АКШ менен Израил аятолла Али Хаменеинин жүргөн жерин кантип аныкташкан?

Иран

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Гордон Корера
    • Role, Коопсуздук боюнча аналитик
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин өлүмүнө алып келген чабуул күтүлгөндөй түн ортосунда эмес, эртең менен болгон. Бул АКШ жана Израил соңку сааттарда алган маанилүү чалгын маалыматтардын жыйынтыгы экени айтылат.

Алар бир нече ай бою Ирандын жогорку кызмат адамдары жолугушуусу мүмкүн болгон учурду күтүп, Хаменеи ишемби күнү эртең менен Тегерандын борборундагы курулуш комплексинде болорун аныкташкан.

Ошол учурда жолугушууда болгон Ирандын башка жогорку даражалуу аскер жана чалгын кызматкерлеринин жүргөн жери да белгилүү болгон.

АКШ менен Израил Ирандын жогорку лидеринин кыймыл-аракетин бир нече ай көзөмөлгө алган.

Колдонулган так ыкмалар ачык айтылган эмес, бирок АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармактарда кыйыр түрдө бул тууралуу билдирген.

"Ал биздин чалгындоо жана жогорку технологиялуу байкоо системаларыбыздан качып кутула алган жок", - деген Трамп.

Хаменеинин кайда экени тууралуу маалыматты жергиликтүү агенттер аныктаган болушу ыктымал. Бирок аятолланын жайгашкан жерин, башка ирандык жогорку расмийлердин кыймылын заманбап технологиялар менен тапкан болушу мүмкүн.

Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өткөн жылдын июнь айындагы 12 күндүк согуш учурунда Израил Ирандын өзөктүк программасы менен байланышкан окумуштууларды жана кызмат адамдарын бутага алып, адамдардын кыймылын көзөмөлдөө үчүн телекоммуникация жана уюлдук телефон системаларын бузуп киргени кабарланган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кээ бир учурларда кызмат адамдарын коштоп жүргөн алардын жан сакчыларынын жүрүм-турумун да аңдып турушкан.

Узак убакыт бою алынган маалымат Хаменеинин күнүмдүк жашоо тартибин аныктоого мүмкүндүк берген. Ал ким менен канча жолу, кайсы жерде жолугушуу өткөрөрүн ачыктоого шарт түзгөн.

Иран жогорку лидери душмандарынын көз алдында экенин билген. Бирок бир нече ай бою мүчүлүштүктөрдү аныктап, жое алган эмес. Бул Ирандын коопсуздук жана контрчалгын системасында олуттуу кемчиликтер бар экенинен же Израил менен АКШнын ийгиликтүү, жаңы көзөмөл ыкмаларын таба алганын көрсөтөт. Иран бийлиги чабуул күндүз болот деп күтпөгөн болушу да мүмкүн.

The New York Times басылмасы билдиргендей, чалгындоо маалыматы сырттан - ЦРУдан келген, бирок түз сокку уруу үчүн Израилге берилген.

Израил Ирандын жетекчилиги менен байланышкан буталарга сокку урууга көңүл бурган, АКШ болсо аскердик объектилерге.

Абдан маанилүү жагы, чалгын кызматтары жогорку лидердин жана башка кызматкерлердин кыймылдары тууралуу алдын ала жетиштүү маалымат алган.

Бул истребителдерди колдонуп, узак аралыкка ракета атууга мүмкүнчүлүк берген чабуулду пландаштырууга шарт түзгөн.

Израилдин согуштук учактары Тегеранга жетүү үчүн болжол менен эки саат убакыт талап кылат, бирок алар чабуулду канча аралыктан баштаганы белгисиз бойдон калууда.

Чечим кабыл алынгандан кийин, Израилдин согуштук учактары жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:40 чамасында комплекске 30 күчтүү бомба ыргытышканы кабарланган.

Жогорку лидер коргонуу үчүн комплекстеги жер астындагы бункерди колдонгон болушу мүмкүн. (Бирок ал режимдеги эң терең бункерлердин бири эмес экени айтылат). Бутага ишенимдүү тийүү үчүн бир нече бомба колдонулган болушу ыктымал.

Ирандын борборунда башка объектилерге да зыян келген. Мисалы, президент Масуд Пезешкиандын кеңсесине, бирок ал өзү коопсуз экенин билдирген.

Иран үч жогорку даражалуу кызматкер каза болгонун ырастады. Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани, коргоо министри, бригадалык генерал Азиз Насирзаде жана Ислам революция корпусунун командири - генерал Мохаммад Пакпур.

Учактар сокку урганда, президент Трамптын Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында эбак түнү болгон. Ал ошол жерде бир нече жогорку даражалуу чиновниктер менен окуяны көзөмөлдөп турган.

Ирандын жогорку лидери өлтүрүлгөнү расмий түрдө тастыкталганга чейин бир нече саат өттү.

Бирок, Тегеран мындай сценарийге даярданып жаткан. Хаменеи өлгөндө анын ордуна ким келери жана башка жогорку кызматкерлердин ордун алмаштыруу планы алдын ала даярдалганы тууралуу маалыматтар бар болчу.

Деген менен бардык маалыматтар Хаменеи өлүмүнүн бул кагылышууга канчалык таасир этери азырынча белгисиз экенин көрсөтүп турат.