Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө кайрадан чабуул жасады, Израиль Иранды бомбалоодо

Иран

Сүрөттүн булагы, Reuters

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Иран АКШ менен Израилдин соккуларына жооп катары жекшемби күнү Перс булуңундагы жана Ирак Курдистанындагы америкалык базаларга, ошондой эле Израилдин шаарларына сокку урууну кайрадан баштады. Израил болсо жекшемби күнү Иранга каршы жаңы соккулар болорун жарыялады.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге жана АКШнын 27 аскердик базасына чабуул жасалганын жарыялады. Буга чейин сакчылар корпусу Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин өлүмүнө жооп катары масштабдуу сокку урууну убада кылган.

Алар Израилге жана аймактагы АКШнын аскердик базаларына "масштабдуу ракеталык жана учкучсуз аппараттар" менен сокку урулганын кабарлоодо.

Алардын ырастоосунда, америкалык 27 базага, ошондой эле Израилдин Тель-Ноф авиабазасына, Тель-Авивдеги Израил армиясынын штаб-квартирасына жана ошол эле шаардагы ири коргонуу-өнөр жай комплексине чабуул жасалды.

"Иран өч алуунун башка, кыйла катаал кадамын колдонуп, ырааттуу жана өкүнүчтүү соккуларды урууда", - деп айтылат Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө.

Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф Ирандын куралдуу күчтөрү аймактагы америкалык жана израилдик объекттерге чабуул жасаганды улантарын билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп Иранды жооп кайтаруудан карманууга чакырды.

"Иран жаңы эле бүгүн мурдагыдан дагы алда канча күчтүү сокку урарын жарыялады. Андай кылбай эле коюшканы оң, анткени антпесе биз аларга буга чейин эч качан болуп көрбөгөндөй күч менен сокку урабыз!"- деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.

Жекшемби күнү жарылуулар БАЭнин Дубай шаарында, Катардын борбору Дохада жана Оманда болду. Дубайда эл аралык аэропорт жана «парус» түрүндөгү Бурдж-эль-Араб мейманканасы соккуга дуушар болду; тасмаларда алардын үстүнөн көтөрүлгөн түтүн түркүктөрү көрүнүп турат.

Аймактагы AFP кабарчылары Дубай (БАЭ), Доха (Катар) жана Манама (Бахрейн) шаарларында катуу жарылуулар болгонун жеринен кабарлап жатышат.

Дубайда соккуга, кыязы, эл аралык аэропорт душар болгон, анткени видеотасмаларда анын үстүнөн көтөрүлгөн уюган түтүн көрүнүп турат.

Израиль да соккуларды улантууда

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Израилдин аймагына жасалган чабуулдар тууралуу Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) да кабарлап, абадан коргонуу системалары ишке киргизилгенин билдирди.

"Иран тараптан Израил Мамлекетине багытталган ракеталар аныкталгандан кийин, өлкөнүн бир нече райондорунда сиреналар жаңырууда", - деп айтылат аскер кызматкерлеринин билдирүүсүндө.

Израиль да соккуларды улантууда.

ЦАХАЛ жекшемби күнү Израилдин Аскердик-аба күчтөрү Тегерандагы объекттерге бир катар соккуларды ура баштаганын жарыялады.

"Израилдин Аскердик-аба күчтөрү Тегерандагы иран режимине таандык буталарга бир катар соккуларды урууну баштады", - деп айтылат армиянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

ЦАХАЛ ошондой эле Ирандагы абадан коргонуу объекттерине, ракеталык базаларга, аскердик штабдарга жана режимдин башка "буталарына" чабуулдар улана берерин билдирди.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп бир жума бою Иранга абадан сокку урууну улантууга даяр экенин кабарлаган.

28-февралдын таңында Израиль Иранга алдын алуучу сокку урганын өлкөнүн коргоо министри Исраэль Кац билдирген. Анын айтымында, бул соккулар Израилге карата коркунучтун алдын алуу максатында жасалды. Андан соң АКШнын операцияга катышып жатканын президент Дональд Трамп да тастыктаган.

АКШ менен Израилдин биргелешкен аба операциясынын натыйжасында Ирандын жогорку башкаруучусу аятолла Али Хаменеи өлтүрүлдү.