Түз ободо, Катардагы жана Сауд Аравиядагы газ, мунай заводдоруна дрон тийди, Кувейтте АКШнын үч учагы кулады

28-февралдын таңында Израил менен АКШ Иранга аба соккуларын баштаган. Буга жооп иретинде Тегеран да Израилди, Перс булуңундагы мамлекеттерди жана алардын аймагындагы АКШнын аскердик базаларын аткылоодо.

Корутунду

  • 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы соккуларын баштаган. Анын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи каза тапты. Расмий Тегеран бул чабуулдарга жооп кылып, Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдөгү америкалык базаларды аткылап жатат.
  • Жакынкы Чыгышта кырдаал курчугандан бери Иранда, Израилде жана чөлкөмдөгү айрым өлкөлөрдө ондогон адамдардын өмүрү кыйылганы тууралуу маалыматтар түшүп жатат.
  • Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Министрлик Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн Кыргызстан жарандарын тынчтыкты жана коопсуздук чараларын сактоого чакырды.
  • Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү.

Түз алып баруу

Ирандагы соңку кырдаал

  1. Каза болгон америкалык аскер кызматкерлеринин саны төрткө жетти

    Ирандын жооп кайтаруу соккулары учурунда оор жаракат алган америкалык аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы билдирди.

    Ушуну менен Иран менен согуш башталгандан бери жалпысынан төрт америкалык аскер кызматкери каза тапты.

  2. Саудия Арабиясындагы эң ири мунай иштетүүчү завод дрондун соккусунан кийин ишин токтотту

    ”Aramco” компаниясынын Рас-Таннурадагы мунай иштетүүчү заводу дрондун соккусунан улам ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Associated Press агенттиги Саудия Арабиясынын мамлекеттик телеканалына таянуу менен билдирди.

    Заводдун иши токтотулганын Bloomberg жана Reuters сыяктуу бир катар башка агенттиктер да өздөрүнүн ишенимдүү булактарына таянып кабарлашууда.

    Reuters агенттигинин булагы билдиргендей, учурда ишканадагы абал көзөмөлгө алынды.

    Өлкөнүн коргоо министри “Аль-Арабия” телеканалына берген маалыматында эки дрон атып түшүрүлгөнүн, ал эми алардын калдыктарынын кулашы анча чоң эмес өрткө себеп болгонун айтты. Анын сөзүнө караганда, жабыркагандар жок.

  3. Кувейтте АКШнын үч учагы кулады

    АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 2-мартта билдиргендей, Кувейттин абадан коргонуу системалары АКШнын үч F-15E истребителин жаңылыштык менен атып түшүргөн. Экипаждын алты мүчөсүнүн тең коопсуз жерге эвакуацияланганы жана учурда алардын абалы туруктуу экени кабарланды.

    Окуянын себептери иликтенип жатканын CENTCOM кошумчалады.

    Буга чейин өрттөнүп жаткан учак жана парашют менен түшүп жаткан экипаж мүчөсү тартылган видео тарап, Кувейттин аскерлери Американын “бир нече” истребители кыйраганын билдиришкен.

  4. Катар иран дрондорунун чабуулунан кийин суюлтулган жаратылыш газын өндүрүүнү токтотту

    Катардын мамлекеттик Qatar Energy мунай-газ компаниясы эки негизги өнөр жай аймагында — Умм-Саид жана Рас-Лаффанда суюлтулган жаратылыш газын өндүрүүнү токтотту. Бул тууралуу AFP агенттиги компаниянын билдирүүсүнө таянып кабарлады.

    Буга чейин Катардын Коргоо министрлиги ирандык учкучсуз аппараттар Рас-Лаффандагы энергетикалык объектке жана Умм-Саиддеги инфраструктурага чабуул жасаганын билдирген.

    Катар — дүйнөдөгү суюлтулган жаратылыш газын эң ири жеткирүүчүлөрдүн бири. Bloomberg белгилегендей, Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италия Катардын газына баарынан көп көз каранды. Орусиянын газынан баш тарткандан кийин бул өлкөгө келген импорттун 45% дал ушул Катарга туура келет.

  5. Оманда дрон танкерге тийди, АКШ жана союздаштары Ирандын аракетин “коркунучтуу эскалация” деп аташты

    Ирандын аракеттери - бул Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка коркунуч туудурган “коркунучтуу эскалация” деп айтылат АКШ жана анын Перс булуңундагы алты союздашынын биргелешкен билдирүүсүндө.

    “Жарандарга жана аскердик жаңжалга катышпаган мамлекеттерге кол салуу - бул кырдаалды туруксуздаштырган жоопкерчиликсиз аракет”, - деп айтылат документте.

    Араб тилиндеги билдирүүнү Кувейттин Тышкы иштер министрлиги жарыялады, ага АКШ менен Кувейттен тышкары Саудия Арабиясы, Бахрейн, Катар, Иордания жана БАЭ кол койгон.

    Ал ортодо Омандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, сокку уруучу учкучсуз аппарат Оман булуңунда, султанаттын борбору Маскаттын жанында мунай ташуучу танкерге чабуул жасаган. Танкер Маршалл аралдарынын желеги астында бараткан. Натыйжада моряктардын бири каза болгон. Оман тараптын маалыматына караганда, каза болгон жаран -Индиядан.

    Саудия Арабиясында учкучсуз аппараттардын чабуулунан кийин дүйнөдөгү эң ири ишканалардын бири - Рас-Таннура мунай иштетүүчү заводу ишин убактылуу токтотту.

    Кувейтте дрон АКШ элчилигинин имараттар комплексине тийгенин New York Times гезити америкалык булактарга таянуу менен билдирди. Элчиликтин аймагындагы түтүн сүрөттөрдө да көрүнүп турат.

    Катардын Коргоо министрлиги өлкөдөгү энергетикалык объекттерге ирандык дрондор чабуул жасаганын жарыялап, жабыркагандар жоктугун кабарлады.

    Кипрдин бийлиги Британиянын Акротири аскердик базасына түнү менен учкучсуз аппарат чабуул жасаганын билдирди. Дүйшөмбү күнү түштө базада кайрадан кооптуу абал жарыяланды. База тарапка багыт алган эки дрон жок кылынганын жергиликтүү бийлик билдирди.

    Бахрейндин портунда белгисиз снаряддар тийгендиктен кемеде өрт башталып, жабыркагандар жок экенин Британиянын деңиз соода уюму кабарлады.

  6. Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаал

    2-мартта АКШ менен Израилдин Иранга жасаган аба соккуларынан кийин Жакынкы Чыгышта кырдаалдын кескин курчуп кеткенине үч күн болду. Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуулун улантууда, Израил менен АКШ да Иранды бомбалап жатат.

    Аба соккулары уланып, аймагы да кеңейип баратат. Өткөн түнү Ливандагы Иран бийлиги менен санаалаш "Хезболла" аскердик уюму Израил жана АКШ агрессиясына каршы туруштук берүү жүйөсү менен Израилдин Хайфа шаарына ракеталарын атты. Израил буга жооп катары Ливандын түштүк аймактарына жана баш калаасы Бейрутка соккуларын баштады. Учурда бул соккулардан кеминде 31 адам каза тапканын Ливан саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

    28-февралда Тегерандагы резиденциясына жасалган чабуулдан Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи каза тапты. Аны менен кошо 40тан ашык жогорку даражалуу чиновник набыт болгону кабарланды. Өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды.

    Акыркы маалыматтар боюнча, Ирандын Минаб шаарындагы кыздар мектебине жасалган соккудан 165 окуучу кыз мерт кетти. Иран Кызыл жарым ай коомунун соңку маалыматына ылайык, өлкөдө аба соккуларынан кеминде 555 киши каза тапты.

    Чабуулдарга жооп катары Тегеран АКШ менен Израилге "кыйратуучу сокку" урууну убадалап, аймактагы мамлекеттерде жайгашкан америкалык 27 аскер базага жана "Авраам Линкольн" кемесине чабуул койду. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы Иран ракеталары кемеге жетпегенин жана анын операцияда катышуусу уланарын билдиришти.

    Ирандык дрондор менен ракеталар Израилден сырткары БАЭ, Кувейт, Бахрейн, Катар, Ирак жана Иорданиядагы бир катар стратегиялык объектилерге зыян келтирди. Бул кагылышууларда Израилде 9 киши, БАЭ жана Кувейтте 4 киши набыт болсо, Пентагон өзүнүн үч аскери каза болгонун тастыктады.

    28-февралда АКШ менен Израил Ирандын он ири шаарына, анын ичинде Тегеран, Табриз жана Исфаханга аба соккуларын жасап баштаган. АКШ президенти Дональд Трамп бул аракет Ирандын өзөктүк программасынан жана алыс аралыкка учуучу ракеталарынан келип чыккан коркунучтарды жоюу максатында болгонун жарыялаган. Израилдин коргоо министри Исраэль Кац да бул операция Израилдин коопсуздугун алдын алуу максатында башталганын билдирген.

    Учурда аймактагы абал өтө кооптуу бойдон калууда. Көптөгөн авиакомпаниялар каттамдарын токтотсо, Иран дүйнөлүк мунай экспортунун негизги жолу болгон Ормуз кысыгын жаап салды. Бул мунайдын кескин кымбатташына алып барат деген чочулоолор айтылууда. Анын үстүнө, Ирандын 2-марттагы дрон соккусунан кийин Сауд Арабиянын "Aramco" компаниясына таандык мунай иштетүүчү завод ишин токтоткону маалым болду.

  7. ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды расмий маалыматка гана ишенүүгө чакырды

    Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.

    Министрлик учурдагы окуяларга байланыштуу Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн Кыргызстан жарандарын тынчтыкты жана коопсуздук чараларын сактоого чакырды.

    Маалыматта Бириккен Араб Эмираттарынын жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салып, ишенимдүү маалыматка гана таянуу керектиги айтылат. Текшерилбеген маалыматты таратпоо өтүнчүн билдирген.

    Ошондой эле министрлик БАЭ компетенттүү органдары тарабынан жарандарды мейманканаларда кошумча акы төлөбөстөн убактылуу жайгаштырууну узартуу, каттамдардын жокко чыгарылышына же жылдырылышына байланыштуу чыгарып жибербөө чечими кабыл алынганын кабарлаган.

    "Буга байланыштуу Кыргызстан жарандарына мейманканаларда калуу жана бийлик органдарынын расмий сунуштарын күтүү, Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери, туроператорлор, авиакомпаниялар жана мейманканалардын администрациясы менен туруктуу байланышта болуу сунушталат",- деп айтылат маалыматта.

  8. Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрдү

    Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

    Маалыматка караганда, талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды.

    Адилет Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенине кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

    Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле кырдаал турукташканга чейин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга күнү-түнү тынымсыз мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

    Тышкы иштер министрлигине тобокелдик зонасында жүргөн Кыргызстан жарандарынын абалын жана санын тактоо, ошондой эле аларды коопсуз жерлерге убактылуу жайгаштыруу, зарыл болгон учурда чыр-чатак аймагынан чукул эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.