле күч бар. Биринчиси, Конституция бузулбашы керек, экинчиси, мамлекеттик институттар иштеп турушу керек. Мамлекеттик институттар жөнүндө мындан да оор бир учурду айтайын. 2005-жылы 24-март болду, 26-мартта Жогорку Кеңешке чогулдук, президент жок мамлекеттик институт катары, өкмөт жок, эски парламент таркап кеткен, жаңы парламент легитимдүү эмес. Ошондо биз сындап жүргөн, коррупциялашкан сот системасы иштейт экен, көрсө. Биз сот аркылуу баарын легитимдештиргенбиз, ошентип саясий кризистен чыкканбыз", - деди Каныбек Иманалиев.
Ал эми соңку окуялардан бийлик кандай сабак алышы керек?
Азимбек Бекназаров:
"Профессионал кошоматчы, алдамчы саясий сойкулар отуз жылдан бери чоң топко айланды. Бүт интриганы Акаевдин убагынан бери ушулар кылат. Алардын балдары да жетилип калды. Ушул саясий сойкулардан арылышыбыз керек. Алар дайыма интрига кыла беришет. Деги эле эреже, Конституция менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. УКМК төрагасы сотторго чейин буйрук берип жүрдү. Бул кызмат абалынан аша чапкандык. Ошондуктан президент болобу, ким болбосун эреже менен жашаш керек".
Бектур Асанов:
"Саясатчылар бүгүнкү күндө баарыбыз жеке дымагыбызды токтотуп, мамлекеттик туруктуулук биринчи орунда болуш керек деп айтып жатабыз. Бүгүнкү күндө мамлекеттин тагдыры ушул эки кишинин колунда болуп калган. Ошондуктан булар сүйлөшүшү керек. Ачуу басылат, акыл калчашат, анан сүйлөшүшөт. Анан кайра эле бир команда болуп иштейт булар. Менде ошондой ишеним бар".
Каныбек Иманалиев:
"Өтө сезимтал, өтө оор учурда турабыз. Себеби Кыргызстанды экономикалык суверенитеттүүлүккө жеткире турган ири долбоор башталды. Ал "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу. Бул жолдун курулушу кээ бир мамлекеттерге жага бербейт. Алар ушул кырдаалдан пайдаланып, туруктуулукка доо кетирүүчү жагдайларга алып барышы мүмкүн эле. Ошондуктан азыркы күндө президент да, парламент да, саясатчылар да сак болуп, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы сөз болгондо жеке амбиция төмөн турушу керек".
Бул арада Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылып, Баш мыйзамдагы президенттик мөөнөткө байланыштуу жоболорду чечмелеп берүүнү сурады. Конституциялык соттун 17-февралда чыгарган түшүндүрмөсүнө таянсак, Жапаровдун азыркы иштеп жаткан мөөнөтү биринчи мөөнөт болуп эсептелет. жана ал дагы бир ирет беш жылдык мөөнөткө шайлана алат. Президенттик шайлоо 2027-жылы январдын төртүнчү жекшембисинде, тактап айтканда 24-январда өтмөкчү.
Шайлоо демекчи, саясат талдоочулардын пикиринде, эгер бул шайлоого Камчыбек Ташиев талапкерлигин койбосо, учурдагы шартта Садыр Жапаровго олуттуу атаандаш чыга элек.
Жапаров болсо, кийинки мөөнөттө Ташиев президент болот деген макулдашуу жөнүндөгү имиштерге комментарий берип, бул демократиялык принциптерге жана саясий маданиятка туура келбесин, кимдин рейтинги жогору болсо ошол адам шайлана турганын айткан эле.




























