Ирандагы окуялар: кыргызстандык талдоочулар эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ирандагы соңку кырдаал
Бүгүн, 2-мартта АКШ менен Израилдин Иранга жасаган аба соккуларынан кийин Жакынкы Чыгышта кырдаалдын кескин курчуп кеткенине үч күн болду. Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуулун улантууда, Израил менен АКШ да Иранды бомбалап жатат.
Аба соккулары уланып, аймагы да кеңейип баратат. Өткөн түнү Ливандагы Иран бийлиги менен санаалаш "Хезболла" аскердик уюму Израил жана АКШ агрессиясына каршы туруштук берүү жүйөсү менен Израилдин Хайфа шаарына ракеталарын атты. Израил буга жооп катары Ливандын түштүк аймактарына жана баш калаасы Бейрутка соккуларын баштады. Учурда бул соккулардан кеминде 31 адам каза тапканын Ливан саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
28-февралда Тегерандагы резиденциясына жасалган чабуулдан Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи каза тапты. Аны менен кошо 40тан ашык жогорку даражалуу чиновник набыт болгону кабарланды. Өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды.
Акыркы маалыматтар боюнча, Ирандын Минаб шаарындагы кыздар мектебине жасалган соккудан 165 окуучу кыз мерт кетти. Иран Кызыл жарым ай коомунун соңку маалыматына ылайык, өлкөдө аба соккуларынан кеминде 555 киши каза тапты.
Чабуулдарга жооп катары Тегеран АКШ менен Израилге "кыйратуучу сокку" урууну убадалап, аймактагы мамлекеттерде жайгашкан америкалык 27 аскер базага жана "Авраам Линкольн" кемесине чабуул койду. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы Иран ракеталары кемеге жетпегенин жана анын операцияда катышуусу уланарын билдиришти.
Ирандык дрондор менен ракеталар Израилден сырткары БАЭ, Кувейт, Бахрейн, Катар, Ирак жана Иорданиядагы бир катар стратегиялык объектилерге зыян келтирди. Бул кагылышууларда Израилде 9 киши, БАЭ жана Кувейтте 4 киши набыт болсо, Пентагон өзүнүн үч аскери каза болгонун тастыктады.
28-февралда АКШ менен Израил Ирандын он ири шаарына, анын ичинде Тегеран, Табриз жана Исфаханга аба соккуларын жасап баштаган. АКШ президенти Дональд Трамп бул аракет Ирандын өзөктүк программасынан жана алыс аралыкка учуучу ракеталарынан келип чыккан коркунучтарды жоюу максатында болгонун жарыялаган. Израилдин коргоо министри Исраэль Кац да бул операция Израилдин коопсуздугун алдын алуу максатында башталганын билдирген.
Учурда аймактагы абал өтө кооптуу бойдон калууда. Көптөгөн авиакомпаниялар каттамдарын токтотсо, Иран дүйнөлүк мунай экспортунун негизги жолу болгон Ормуз кысыгын жаап салды. Бул мунайдын кескин кымбатташына алып барат деген чочулоолор айтылууда. Анын үстүнө, Ирандын 2-марттагы дрон соккусунан кийин Сауд Арабиянын "Aramco" компаниясына таандык мунай иштетүүчү завод ишин токтоткону маалым болду.
Кыргызстандык талдоочулар эмне дейт?
Бул геосаясий окуянын Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн кандай опурталдуулуктары бар? Мисалы, экономикалык, коопсуздук жана гуманитардык жактан? Би-Би-Си кыргызстандык талдоочуларга кайрылды:
Венера Акматова, эксперт: "Согуштук эскалация күчөсө, террористтик күчтөр кыймылга кирет"

Сүрөттүн булагы, Social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Аятолла Хаменеинин өлтүрүлүшү менен согуш бүтөбү же Иранда бийликти түп тамырынан алмаштыруу процесси жүрөбү? Бул өлкөдөгү кийинки окуялар ушуга жараша болот. Анткени ошол эле АКШнын, Батыштын көздөгөнү, түпкү мүдөөсү - авторитардык системаны ордуна жаңы демократиялык көз караштагы бийликтин келиши болуп атат да. Ал эми Хаманеинин ордуна КСИРдин өкүлдөрү же анын көп жылдардан берки шакирттери келип, анын багытын уланта берсе, анда өлкө ичинде бийлик талашуу орун алып, жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу бар. Анткени, Хаманеинин каза болушуна эле жалпы ирандыктардын реакциясы тең экиге бөлүнүп калганын көрдүк. Бир тарабы аябай өкүнүп, ыйлап Израилден өч алууну айтып атат, ал эми экинчи тарап болсо кубанып митингге чыгып атышат. Эгер Ирандагы окуялар жаман өңүтүнөн өнүксө, Иранга жакын Грузия, Армения, Азербайжанга кесепети болот. Анын ичинде Борбор Азияга да таасири болот. Себеби, бул региондун бардык мамлекеттери Иран менен соода-экономикалык карым катышы бар. Геосаясий жагынан алганда деле Иран Борбор Азияга жакын, азыр аймактын лидерлерине өз позициясын билдирүү оор болуп турат. Бизди Иран менен ШКУ да байланыштырат. Андагы Кытай менен Орусия Иранга карата соккуларды катуу айыпташты. Буга Мадурону уурдап кеткенге салыштырмалуу кескин реакция болду. БА лидерлери бирок жактуу пикирин билдирише элек.
Согуштук эскалация дагы күчөсө, Анда эл аралык террористтик күчтөр кыймылга кирет, диний күчтөр жанданат. Мисалы, Иранда шииттер күчтүү. Борбор Азияда деле алардын жактоочулары, күчтөрү бар. Алар дагы баш көтөрүшү мүмкүн, бул аябай кооптуу кырдаалды жаратат.
Зайнидин Курманов юрист, саясат таануучу: "Эскалация кооптуу чекке жетиши мүмкүн"

Сүрөттүн булагы, Social media
"Балким, Кыргызстанда АКШнын аскердик базасы болсо, бизге бул коркунуч жаратмак. Бирок бизде азыр андай коркунуч жок. Кыргызстан Иран менен дагы, ошол эле АКШ, Израил менен да жакшы мамиледе. Мында кооптуу жагы - ушул жаңжалда Иран тараптан, Израил тараптан дагы радикалдык күчтөр үстөмдүк кылып кетпесе эле. Жаңы аятолла жихад жарыялабадыбы, ал шииттер үчүн мыйзам. Эгер ал фатва түрүндө кабыл алынса, мусулмандарга диний согушту баштоого буйруктай кабылданышы мүмкүн. Бир мамлекет менен согушуу бул - башка, ал эми ар кайсы жакта жашаган мусулмандар менен согуш жүргүзүү ал такыр башка нерсе. Мындай шартта эскалация кооптуу чекке чейин жетиши мүмкүн. Бирок азыр баары көзөмөлдө болуп жаткандай. Кыргызстандын муфтияты да биздин жарандарга паникага алдырбоого чакырды. ТИМден да билдирүү болду. Конфликт маалында чагымчылык, фанатизм опурталдуу. Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык нукка кайтып, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырды, мен муну биздин саясий жетекчиликтин позициясы деп билем".
Искендер Шаршеев, экономист: "Инфляция өсөт, мунайга баа жогорулайт"

Сүрөттүн булагы, Social media
"Албетте, Ормуз кысыгы жабылгандан кийин Борбор Азия аймагы аркылуу кургактан жүк ташуу кайрадан жанданышы мүмкүн. Эгер АКШ-Иран согушу үч айдан ашык убакытка созулуп кетсе, БА өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан аркылуу товарлар ташылып өтө баштайт. Кытайдан Европаны көздөй аймактагы автожолдор колдонулат, алардын мааниси өсө баштайт. Албетте, темир жол болсо ага басым жасалмак, азыркы шартта интермодалдык жүк ташуулар күчөйт болуш керек деген божомолубуз бар. Инфляция көтөрүлөт, мунайга болгон баа 8% көтөрүлдү эле, эми дагы асмандайт окшойт. Бизге мунай өкмөт аралык келишим аркылуу Орусиядан келет. Москва анын баасын бизге акырындап көтөрүп жүрүп отурат. Эгерде Жакынкы Чыгыштагы бул согуш жарым жыл же бир жылга уланса, дүйнө жүзү боюнча нефть баасы да кымбаттап турат. Бул дүйнөдөгү инфляциянын 2-3% өсүшүнө алып келет. Анын бизге да таасири болот. Дагы бир опурталдуулук, аймакка, анын ичинде Кыргызстанга качкындар келет. Улуттук коопсуздук комитети бул жагынан жакшы жумуш алып барышы керек болот. Бирок ага чейин эле регионго Бириккен Араб Эмираттарын байырлаган орус релоканттарынын ооп келиши күтүүлүүдө. Экономикалык жактан бул жагдай, балким, бизге мүмкүнчүлүктөрдү да ачышы мүмкүн. Мисалы, аймак аркылуу товар ташылган жагдайда инвестициялар келиши мүмкүн. Иранда болуп жаткан окуялар өкүнүчтүү болуп атат, бирок биздин регион үчүн транзиттик мүмкүнчүлүктөр кайра өсүп жатат".
Артур Медетбеков УКМКнын мурдагы төрагасы: "Гуманитардык апаат болуу коркунучу бар"

Сүрөттүн булагы, Social media
"Азыр дүйнөлүк саясатта акыбал кыйын, жеке эле Иранга тийиштүү эмес, ага жакын мамлекеттерге азыркы кырдаалдын экономикалык, саясий кесепети болот. Өзгөчө Орусия, Кытай, Пакистан, Түндүк Корея жана Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөр Иранга жан тартып жатышат. БУУда согушту токтотуу боюнча билдирүүлөр да жасалды. Себеби, мунун эконикалык таасири чоң. Анткени, Ормуз кысыгынан жаратылыш газы менен мунайдын үчтөн бир бөлүгү өтөт. Иран газын жана мунайын Кытай, Түндүк Корея, Түркия, ал тургай үчүнчү тараптар аркылуу Европа өлкөлөрүнө ташып турчу. Эми ошонун баары токтоп калды, бул эми кризиске алып келет. Газ менен мунайга баа көтөрүлсө, анда дүйнөнүн булуң-бурчунда бардык товарга да баа көтөрүлөт. Эгер бул жаңжал дагы уланып кетсе, гуманитардык апаат коркунучу да бар. Бул аймактан адамдар массалык түрдө кача башташат. Биринчи эле Түркияга, түндүгүндө Азербайжанга кире качам дегендер болот. Түркмөнстанга да кирип келиши мүмкүн, алар азыр чек араларын бекемдеп жаткан убагы. 1994-жылы Ооганстанда талибдер бийликке келгенде качкындар Борбор Азияда жайылып кетпеди беле. Бул гуманитардык чоң апаатка алып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби, Иранда калкынын саны 90 миллионго жакын. АКШ менен Израилдин "Ирандын жетекчилигине каршыбыз, ага өзөктүк курал жасоого жол бербейбиз" деп атканы шылтоо. Алардын негизги максат - Ирандагы газ менен мунайды колго алып, аны өзү каалагандай иштеткилери келет. Ошону менен бирге Ирандан кетип жаткан ал ресурстардыы Кытай, Түндүк Корея өңдүү мамлекеттерге кысым көрсөтүү максатын көздөп жатышат".
Иранга байланыштуу дүйнөдө орун алып жаткан окуяларга Борбор Азия аймагынан казак президенти Касым-Жомарт Токаев биринчилерден болуп реакция жасады. Токаев БАЭ, Катардын жана Иорданиянын расмийлери менен байланышып, алардын өлкөлөрүнө болгон чабуулдарды айыптады. Буга чейин Борбор Азиядагы мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтери жана элчиликтери кырдаалга тынчсызданууларын билдирген.





























