Өзгөн районунда турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду

Өрт

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

5-март күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, кесепетинен төрт бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигининОш облусу боюнча башкармалыгы маалымдады.

Алдын ала маалыматка караганда, өрттөн 2018, 2020, 2021 жана 2023-жылдары туулган төрт бала каза болгон. Балдар үйдө чоң апасы менен жашап жаткан.

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо тууралуу маалыматты түнкү саат 01:58 чамасында алган.

"Өрт 2:45те курчоого алынып, 3:50дө толук өчүрүлдү. Биздин өрт өчүрүүчү топ барганда жергиликтүү тургундар эки баланы алып чыгып коюшкан экен. Кызматкерлер дагы эки баланы алып чыгышты. Балдар чоң энеси менен чогуу жашап жаткан. Бир баланын ата-энеси Манас шаарында иштейт экен. Калган үчөөнүн ата-энеси Орусиянын Иркутск шаарында миграцияда болгон. Чоң энеси аман-эсен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрт болжол менен саат 1:30 чамасында башталган",- деди ӨКМнын Өзгөн району боюнча бөлүм башчысы Дастан Талов.

Айтымында, өрт электр чубалгыларынын кыска туташуусунан улам келип чыккан.