"Сезимиңди жашырба". Эмоционалдык интеллектти изилдеген сүрөтчү Илгиз

Сүрөттүн булагы, ilgiz.edilson
Жакында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өзгөчө мазмундагы көргөзмө өттү. Анын автору жаш сүрөтчү Илгиз Эдилсон. Көргөзмө "Адам эмоцияларынын анатомиясы" деп аталат. Анда адамдын ички дүйнөсү түс, форма жана символдор аркылуу баяндалат.
Адамдын жан дүйнөсүнө басым жасоо — көргөзмөнүн башкы өзгөчөлүгү болуп калды. Салттуу коомдо эркектер ички сезимдери тууралуу ачык айтуудан көбүнчө карманышат. Бул жагынан алганда, автордун эмгектери коомдук стереотиптерге каршы айтылган ой сыяктуу туюлат.
Сүрөтчү адамдын сырткы келбетин эмес, ички абалын изилдөөнү тандаган. Анын айтымында, эмоция — чечим кабыл алууда жана ийгиликке жетүүдө маанилүү ресурс.
Интеллектуалдык искусство жана нейроэстетика

Сүрөттүн булагы, ilgiz.edilson
Көргөзмөгө катышкан айрым сүрөтчүлөрдүн айтымында, Кыргызстандагы заманбап искусство көбүнчө этно-символизм же социалдык протест багытында өнүгүп келет. Ал эми Илгиздин эмгектери адамдын ички дүйнөсүн, психикасын жана сезимдерин тереңирээк, аналитикалык деңгээлде изилдөөгө багытталган.
Анын иштери батыш искусство таануу чөйрөсүндө колдонулган "нейроэстетика" түшүнүгүнө жакын.
Нейроэстетика — искусство адамдын мээсине жана сезимине кантип таасир этерин изилдеген жаңы илимий багыт. Жөнөкөй тил менен айтканда, адам сүрөттү көргөндө эмнени сезерин, аны мээси кандай кабыл аларын карайт. Илгиздин эмгектери да көрүүчүнү ойлондуруп, адамдын ички абалын түшүнүүгө багытталганы менен айырмаланып турат.
"Эмоция — келечектин капиталы"
Эмне үчүн чыгармалар адамдын тышкы келбетин эмес, жан дүйнөсүн, эмоцияларын чагылдырып турат деген суроого сүрөтчү төмөнкүдөй жооп берет:
"Мен маркетинг тармагында 17 жылдан бери иштейм. Он жыл мурун бир конференцияда «эмоционалдык интеллект — келечектин капиталы» деген ойду угуп, ал мага чоң таасир берген. Ошондон кийин адам чечим кабыл алганда эмнеге таянат, ийгиликке жетүүдө кайсы ички күчтөр роль ойнойт деген суроолорго кызыга баштадым. Бул тууралуу көп изилдөөлөрдү окуп чыктым. Кийин гештальт-психология багытында билим алганда, эмоциялар мээде жөн эле жоголуп кетпей, денеде да сакталары тууралуу түшүндүм. Эгер аларды басып койсо, бара-бара психосоматикалык блокторго айланышы мүмкүн экен. Башкача айтканда, эмоцияны басуу — ички энергияны "тоңдуруп" коюу сыяктуу. Сезимди аң-сезимдүү түрдө таанып, кабыл алуу болсо, айыгууга жана ички жеңилдөөгө жол ачат".
Илгиздин айтымында, адам өзүнүн учурдагы ички абалын так аңдай алса, ал өзүн гана эмес, башкаларды да тереңирээк түшүнө баштайт. Натыйжада, адамдар ортосундагы мамилелер, достук да, үй-бүлөлүк байланыштар да бекемделет.
"Биригүү" жана жоголгон "Мен"

Сүрөттүн булагы, ilgiz.edilson
Көргөзмө төрт негизги түскө бөлүнгөн: кызыл, көк, сары жана кара. Ар бир түс белгилүү бир психоэмоциялык абалды символдоштурат.
Кызыл сектордо жайгашкан "Биригүү" аттуу эмгек көңүлдү өзгөчө бурат. Сүрөттө жашыл өзөктү кызыл, учтуу формалар каптап, курчап келе жатат. Автор ушул образ аркылуу адамдын жеке "Мен" деген сезими коомдун басымы алдында алсырап калышын көрсөткөн.
Анын айтымында, убакыт өткөн сайын айрым адамдар өзүнүн уникалдуулугун жоготуп, башкаларга ылайыкташкан "Бизди" тандап калат. Айрыкча биздин коомдо ата-энеден психологиялык жактан бөлүнүү, өз алдынча болуу оңой эмес. Көптөр чоңоюп, өз алдынча үй-бүлө курса да, ички эркиндикке толук жетпей, башкалардын күтүүсү менен жашап калат. Бул — көз карандуулук жана чек аралардын бузулушу тууралуу терең метафора.
"Уят" феномени: социалдык жөнгө салуубу же басымбы?
Сүрөтчү "уят" жана "эл эмне дейт?" деген темаларды да изилдеген. Ал "уят" түшүнүгүнүн эки тарабы бар экенин белгилейт. Бул бир жагынан караганда, коомдук жүрүм-турумду жөнгө салуучу механизм. Мисалы, коомдук жайда өзүн маданияттуу алып жүрүү, башкаларга тоскоол болбоо — социалдык жоопкерчиликтин көрсөткүчү.
Экинчи жагынан, "уят" ички каалоолорду басуучу, сырткы күтүүлөргө ылайык жашоого мажбурлоочу куралга айланышы мүмкүн.
"Көптөгөн жаш үй-бүлөлөр "эл катары" той өткөрүү үчүн чоң насыя алышат да аны жылдап төлөөгө мажбур болушат. Бирок менимче, уят — той бербей коюу эмес, өз жашооңду өзүң каалагандай жашай албай калуу", - дейт сүрөтчү Илгис Эдилсон.
"Депрессия" жана энергияны басуу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кара түстөгү сектордо "Депрессия" аттуу эмгек жайгашкан. Автор аны "ичке жутулган сезимдердин анатомиясы" деп сүрөттөйт:
"Адам өзүн-өзү кемирип жегенде, сыртка чыкпай калган энергия кайра ээсине кол салат. Спираль формасындагы лабирин кара туңгуюкка тартып барат. Бирок дал ортодо "көздү" көрүүгө болот, ал өчпөгөн үмүттүн белгиси".
"Саткынчылык": ишенимдин архитектурасы
"Саткынчылык" эмгегинде холсттун так ортосунда үч тилме бар. Автордун түшүндүрмөсү терең психологиялык метафорага негизделген: "
Саткынчылык сынган кол сыяктуу. Кечирүүгө болот, бирок мурдагыдай кучактоо мүмкүн эмес". Бул жерде негизги тема — ишенимдин бузулушу. Жараны тигип, айыктырса болот, бирок тырык калат. Башкача айтканда, мамиленин "архитектурасы" өзгөрөт.
Сезимдердин табияты: кабыл алуу же жашыруу?
Психология илими төрт базалык эмоцияны белгилейт: кайгы, ачуулануу, кубануу жана коркуу. Илгиздин пикиринде, психологиялык жактан жетилген инсан бул эмоцияларды аңдап, жөнгө сала алат. Мисалы, адам ачууланганда эмоцияны сөзсүз эле бир нерсени сындырып, же талкалап чыгаруу эмес, конструктивдүү түрдө чек араңды коргоп, "мен сенин ушундай кылганыңа ачууланып жатам, бул мага адилетсиз болду", деп айтууга жөндөмдүү болуу — бул эмоционалдык жетилгендик. Ал эми эмоцияларды жашыруу — адаптациялык механизм болгону менен, узак мөөнөттө психосоматикалык көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
Сезүү — алсыздык эмес

Сүрөттүн булагы, ilgiz.edilson
Көргөзмөдөгү негизги ой жөнөкөй, бирок терең. Сезүү деген уят эмес.
Коомдо аялдарды "өтө эмоционалдуу" деп сындоо кеңири кездешет. Эмоция көбүнчө алсыздык менен теңештирилет. Бирок сүрөтчүнүн позициясы башкача. Эмоционалдуулук — бул ички күч. Өзүнүн аярлуулугун кабыл алган адам негизинен психологиялык жактан туруктуу адам. Ал эми дайыма "күчтүү" көрүнгөн адам көп учурда эмоцияларын тоңдурган абалда жашайт.
Илгиз мындан ары кыргыз маданий кодун жана тарыхый кесепеттердин азыркы кыргызстандыктардын эмоционалдык тажрыйбасына тийгизген таасирин изилдөөнү улантарын айтат.
"100 жыл мурун сабырдуулук аман калуунун айласы болгон. Коркуп жатканыңды же ашыкча кубанычыңды көрсөтүү коопсуз эмес мезгилдер болгон. Ошондуктан эмоцияны басуу адаптациялык стратегия катары калыптанган. Бирок бүгүнкү Z мууну ачыктыкка, эмоционалдык чынчылдыкка көбүрөөк умтулат",- дейт ал.
Илгиз Эдилсон кыргыз маданиятынын уникалдуулугуна ишенет жана аны заманбап, интеллектуалдык искусство аркылуу дүйнөлүк аренага чыгарууга мүмкүн экенин айтат. Учурда анын эмгектери Улуу Британия, Швейцария, Исландия жана Италиядагы жеке коллекцияларда сакталууда.
Бул көргөзмө жөн гана искусство эмес. Бул сезимдерди жашырбай, ачык таанып-билүүгө чакырган коомдук диалог.
Макаланын автору журналист Мунара Боромбаева






























