ТИМ: Дубайда 800дөй кыргызстандыктын мейманканада жашоо мөөнөтү аяктады

Сүрөттүн булагы, Social media
Дубай болжол менен 800гө жакын кыргызстандыктын мейманканада убактылуу жашоо мөөнөтү аяктап, же чыгарылганы маалым болду. Бул тууралуу 2-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.
Айтымында, учурда Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында 10 миңге жакын Кыргызстандын жараны бар. Кайрылуулардын негизги бөлүгү Дубайдагы Башкы консулдукка түшүүдө.
Соңку 48 саатта консулдуктун кызматкерлери 1000ден ашуун чалуу жана кайрылууну кабыл алып, карап чыгышкан.
"Учурда мейманканада жашоо мөөнөтү аяктаган жарандардын тизмеси даярдалды. Алардын саны болжол менен 800 адамды түзөт. Башкы консулдуктун кызматкерлери жерине барып, мейманканалардын администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын мейманканада калуусун узартуу маселесин чечүүгө аракет кылууда",- деди ал.
Жумакадыр уулу ошондой эле Кувейтте, Бахрейнде жана Иорданияда да миңге жакын Кыргызстандын жараны бар экенин маалымдады. Алардын басымдуу бөлүгү ал жакта туруктуу жашайт.
Сауд Арабиясындагы кыргызстандыктардын болжолдуу саны 6 миңге жакын. Алардын арасында ажылык сапарга баргандар да бар. Жарандар негизинен Жидда, Медина жана Мекке шаарларында болушууда. Азырынча алардан шашылыш эвакуация тууралуу кайрылуу түшө элек. Бирок жарандар элчилик менен байланышта болуп, керектүү түшүндүрмөлөрдү алып жатышат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн Кыргызстан жарандарын тынчтыкты жана коопсуздук чараларын сактоого чакырууда.

























