Президент Алексей Ширшовдун Москвадагы сүйлөшүүлөргө катышуусу боюнча комментарий берди

Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине 23-февралда берген соңку маегинде коомчулукта кызуу талкууланып жаткан Алексей Ширшовдун маселесине токтолду. Мамлекет башчысы анын кыргыз өкмөтүнүн курамында Москвадагы жолугушууга катышуусунун себебин түшүндүрдү.

"Русгидро" тууралуу "пайдалуу маалымат менен бөлүшөм" дептир"

"Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча биз "жебеген самсага" 37 миллион доллар, пайызы менен бүгүнкү күндө 51 миллион доллардан ашык акча каражат "Русгидрого" карыз болуп калдык. Бул карыздын пайызы күндөн-күнгө тууп жатат. Эл аралык сот "ушундай пайыз тууйт" деп чечим чыгарып берген экен. "Ошол карыздан кутулуу жолдорун сүйлөшүп келгиле" деп, Данияр Амангелдиев баштаган делегацияны Москвага жибергем. Ал ошол жактан Данияр Амангелдиевге телефон чалып, "Русгидро" боюнча Кыргызстанга пайдалуу маалыматтарым менен бөлүшөм деп сүйлөшүүлөргө кошулуп калыптыр. Себеби, илгери ошолор менен иштешип жүргөн да. Көп маалыматтары бар экен. Анын маалыматтары канчалык деңгээлде пайдасы тиет, убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси, Ширшовго илгеркидей бир министрликти минип алып башкарганга жол бербейбиз. Мамлекетке пайдасы болсо колдонобуз, жок болсо "тынч жүр" дейбиз. Кыскасы, мамлекеттик казынага кол салууга жол бербейбиз. Ошондуктан, Ширшов менен "манипуляция" кыла бергендерге көңүл бурбаш керек", - деди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, 2021-жылдын аягында Алексей Ширшов ортомчулар аркылуу бийликке кайрылып, Максим Бакиевдин чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы жашыруун активдерин мамлекетке кайтарууга көмөктөшүүнү сунуштаган. Күч органдары тарабынан издөөдө жок экени аныкталган соң, ага өлкөгө келүүгө уруксат берилген.

"Келди, кабыл алдык. "Азыр сага баягы бийлик жок. Мамлекеттик мекемелерден уурдай албайсың. Кылт этсең камаласың. Максим менен бирге жакшы эле байыгансыңар. Эми ошол байлыктарды мамлекетке кайтарганга жардам бер. Сенде болгон маалыматтарың менен бөлүш" деп бир шарт койдук. УКМК, ИИМ менен кызматташып иштей баштады. "Аврора Плюста" кайсы коттедждерди кимдер рейдерлик кылып, жакын туугандарына же досторуна каттатып алгандар боюнча маалыматы менен бөлүштү. Натыйжада "Аврора Плюстан" бир канча коттедж, бир канча батир мамлекетке кайтарылды. Франциянын түштүк-чыгыш жагында Максим Бакиевге тиешелүү Березовскийден сатып алган "Замок-Шато" деген вилласы бар экен. Ошол маалыматты берди. Ал иш боюнча 2023-жылдан бери биздин Юстиция министрлиги соттошуу боюнча иш алып барып жатат", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент энергетика тармагында 30 жылдан бери чогулган 137 миллиард сом карыз быйыл толук жабыларын, бул уурулукту токтотуунун натыйжасы экенин белгиледи.

Жакында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган делегация Орусиянын энергетика министри Сергей Цивилев менен жолугуп, "Жогорку Нарын ГЭС каскады" боюнча долбоордун келечегин талкуулаган.

Жолугушууда Данияр Амангелдиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана башка делегация мүчөлөрү менен катар отурган Алексей Ширшовдун сүрөтү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Министрлер кабинети "Жогорку Нарын ГЭС каскады" боюнча Орусия менен болгон сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшов катышканын ырастаган. Өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" берген маегинде Ширшов долбоордун майда-чүйдөсүнө чейин биле турганын, ал буга чейин "ЭлКат" ишканасын мамлекетке кайтарууга жардам бергенин, ошондой эле Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн мамлекеттин менчигине өткөрүү иштерине да көмөк көрсөтүп жатканын айткан.

Алексей Ширшов ким?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алексей Ширшовдун ысымы Кыргызстандын сасий жана энергетикалык чөйрөсү менен тыгыз байланышкан.

Ал мурдагы президенттер Аскар Акаевдин уулу Айлар Акаев жана Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен үзөңгүлөшү болгону айтылып жүрөт.

2010-жылга чейин өлкөнүн энергетика тармагында "көмүскө кардинал" катары белгилүү болуп, негизги чечимдерге таасир эткен делинип келет.

Ширшов 2007-жылдын декабрь айына чейин "Электр станциялары" ишканасынын каржы маселелери боюнча директору, 2010-жылга чейин "Дастандын" башчысы болгон.

2010-жылы апрель окуяларынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен жана ага издөө жарыяланган.

2022-жылы УКМК Ширшовду Ысык-Көлдөгү "Аврора Плюс" эс алуучу жайындагы мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча кармаган.

Тергөө маалыматтарына ылайык, 56 батир жана 27 коттежи мыйзамсыз менчиктештирилген, ал схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары каралган.

Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Президент Садыр Жапаров Facebook баракчасында Ширшовду үй камагына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө берип, аны менен байланышуу пайдалуу экенин айткан.

Ширшов жардамчылары аркылуу ага байланышып, Максим Бакиевге тиешелүү 200 миллион долларлык банкты таап, аларды Кыргызстанга кайтарууга жардам берүү ниетин билдирген.

Ошондой эле 2010-жылы Ширшовго карата кылмыш иши козголбогону жана ал издөөдө эместиги тиешелүү органдар тарабынан тастыкталганы белгиленген.

Деген менен оппозициялык саясатчылар Бакиевдин маалында өлкөнүн энергетика тармагында "Ширшовдун коррупциялык схемалары" пайда болгонун айтып жүрүшөт.

Мындан сырткары, Алексей Ширшов электр энергиясын "өлүү жандарга" жаздыруу жана тендерлерди "өз кишилерине" утуп берүү схемаларынын автору экени айтылган.