Аятолла Хаменеи жок кылынды. Эми Иранды ким башкарат?

Аятолла Али Хаменеи

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аятолла Али Хаменеи
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи 28-февралда Тегеранда АКШ менен Израилдин биргелешкен аба чабуулунун натыйжасында өлтүрүлдү. Ал Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген жана анын жетекчилиги астында өлкө азыркы абалына келген: тышкы дүйнө үчүн жабык, милитаризацияланган, бийликке нааразычылыкты катаал жана ырайымсыз баскан өлкөгө айланган. Ким жана кантип Хаменеинин мураскери боло алат?

Ирандын IRIB мамлекеттик телеканалы жекшемби күнү эртең менен "Ирандын жогорку лидери шейит кетти", - деп билдирди. Ошентип, АКШ менен Израил аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнү тууралуу жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин Тегеран 1989-жылдан бери бийликте турган жогорку лидери абадан соккунун натыйжасында өлгөнүн расмий тааныды.

Өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды; алдыдагы 7 күн бою эч ким иштебейт.

"Жогорку лидер шейит кетсе да, анын жолу, вазыйпасы жоголбойт, унутулбайт, тескерисинче, мындан да чоң күч-кубат жана ынтаа менен уланат", - деп айтты көзүнө жаш алган телеалпаруучу.

Хаменеи менен бир убакта Иран жогорку жетекчиликтин башка мүчөлөрүн да жоготту.

Алар:

- Абдулрахим Мусави, Ирандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы — анын каза болгонун жекшемби күнү иран телеканалы ырастады.

- Мухаммед Пакпур, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

- Али Шамхани, Жогорку башкы командачынын кеңешчиси жана Коргонуу кеңешинин катчысы.

- Ирандын мамлекеттик агенттиги тактагандай, аскер башчылары сокку урулган учурда Коргонуу кеңешинин жыйынында болушкан.

Ошондой эле, Хаменеинин кызы, күйөө баласы жана небереси да кол салуунун натыйжасында каза болгонун Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады.

Жалпысынан алганда, бул соккулардан Ирандын 40ка жакын чиновниги набыт болду.

Хаменеинин, Пакпурдун жана Шамханинин өлүмү тууралуу расмий кабарлардан бир нече саат өткөндөн кийин жаңы жогорку лидер дайындалганга чейин Иранды кеңеш башкарары жарыяланды. Бул кеңештин курамына Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, ошондой эле өлкөнүн сот системасынын башчысы жана Конституциянын сакчылар кеңешинин өкүлү кирет.

Жогорку лидердин мураскорун дайындоону Лидерлик маселелер боюнча Эксперттер ассамблеясы колго алууга тийиш. Бул 88 динаятчыдан турган орган.

Ирандын конституциясына ылайык, мураскер мүмкүн болушунча тез арада тандалышы керек. Али Хаменеи өзү бул кызматка мурдагы президент, 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынын лидери аятолла Рухолла Хомейни каза болгон күнү дайындалган.

Бирок, АКШ менен Израил Иранга чабуул коюп жаткан чакта коопсуздук себептерден улам Ассамблеянын бардык катышуучуларын чукул арада чогултуу кыйын болушу мүмкүн, деп белгилейт Би-Би-Синин Перс кызматынын кабарчысы Бехран Таждин.

Ким Ирандын жаңы жогорку лидери ким боло алат?

Маалыматка ылайык, АКШ менен Израилдин чабуулуна чейин эле Ирандын жетекчилиги мындай кырдаал түзүлгөндө өлүшү мүмкүн болгон бардык негизги жетекчилердин ордуна бир нече талапкерлерди аныктап койгон.

Хаменеи өзү ыктымал мураскерин расмий жарыялаган эмес, ошондуктан анын ордун ким ээлей турганы белгисиз. CNN телекомпаниясы эксперттер менен серепчилердин арасында сурамжылоо жүргүзүп, беш ыктымал талапкердин атын атады.

Биринчиси – Али Хаменеинин экинчи уулу, 56 жаштагы Можтаба Хаменеи. Атасынын көзү тирүү кезинде да Можтабанын таасири күчтүү болчу, ал Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу жана ага байланышкан ыктыярдуу аскерлештирилген "Басиж" уюму менен тыгыз байланышта деп эсептелинет. Бирок Можтабага салт каршы чыгышы ыктымал, деп белгилейт CNN: бийликтин атадан балага өтүшүн шиит мусулмандарынын динаятчылары колдобойт. Кошумча тоскоолдук да бар: Можтабанын расмий кызматы жок жана жогорку даражалуу динаятчы да эмес.

CNN кепке тарткан эксперттердин баамында, экинчи ыктымал талапкер – 67 жаштагы Алиреза Арафи. Ал Можтаба Хаменеиге караганда анча белгилүү эмес, бирок кадыры жана аброю жогору динаятчы, Али Хаменеинин ишенимдүү адамы. Ал азыр Эксперттер ассамблеясынын төрагасынын орун басары кызматын ээлейт, ал эми бул орган өлкөнүн жаңы лидерин дайындайт. Алиреза Арафи ошондой эле шайлоо алдында талапкерлерди жана парламент кабыл алган мыйзамдарды текшерген Сакчылар кеңешинин мүчөсү. Арафинин олуттуу деле саясий салмагы жок, мындан тышкары коопсуздук күчтөрү менен тыгыз байланышка ээ эмес.

Үчүнчү талапкер – 60 жаштагы Мохаммад Мехди Мирбагери. CNN аны радикал динаятчы деп атайт, ал да Эксперттер ассамблеясынын мүчөсү жана бул Ассамблеяда динаятчылардын эң эскичил көз карашты карманган канатынын өкүлү болуп саналат. IranWire басылмасынын маалыматына ылайык, ал Батышка каршы өтө терс көз караштагы адам жана "динчилдер менен каапырлардын ортосундагы кагылышуу сөзсүз болот" деп эсептейт. Учурда ал Ирандын түндүгүндөгү шииттер үчүн өтө маанилүү Кум шаарындагы Ислам илимдер академиясын жетектейт.

Төртүнчү талапкер – 50 жаштагы Хасан Хомейни. Хомейни – Ислам Республикасынын негиздөөчүсү аятолла Рухолла Хомейнинин небереси. "Ал мамлекеттик кызматтарды ээлеген эмес жана Ирандын күч түзүмдөрүнүн же башкаруучу элитанын арасында анчалык деле таасирге ээ эмес", - деп айтышты CNN телеканалы менен маектешкен эксперттер.

Бешинчи талапкер – 70 жаштагы Хашем Хосейни Бушери. Ал Эксперттер ассамблеясы менен тыгыз байланышта болгон жогорку даражалуу динаятчы, Ассамблеяда ал төраганын биринчи орун басары кызматын ээлейт. Бушери Хаменеиге жакын болгону айтылат, бирок өлкөдө көзгө илинерлик саясатчы болгон эмес жана Сакчылар корпусу менен деле тыгыз байланышы жок.

АКШнын президенти Дональд Трамп CBS News телеканалы менен кыска маегинде Хаменеинин ордуна бир нече "жакшы талапкерлер" бар экенин айтты.

"Иранды ким жетектешин каалайт элеңиз, мындай адам барбы?" деген суроого Трамп: "Ооба, бар го дейм. Бир нече жакшы талапкерлер бар", - деп жооп кайтарды.

Журналисттин "Хаменеинин өлүмүнөн кийин чечимдерди ким кабыл алат деп ойлойсуз?" деген суроосуна Трамп: "Ким экенин так билем, бирок силерге айта албайм" деп жооп берди. (ZMa)