Болот Темировдун кайрылуусу БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде каралат

Сүрөттүн булагы, Social media
Temirov Livе долбоорунун негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темировдун арызы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде карала турган болду. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармактардагы баракчасына жазды.
Темировдун айтымында, тиешелүү суроолор Кыргызстан бийлигине жөнөтүлгөн.
«Менин ишим БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде карала турган болду. Арыз катталды жана Кыргызстан бийлигине тиешелүү суроолор жөнөтүлдү. Алар 2026-жылдын 26-августтуна чейин жооп бериши керек",- деп жазды ал.
Темировго акысыз юридикалык жардам көрсөткөн юристтер командасы арызды даярдап, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине тапшырган. Документ 47 беттен жана 100дөн ашуун пункттан турат.
Арызда журналисттин эл аралык укуктарынын бузулгандыгы тууралуу далилдер камтылган. Тактап айтканда, адилеттүү соттук териштирүү, жарандык маселелер, пикирин эркин билдирүү боюнча укуктары бузулганы көрсөтүлгөн.
Болот Темиров 2022-жылдын 22-январында мыйзамсыз наркотик жасоо жана сактоо фактысы боюнча кармалган. Андан көп өтпөй ага Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алуу боюнча эки иш жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча дагы бир иш козголгон.
Ошол эле жылдын күзүндө Бишкектин Свердлов райондук соту журанлисти "Сатуу максатын көздөбөстөн маңзат сактоо" жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренелери боюнча актаган. Документ жасоо фактысы боюнча күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жаза чегерилген эмес.
2022-жылдын ноябрында Бишкек шаардык соту Темировдун апелляциялык арызын карап, алгачкы соттун чечимин күчүндө калтырган жана кошумча жаза катары аны өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.
Чечим дароо аткарылып, Темиров сот залынан күч менен чыгарылып, аэропортко жеткирилген жана Москвага жөнөтүлгөн.
Журналист өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, козголгон кылмыш иштерин өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын соту Temirov Live, "Айт айт десе" жана "Клооп" медиа долбоорлорунун материалдарын, аларды негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тапкан.





























