Жогорку Сот Трамптын айрым тарифтерин мыйзамсыз деп тапты. Президент бардык өлкөлөргө жаңы 10% тариф киргизди

Трамп

Сүрөттүн булагы, Kyle Mazza/Anadolu via Getty Images

Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШнын Жогорку Соту президент Дональд Трамп импорт тарифтерин киргизүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп чечим чыгарды. Көпчүлүгү Трамптын колдоочуларынан турган соттун чечими жаңы глобалдык тариф киргизүүнү чечкен президентти ачуулантты. Ал бардык өлкөлөргө 10% тарифтерди киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

Трамптын тарифтерине алты судья "каршы" деген добуш берди, үчөө колдоду.

Үч либералдык судья - Кетанжи Браун Жексон, Елена Каган, Соня Сотомайор жана үч консервативдик судья - Эми Кони Барретт, Нил Горсач, Жон Робертс тарифтерди алып салууга добуш беришти. Судьялар Бретт Кавано, Сэмюэл Алито жана Кларенс Томас каршы чыгышты.

Соттун чечиминде Трамп өлкөдө өзгөчө кырдаалдар үчүн каралган мыйзамга таянып, ири тарифтерди киргизүү менен өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп айтылат.

Жогорку Сот Эл аралык өзгөчө кырдаалдардагы экономикалык ыйгарым укуктар жөнүндөгү мыйзам "президентке тарифтерди киргизүүгө уруксат бербейт" деп чечим чыгарды.

Трамптын реакциясы

Маалымат жыйыны

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Чечим жарыялангандан бир нече саат өткөндөн кийин, Трамп күтүүсүз басма сөз жыйынын өткөрүп, Жогорку Соттун чечимине нааразылыгын билдирди.

Тарифтерге каршы добуш берген консервативдүү судьяларды "жаман республикачылар" деп атады.

"Менин оюмча, сот чет элдик кызыкчылыктардын жана адамдар ойлогондон алда канча аз сандагы, бирок жагымсыз, сабатсыз кыймылдын таасирине алдырып койду!- деди ал. Бирок эми сот мага өлкөбүзгө ар кандай нерселерди алып кирүүгө тыюу салуу боюнча талашсыз укук берди. Бул укук көптөр ойлогондон алда канча күчтүү".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Трамп соттун чечими "президенттин сооданы жөнгө салуу жана тариф киргизүү боюнча ыйгарым укуктарын алсыраткан жок, тескерисинче, аларды дагы да күчтүү кылып, тактап койду" деп билдирди. Ал жогорку тарифтерди киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү башка ыкмаларды колдонууну пландап жатканын жарыялады.

"Ошондуктан ушул учурдан тартып улуттук коопсуздукка байланыштуу бардык тарифтер, 232-бөлүм боюнча тарифтер жана 301-бөлүм боюнча колдонулуп жаткан тарифтер толугу менен күчүндө калат, толук көлөмдө иштейт. Бүгүн мен 122-бөлүмдүн негизинде кадимки алынуучу тарифтерге кошумча катары 10 пайыздык глобалдык тариф киргизүү тууралуу жарлыкка кол коём",- деп билдирди Дональд Трамп.

Кийинчерээк ал бардык өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга 10 пайыздык бажы алымын киргизүү боюнча документтерге кол койгонун айтып, бул чечим "дароо" күчүнө кирерин белгиледи.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШ президенти сот жокко чыгарган тарифтерди киргизүү үчүн ага АКШ Конгрессинин макулдугунун кереги жок экенин айтты.

1974-жылдагы Соода жөнүндө мыйзамдын 122-бөлүмү президентке Конгресстин макулдугусуз бардык өлкөлөрдөн импортко 150 күнгө чейинки мөөнөткө 15 пайызга чейин бажы алымын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Трамп ошондой эле администрация анын соңку бир жыл ичинде киргизген тарифтерин төлөгөн компанияларга каражатты кайтарып берүүнү пландабай турганын билдирди. Анткени АКШнын Жогорку соту өз чечиминде бул маселени караган эмес.

"Биз беш жыл соттошобуз",- деди ал.

Америкалык бизнес төмөнкү инстанциядагы соттор аркылуу буга чейин төлөнгөн бажы алымдарын кайтарып берүүнү талап кыла алат. Бул дээрлик 150 миллиард долларды түзөт.

Басма сөз жыйынынын соңунда Трамп биринчи мөөнөтүндө өзү дайындаган Жогорку соттун судьяларын тарифтерине каршы добуш бергени үчүн кайрадан сынга алды.

Андан биринчи мөөнөтүндө өзү дайындаган консервативдүү судьялар Эми Кони Барретт жана Нил Горсач чыгарган чечим аны таң калтырдыбы жана алардын дайындалышына өкүнөр-өкүнбөсү тууралуу сурашты.

"Таң калтырды,- деп жооп берди Трамп. Өкүнөм деп айткым келбейт. Бирок алардын чечими абдан жаман болду деп ойлойм. Чынын айтсам, бул алардын үй-бүлөлөрү үчүн уят нерсе деп эсептейм".

АКШнын каржы министри Скотт Бессент Fox News телеканалына берген маегинде: "Жогорку сот президенттин таасир этүү рычагдарын кыскартты, бирок ошол эле учурда колунда калган рычагдарды дагы да күчтөндүрдү, анткени ал толук эмбарго жарыялоого укуктуу экенин тааныды",- деди ал.

"Биз өлкөлөргө карата мурдагыдай эле көлөмдө бажы алымдарын коёбуз. Болгону аны башкача, татаалыраак жол менен киргизебиз",- деген ал.

Министр башка өлкөлөр акыркы бир жылда Трамптын администрациясы менен жетишилген соода келишимдерин сактайт деп ишенет. "Ал [Трамп] толук эмбарго киргизүүгө укуктуу", - деди Бессент. "Ошондуктан, мен бардык өлкөлөрдү өз келишимдерин сактап, алдыга жылууга чакырам".

Соттор

Сүрөттүн булагы, Win McNamee/Getty Images

Сот чечими кайсы тарифтерге тиешелүү, кайсысына тиешеси жок

Жума күнү кабыл алынган АКШнын Жогорку сотунун чечими негизинен Дональд Трамп дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө карата киргизген улуттук деңгээлдеги бажы алымдарына байланыштуу.

Соттун чечими 1977-жылдагы Эл аралык өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзамга (IEEPA) таянган Трамптын аракеттерине негизделген. Бул мыйзам президентке өзгөчө кырдаалдарга жооп катары сооданы " жөнгө салууга" укук берет.

Трамп биринчи жолу аны 2025-жылдын февраль айында Кытай, Мексика жана Канададан келген товарларга бажы салыгын киргизүү үчүн колдонгон.

Ал бул өлкөлөрдөн мыйзамсыз наркотиктердин кирүүсү өзгөчө кырдаалды жаратып жатат деп белгилеген.

Андан кийин, апрель айында ал мыйзамды кайра колдонуп, дээрлик бардык өлкөлөрдөн келген товарларга 10%дан 50%га чейинки бажы алымдарын киргизген.

Трамп АКШда импорт экспортко караганда көбүрөөк болуп жатканын айтып, аны "өзгөчө жана адаттан тыш коркунуч" деп мүнөздөгөн.

Бирок Жогорку соттун чечими темир, алюминий, жыгач жана унаалар боюнча сектордук тарифтерге тиешеси жок.

Бул тарифтер 1962-жылдагы Сооданы кеңейтүү жөнүндө мыйзамдын 232-бөлүмүнө ылайык, улуттук коопсуздук максатында киргизилген.