Катуу шамал Бишкек менен Чүйдө үйлөрдүн чатырын учуруп, бактарды кулатты

Сүрөттүн булагы, Official
Чүй облусунда жана Бишкекте катуу шамал болуп, бир катар турак-жайлар менен социалдык объектилер жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, борбор калаанын Ленин районундагы Москва көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, коңшу жайгашкан үйдүн үстүнө кулап түшкөн.
Кесепетинен кооптуу абал жаралган. Ошондой эле Бакаев жана Интергельпо көчөлөрүндө үйлөрдүн чатырлары жабыркап, бактар кулаган.
Көк-Жар жаңы конушунда турак үйдүн чатыры учуп, кулаган бак электр зымына асылып калган. Мындан тышкары көп кабаттуу үйдүн сырткы жасалгасы ажырап түшүп, эки унааны басып калган.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жар-Башы айылында, Сокулук районунун Маловодное айылында жана Москва районунун Беловодск айылында үйлөрдүн чатырлары учуп, бактар кулаган. Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл аймагында орто мектептин чатыры учуп кеткен.
Буга чейин Гидрометеорология кызматы Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу мүмкүн экенин эскертип, шашылыш билдирүү тараткан.
























