Бакыт Төрөбаев интернетке тараган аудио боюнча комментарий берди

вав

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Министрлер кабинети төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарга 23-февралда тараган аудио сүйлөшүү боюнча Би-Би-Сиге комментарий берди. Анда ал аудио сүйлөшүү чын болгонун ырастап, анын мазмуну боюнча пикирин айтты.

"Интернетте тарап жаткан аудио боюнча түшүндүрмө берүүнү туура көрдүм. Анткени ар кандай божомолдор айтылып, саясатташып бара жатат окшойт.Биздин сүйлөшүүдөгү Эркин Торобаев — менин бир тууган агам Жолдошалинин уулу болот.Окуянын чоо-жайы төмөнкүдөй. Мурда Камчыбек Кыдыршаевич мага жолугуп калып: «Барселонанын жанында иниңдин жер тилкеси бар экен, сатып алалы деп жатабыз. Арзаныраак сүйлөшүп берчи», — деп кайрылган. Мен иним менен көп байланышта болбогондуктан, бул маселени тактоо үчүн бир тууган агама: "Эркиндин жери бар экен, сатып алабыз деп жатышыптыр, байланыштырып коёсузбу", — деп айткам. Андан ары жер канчага сатылганы же кандай соодалашуу болгону боюнча кызыккан эмесмин. Жакында Эркиндин айрым мүлктөрү кимдир бирөөлөр тарабынан тартып алынганы тууралуу сөздөрдү угуп калдым. Чын-төгүнүн билүү максатында өзүнө телефон чалып, тактоочу суроолорду гана бергем. Аудио жазуудан да угууга болот — сүйлөшүү туугандык деңгээлде гана болгон. Эч кандай мыйзамга каршы келген сөздөр айтылган эмес. Ошондуктан, тарап жаткан аудио жазууга байланыштуу менин атымды саясий максатта пайдаланбоону өтүнөм" деп айтылат Бакыт Төрөбаевдин Би-Би-Сиге жазуу түрүндө берген комментарийинде.

23-февралда социалдык тармактарга Министрлер кабинети төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жана экс-депутат Эркин Жолдошалиевдин (Эркин Төрөбаев) телефон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Жолдошалиев делген адам Таймурас Ташиев анын жерин сатып алганын, бирок ал жердеги заводдун шаймандарын, темир-тезектерин алып кетүүгө мүмкүндүк бербей койгонун айтып жатканын угууга болот.

"Мен бош жерди берем деп саткам. Заводду алып койбодубу. Жерди сатып, бирок заводду саткан эмесмин да. Бузуп алып кетем деп айткам. Заводду Таймурас алып койду", - дегенин угууга болот Эркин Жолдошалиев делген адамдын. Ошондой эле ал бир жылдан бери АКШда жүргөнүн айтат. Кыргызстанда ага кылмыш ишин козгойбуз дегендер бар экенин да билдирген.

Аудио сүйлөшүүдө учурдагы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетовдун аты да аталат. Бул аудио сүйлөшүүдө аты аталганы боюнча Каныбек Досмамбетов комментарий бере элек. Би-Би-Си комментарий сурап министрликтеги тиешелүү адамдарга кайрылды.

Ал арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев Жалал-Абад облусундагы ишканаларды "рейдерлик жол менен басып алды" деген айыптоолорго байланыштуу комментарий берди. Таймурас Ташиев "Регион" телеканалына маек берип, "айрымдар атамды каралоого аракет кылып жатат" деп билдирди.

"Ал жакта эч кандай завод жок эле. СССР кулагандан кийин эч нерсе калган эмес. Алар жөн гана элди адаштырып жатышат. Адашпасам, 2022-жылы болгон. Тартып алган эмесмин, мен сатып алганмын. Жаңылбасам, 470 миң долларга алсам керек эле. Ал жакта темирлер, трубалар бар болчу, ээси кийин алып чыгып кеткен. Ал жерде өрттөнүп кеткен бир имарат бар болчу, биз ал жерге мектеп куралы деп жатканбыз. Бизге Бакыт Төрөбаев ортомчулук кылган, себеби сатуучу ага тууган болчу. Төрөбаев баасын түшүргөнгө жардам берген. Азыр айрымдар атамды каралоого аракет кылып жатышат, Орозо учурунда биз аларды кечирдик", - деди Таймурас Ташиев.

Таймурас Ташиев - УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин улуу баласы жана "Томас и Ко" компаниясынын директорунун орун басары. Ал буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болгон. Ошондой эле Таймурас Ташиев Бишкек - Ош жолундагы "Өзгөн" айланма жолунун курулушунун инвестору болгонун, бирок жол бүткөндөн кийин долбоордон чыгып кеткенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Жапаров менен Ташиевдин саясий тандеми ыдырагандан кийин өлкөдө бир катар мамлекеттик кызматкерлер иштен алынып, кээ бирлери өз эрки менен отставкага кетти.