Жакынкы Чыгыштагы кырдаал: Касым-Жомарт Токаев араб мамлекеттерине колдоосун билдирди

Токаев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токаев
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчуп жаткандыгына байланыштуу аймактагы бир катар араб мамлекеттердин лидерлери менен байланышып, өзүнүн терең тынчсыздануусун жана колдоосун билдирди.

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бен Заид Аль Нахаян менен болгон телефондук сүйлөшүүдө Токаев БАЭге жасалган аскердик чабуулдардан улам жарандык инфраструктуранын жабыркаганына өкүнүчүн айтты. Ал Казакстан бул өлкөнү боордош мамлекет катары көрөрүн жана кандай гана кырдаал болбосун колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ошондой эле, жарандык объекттерге жасалган кол салууларды кескин айыптай турганын кошумчалады.

Казакстандын президенти Катардын Эмири, шейх Тамим бен Хамад Аль Тани менен сүйлөшүп, аймактагы оор кезеңде Катар эли менен тилектеш экенин билдирди. Эки тарап тең стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экендигин ырасташты.

Мындан тышкары, Токаев Иорданиянын Королу Абдалла IIге атайын билдирүү жөнөтүп, оор күндөрү иорданиялыктарга тилектештигин жана колдоосун билдирди.

Токаев Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга өлкө лидеринин деңгээлинде алгачкылардан болуп реакция кылды. Буга чейин Борбор Азиядагы мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтери жана элчиликтери кырдаалга тынчсызданууларын билдирген.

28-февралдын таңында Израиль Иранга сокку уруп баштаган. Көп өтпөй президент Дональд Трамп АКШ да бул операцияга катышып жатканын тастыктаган.

АКШ менен Израилдин биргелешкен аба операциясынын натыйжасында Ирандын жогорку башкаруучусу аятолла Али Хаменеи өлтүрүлдү.

Иран АКШ менен Израилдин соккуларына жооп катары Перс булуңундагы жана Ирак Курдистанындагы америкалык базаларга, ошондой эле Израилдин шаарларына сокку урууда. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге жана АКШнын 27 аскердик базасына чабуул жасалганын жарыялады. Буга чейин сакчылар корпусу Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин өлүмүнө жооп катары масштабдуу сокку урууну убада кылган.

Ирандын соккуларынан аймактагы Дубай (БАЭ), Доха (Катар) жана Манама (Бахрейн) жана башка шаарларда катуу жарылуулар болду. Тегеран бул өлкөлөрдөгү Американын аскердик базаларын бутага алып жатканын билдирүүдө.