ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды расмий маалыматка гана ишенүүгө чакырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.
Министрлик учурдагы окуяларга байланыштуу Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн Кыргызстан жарандарын тынчтыкты жана коопсуздук чараларын сактоого чакырды.
Маалыматта Бириккен Араб Эмираттарынын жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салып, ишенимдүү маалыматка гана таянуу керектиги айтылат. Текшерилбеген маалыматты таратпоо өтүнчүн билдирген.
Ошондой эле министрлик БАЭ компетенттүү органдары тарабынан жарандарды мейманканаларда кошумча акы төлөбөстөн убактылуу жайгаштырууну узартуу, каттамдардын жокко чыгарылышына же жылдырылышына байланыштуу чыгарып жибербөө чечими кабыл алынганын кабарлаган.
"Буга байланыштуу Кыргызстан жарандарына мейманканаларда калуу жана бийлик органдарынын расмий сунуштарын күтүү, Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери, туроператорлор, авиакомпаниялар жана мейманканалардын администрациясы менен туруктуу байланышта болуу сунушталат",- деп айтылат маалыматта.
Эгерде абадан коргонуу сигналы же башка өзгөчө кырдаалдар жарыяланса, укук коргоо органдарынын жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарылдыгы айтылган.
"БАЭде "жабык асман" режими киргизилгендиктен, унаа же поезд менен үчүнчү өлкөлөр аркылуу чыгуу жолдорун өтө зарыл болгон учурда гана кароону жана компетенттүү органдардын расмий маалыматына милдеттүү түрдө көз салып турууну суранабыз",- деп жазылган билдирүүдө.
Ошондой эле БАЭде жүргөн Кыргызстандын жарандары тууралуу ыкчам маалымат алууну камсыз кылуу жана актуалдуу маалыматтарды түзүү максатында, Кыргызстандын элчилигине аты-жөнүн, паспорт номерин жана башка керектүү маалыматтарды, байланыш номерин жана учурдагы жашаган жеринин дарегин жөнөтүү сунушталган.





























