Жибек Жолу 2.0: Эмнеге Британия күтүүсүздөн Борбор Азияга кызыга баштады?

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Ибрат Сафо
- Role, Би-Би-Синин Өзбек кызматы
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Британия Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен C5+1 форматында Лондондо жолугууну пландап жатат. Би-Би-Синин Өзбек кызматынын журналисти Ибрат Сафо мурда көңүл сыртында калып келген аймакка Британия эмне себептен кызыга баштаганын талдайт.
Тарыхый жактан алганда Британия өкмөттөрү Борбор Азиядагы беш өлкөнү периферия (четки аймак) катары көрүп келген. 1990-2000-жылдар аралыгында жогорку деңгээлдеги байланыштарды чектелүү деңгээлде жүргүзгөн. Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан 1991-жылы Советтер Союзу урап, эгемендик алган болсо да, бул аймакты Орусиянын арткы короосу катары көргөн көз караштар жоюла элек.
Британиядагы айрым илимпоздор аймакты 19-кылымдагы "Чоң оюн" ракурсунан кароону улантып келет. Ага ылайык, Британия жана Орусия империялары Борбор Азия боюнча стратегиялык атаандаштыгын күчөтүшүп, акыркы Британия Орусияга жол бошоткон.
Бирок соңку жыйырма жылда Азиянын бул аймагы Ооганстанга жакындыгынан улам Батыштын терроризмге каршы күрөшүндө маанилүү өнөктөш болуп келген. Ошентсе да Талибан 2021-жылдын августунда бийликке кайра келип, мурдагы кызматташтык солгундап кетти.
Үч жыл мурда Британиянын Тышкы иштер боюнча комитети өлкөнүн Борбор Азия менен мамилесин "реактивдүү" жана "кыска мөөнөттүү" деп сыпаттап сынга алган. Өзүнүн "Кесилишкен жердеги өлкөлөр: Британиянын Борбор Азиядагы ролу" аттуу баяндамасында аны "өтө жетишсиз" деп атаган.
Анда белгиленгендей, Британия өкмөтү Борбор Азия боюнча так жана баалуулуктарга негизделген иш-аракет жасашы керек: "Кытай же Орусия менен атаандашууга эмес, Борбор Азия лидерлерине альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого басым жасашы зарыл".
Муну ишке ашырууга караганда сөз менен айтуу оңой болушу ыктымал. Орусия менен Кытай Борбор Азияда үстөмдүккө ээ державалар. Орусия ири экономикалык күч жана инвестор болсо, Кытай борбор азиялыктардын эң ири соода өнөктөшүнө айланган.
Ошондой эле бул аймак Орусияга Украинадагы токтобой келаткан согуштан кийин Батыштын санкцияларынан кыйгап өтүүгө шарт түзүп, параллелдүү импорт схемасы ишке кирди. Британиянын тышкы иштер министрлиги мындан кабары бар. Мурдараак аталган мекеме Британия "санкцияларды кыйгап өтүүнү алдын алуу үчүн казактар жана өзбектер менен кызуу иш жүргүзүп жатат" деп билдирген эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эмне себептен Британия азыр бул алыскы аймакка кызыгып жатат?
Биринчиден, Брекситтен улам.
Британия Европа Биримдигинен чыккандан кийин жаңы экономикалык кыйынчылыктарга туш болуп, Борбор Азия менен мамилесин олуттуу түрдө өзгөрттү. Британия өзүнүн "Өнүгүп жаткан өлкөлөр менен соода схемасы" аттуу тарифтик программасын ишке киргизип, миңдеген товарларга 0% тариф менен Өзбекстан биринчилерден болуп кабыл алынган.
Британия Европанын сыртындагы мамлекеттердин жумушчу күчүнө көбүрөөк муктаж болуп, Британиянын эмгек базарындагы, айрыкча айыл чарбасындагы, боштуктарды толтуруу үчүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдөн жумушчуларга визалык чектөөлөрдү жеңилдетүүгө аргасыз болгон. Соңку бир нече жылда он миңдеген борбор азиялык эмгек мигранттары Британияга мезгилдик эмгек визалары менен барышкан.
Тышкы иштер комитетинин маалыматына ылайык, визанын санын көбөйтүү менен катар сантехник, электрик жана саламаттык сактоо кызматкерлери сыяктуу жумуш орундарын да көбөйтүүгө чакырышкан.
Экинчиден, маанилүү минералдарга байланыштуу.
Борбор Азияда литийдин, урандын жана сейрек кездешүүчү жер элементтеринин ири кору бар. Британия аларды өзүнүн жашыл энергияга өтүү жана жогорку технологиялык өнөр жай программаларына керектейт. Ошондой эле, аймакта болот өндүрүшүндө жана батареяларда колдонулган марганец менен хромдун дүйнө жүзү боюнча ири үлүшү жайгашкан. Өзүнүн "Vision 2035: Critical Minerals Strategy" программасында Британия аталган минералдарды туруктуу жана ишенимдүү жектирүүнү камсыздоого артыкчылык берери белгиленет.
Борбор Азиянын колдонула элек резервдери көпчүлүктү кызыктырууда: өткөн ноябрда АКШнын президенти Доналд Трамп C5+1 форматында Ак үйдө (Вашингтондо) Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары менен саммит өткөргөн. Саммиттин башкы максаты сейрек кездешкен жер жана маанилүү элементтерди камсыздоо болгон. Муну менен АКШ Кытайдан көз карандылыгын азайтууга аракет кылган.
Үчүнчүдөн, жумшак күч.
Британиянын университеттери Борбор Азияда жогору бааланат. Лондон билим берүү аркылуу аймактагы кызыкчылыктарын илгерилетүүгө болорун түшүнөт. Британия өзүнүн билим берүүдөгү аброюн пайдаланып жаткан шартта соңку бир нече жылдан бери Британия менен Борбор Азиядагы университеттердин ортосундагы көз карандысыз кызматташтыктардын саны өстү.

Сүрөттүн булагы, Official
Лондондогу "Британия тышкы саясат тобу" аналитикалык борборунун маалыматына ылайык, билим берүү соодага өбөлгө түзөт. "Британиянын маданий иш-чараларына аралашуу өнөктөштүн Британия менен соода кылуу ниетин 7% көбөйткөнүн көрсөткөн", – делет анда.
Ошондуктан маданият жана билим берүү дагы көбүрөөк соода кылууга алып барышы ыктымал. Британиянын Соода боюнча өкүлү Жон Олдердайс бир нече күн мурда Ташкентке барганда Британия аймактагы инфратүзүмдү жана "жоопкерчиликтүү кен казууну" колдоого 4 млн фунт стерлинг өлчөмүндөгү экспорттук кепилдиктерди убадалаганын ырастады. Билим берүү жана каржылык кызматтар менен катар Борбор Азиядагы адистешкен технологияга жана жабдууларга, мисалы, темир жол хабдарына, аба майдандарына жана чек ара өтмөктөрүнө кызыгуу күчөп жатат.
"Баалуулукка негизделген мамиле"
Британия Борбор Азия менен мамилесин өз баалуулуктарынын негизинде жүргүзгүсү келет. Бирок ага Борбор Азиядагы экономикалык стратегиясы менен адам укуктарын коргоого чакыруунун ортосундагы тең салмактуулукту кармануу оңой болбойт. Орусия менен Кытай аймактагы лидерлерди адам укуктарын коргобогону үчүн басынтпаганы көбүнесе өз ара сооданы жеңилдетип келет.
Бирок Британия сөз эркиндигин сыйлоо, гендердик теңдик, ЛГБТ+ укуктары сыяктуу тармактардагы өз баалуулуктары менен сыймыктанып келет. C5 өлкөлөрү менен мамилесин тереңдетүүгө аракет кылып жаткан өкмөт өз баалуулуктарын карманышы керекпи?
Борбор Азия өлкөлөрү ар кайсы деңгээлдеги авторитардык мүнөзгө ээ. Фридом Хаус уюмунун соңку баяндамасында Борбор Азия дүйнөдөгү кысым күчөгөн аймактарга киргизилген жана баары "эркин эмес" деп аталган.
Мурда кысым даражасы азыраак деп белгиленген Кыргызстан менен Казакстан азыр толугу менен аймактагы "консолидацияланган авторитаризм" трендине кошулганын белгилейт Фридом Хаус.
Президенттик мөөнөттү кайра башынан баштоого багытталган конституциялык өзгөртүүлөр Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө авторитардык бийликти ого бетер бекемдеген. Аймактагы көз карандысыз маалымат каражаттары системалык түрдө куугунтукталып, өкмөттүн колундагы соттор курал катары пайдаланылып келет.
2000-жылдардын башында Британиянын Өзбекстандагы элчиси Крейг Муррей президент Ислам Каримовду өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу боюнча ачык сынга алып, кыйноо менен маалымат топтоого тийиштиги бар деп Британияны айыптаган. Бул ири дипломатиялык жаңжалга жол ачып, Муррей кызматтан алынган.

Сүрөттүн булагы, BBC Uzbek
Тышкы иштер комитетинин баяндамасында Борбор Азияда адам укуктарын жакшы түшүнбөйт делип, тандалма түрдө сакталары айтылат.
"Өзбекстанда диний эркиндик жана мажбурлап ишке тартуу багытында бир аз жылыш байкалганы менен, Борбор Азияда саясий оппозиция менен маалымат каражаттарына каршы басым байкалууда. Каршылык акциялары күч менен басылып, кыйноо боюнча айыптар кадыресе көрүнүшкө айланды, гендердик зордук-зомбулук чоң көйгөй, шайлоолор эркин жана калыс өтпөйт жана кылмышка айыпталгандар адилеттүү соттолбойт", – делет анда.
Комитет Британия-Борбор Азия алакалары мыйзамсыз каржылоо менен күрөшкө да көңүл бурууга чакырат. Анда Борбор Азиядагы автократтардын "кир акчалары" Британияга алып барылып же Британия аркылуу өткөрүлүп жатканы айтылат.
Баалуулукка негизделген мамилеге ылайык, Британия аталган көйгөйлөрдү Борбор Азия лидерлери менен болгон саммитте ачык айта алабы? Айрыкча Трамп сыяктуу башка лидерлер экономикалык пайданы көздөп, мындай маселелерди көз жаздымда калтырып келатышкан шартта?
Анан эң эле маанилүүсү, Борбор Азиялыктар кулак салабы? Анын үстүнө Британия тышкы жардам боюнча бюджетин кыскартып, Борбор Азиядагы таасири да бир топ эле басаңдап калды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Британия 2024-2025-жылдары Борбор Азиядагы өнүктүрүү программасына болгону 12,7 млн фунт стерлиң бөлгөн. Салыштыра кетсек, бюджет кыскарганга чейин, Тажикстан эле жыл сайын Британиядан болжолдуу 15-20 млн фунт стерлиң алып турган.

Сүрөттүн булагы, Official
































