Ирандагы кыргызстандыктар Түркия же Түркмөнстан аркылуу чыгыша алышат

Иран

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ирандан келе албай калган кыргызстандыктар Түркия же Түркмөнстан аркылуу чыгыша алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ирандын аба мейкиндиги азырынча жабык бойдон турат. Мындан улам өлкөдөн учуп чыга албай калган кыргызстандыктарга башка жолдор сунушталууда.

Министрлик белгилегендей, Ирандан чыга албай калган жарандар Иран-Түркия чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өтө алышат.

"Эгерде сиз Иранда болсоңуз жана Түркия аркылуу чыгууну пландаштырсаңыз, Тышкы иштер министрлигине же Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине алдын ала кайрылууңуз зарыл",- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлик түркмөн тараптан алынган маалыматка таянып, Ирандан Түркмөнстан аркылуу чыгууга кызыкдар жарандар үчүн 2-марттан тарта чек арадан өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн кабарлады.

Түркмөнстан аркылуу келүүнү каалагандар "Баджгиран" чек ара постту аркылуу өтсө болот. Бирок бул бекет аркылуу дипломатиялык паспорт ээлери гана өтөт. Кадимки паспорт ээлери "Артык" жана "Сарахс" чек ара бекеттери аркылуу өтө алат.