"Балдарым деп жүрүп өтүп кетти". Ак-Сууда өзүнө өрт коюп өлгөн аял ким болгон?

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Ысык-Көл облусунун Ак-Cуу районунда өзүнө өрт койгон 41 жаштагы келин каза болду. Ак-Cуу айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Кобонбаев Би-Би-Сиге билдиргендей, маркум жалгыз бой эне болгон, артында чырактай төрт баласы калды.
Жалгыз бой эне...
"Ак-Сууга келип турганына он жылдай болуп калды. Күйөөсү менен ажырашып кеткен, төрт баланын энеси болчу. 2013-жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турат. Ай сайын жөлөк пул алып келген. Мага көп кайрылчу эле, айыл өкмөттөн да, өзүмдүн чөнтөгүмөн да көп каралашып калдым",-деди айыл өкмөт башчысы.
"Өз үйүнө былтыр эле жеткен"
Кобонбаевдин айтымында, маркум аял жашоо-шарты начарыраак болуп, өз үйүнө былтыр гана ээ болгон.
"2024-жылы айыл өкмөттөн жер тилкеси бөлүнүп берилип, Араб кайрымдуулук фонду тарабынан 2025-жылы үч бөлмөлүү чакан үй салдырып алган. Былтыр ал үйүнө киргенде, "үйлүү болдум" деп, жетине албай, аябай сүйүнгөн. Беш-алты күн мурун эле мага вотсаптан "кулагым ооруп, кыйнап жатат, тыйыным жок болуп жатат" деп кайрылыптыр. Анан мен бюджет ачыла элек болгондуктан, картамда болгон 7000 сом акчамды берген элем, "ыраазымын" деп, батасын берип, жазып жиберген экен.",-деди Кобонбаев.
"Мүнөзү тайманбас эле, мындайга барбайт эле"
Айыл өкмөт башчысы каза болгон келин күйөөсү менен ажырашканына көп болгонун айтты. Ошондой эле аялдын тайманбаган мүнөзү болгонун, мындайга барбай турганын айтып, кейиди.
"Кабарды угуп алып, мен да нес болуп турам. Балдарынын азабын тартып жүрүп, эмне болуп жатканын өзү билбей калды окшойт. Болбосо, төрт-беш күн мурун сүйлөшкөндө андай ою такыр жок болчу. Кош бойлуу болуп калды деп айтылып жаткан кызы улуу кызы. Күйөөсү менен ажырашканына көп эле болуп калган, катышышпайт болчу, мен аны көргөн да эмесмин. Былтыр болушу керек эле, балдарым менен батирден чыгарып салды деп видеокайрылуу жасаган экен. Менин айыл өкмөтүмө караштуу экен деп, дароо 30 миң сом которуп, башка батирге чыгарган элем. Андан кийин эле үйлүү болуп, эми үйү бар, жашоосу оңолуп келатат деп сүйүнүп жаткам да. Мүнөзү тайманбаган кыз эле, өзүм да ишене албай турам, мындайга бармак эмес ал",-деди Кобонбаев.
Талант Кобонбаев айыл өкмөтү тарабынан кышында жардам катары отун, көмүр берилип турганын, демөөрчүлөр аркылуу азык-түлүк да алып турарын кошумчалады.
"Кызым боюнда болуп калды, элдин бетин кантип карайм"
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 25-февралда Ак-Суу РИИБге каза болгон келиндин 17 жаштагы кызы 16 жумалык кош бойлуу экени тууралуу маалымат түшкөнүн, бул боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын маалымдаган.
"Аталган фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан 17 жаштагы өспүрүм кыз суракка алынган. Сурак алуу учурунда мыйзамдуу өкүлү катары катышуудан анын апасы — 1985-жылы туулган М.А. — баш тарткан (себеби "кызым боюнда болуп калды, элдин бетин кантип карайм" деп билдирген). Буга байланыштуу Ак-Суу райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда жашы жете элек өспүрүм кыз суралган",-деп берилет маалыматта.
Ошол эле күнү, 25-февралда саат 21:00 чамасында, жаш өспүрүм кыздын апасы "дүкөнгө суусундук алам" деп чыгып кетип, күйүтүнө чыдабай, өзүнүн денесине бензин куюп, өзүн өзү өрттөгөнү айтылган.
Натыйжада келин Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилип, алган күйүк жаракаттарынан улам каза болгон.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
































