Украин президентинин Кеңсесинин жетекчисинин орун басары Сергей Кислица: "Батыштагы өнөктөштөр Орусия Украинаны оккупациялайт деп ишенишкен"

Сүрөттүн булагы, Facebook/Serhei Kislitsa
Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр согуштук аракеттери менен катар эле, бир нече жылдан бери жүрүп келет. Бирок алардын чоо-жайы ачыкка чыккан убактар сейрек.
Бул Би-би-синин Украин Кызматынын жасаган материалынын котормосу, анын түп нускасы менен бул жерден тааныша аласыздар.
Би-би-синин кабарчысы Пол Адамска берген маегинде Украинанын президентинин Кеңсесинин жетекчисинин орун басары Сергей Кислица азыркы сүйлөшүү процесси жана анда АКШнын ролу тууралуу гана эмес, согуш кантип башталганын да айтып берди. Айрыкча, ал 2022-жылдын 23-февралынан 24-февралына караган түнүн эскерип берди. Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жаткан учурда Украинага бастырып кирген. Ал кезде Коопсуздук кеңешинде төрагалык Орусияда эле.
Кислица ошондой эле эмнеге согуш тез аяктабай калганын жана эмне үчүн Украинанын багынып берүүсүнө негизи жок экенин айтты.
Аскерлерге дипломаттарга караганда макулдашуу жеңилирээк
Соңку бир жыл ичинде сүйлөшүү процесси кыйла өзгөрдү, дейт Сергей Кислица. Эгер 2025-жылы маанилүү жолугушуулар Стамбулда өтсө, 2026-жылы аянтча катары Абу-Даби тандалды. Бирок эң негизги айырма орус делегациясынын курамында болду.
Буга чейин анын курамында азыр көнүмүш болуп калгандай саясий фигуралар же ТИМ өкүлдөрү болгон эмес. Анын ордуна сүйлөшүүлөргө аскер өкүлдөрү жана атайын кызматтар катышчу.
Кислицанын айтымында, бул күтпөгөн жерден диалогду жеңилдетти.
Ал БУУда иштеп турган маалда эле орус дипломаттары эң татаал оппоненттер болгонун эскерет. Ал эми аскер адамдар саясатчылардан айырмаланып, фронттогу чыныгы абалды жакшы түшүнүшөт. Алар талашышы мүмкүн, бирок идеологиялык же тарыхый темаларга кирип кетишпейт.
Кислицанын сөзүнө караганда, аскердик сүйлөшүү тобу техникалык маселелердин болжол менен 90% боюнча макулдашууга жетишишти.
Эми татаал 10% маселе калды, алар: аймактардын макамы, бөлүнүү сызыгы, Запорожье АЭСинин көзөмөлү.
Бирок бул маселелерди эң жогорку деңгээлдеги саясий чечимдерсиз чечүү мүмкүн эмес.
XXI кылымдын согушу, эрежелери - XIX кылымдыкы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Заманбап согуш - азыр жөн гана фронт менен чектелбей калды, ал азыр аскерлердин, техниканын, курал системаларынын, дрондордун жана чалгын каражаттарынын ирилешкен топтому.
Саясатчылар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашса да, аны дароо ишке ашыруу мүмкүн эмес. Алдын ала бөлүнүү сызыгы кайдан өтөрү, тараптар күчтөрүн кантип артка чыгарары, бузууларды ким каттай турганы жана көзөмөл кандай жүргүзүлөрү так аныкталышы керек.
Кислицанын айтымында, эгер жогорудагыдай даярдыктар саясий чечимден кийин башталса, аны ишке ашыруу айларга, атүгүл жылдарга созулушу мүмкүн. Ошондуктан тынчтыктын техникалык негизин алдын ала даярдашат, бул эгер саясий макулдашуу жетишилсе, аны дароо колдонуу үчүн жасалат.
Мындан тышкары, негизги түшүнүктөрдүн өзүн да такташ керек болуп жатат. Эл аралык гуманитардык укук ондогон жылдар бою калыптанып келди, бирок анын көптөгөн нормалары дрондор, жогорку тактыктагы куралдар жана заманбап байкоо системалары жок доорго тиешелүү болуп жатат.
Мисалы, "ок атышууну токтотуу" деген түшүнүк заманбап мааниде Женева конвенцияларында так жазылган эмес, дейт Кислица.
Дрондордун массалык колдонулушу өзүнчө маселе жаратат: аларды колдонуу, көзөмөлдөө жана артка чыгаруу боюнча эл аралык стандарттар дээрлик жок.
Ошондуктан, Кислицанын ишениминде, азыркы согуш эл аралык коомчулуктун алдына согуш жүргүзүү эрежелерин кайра карап чыгуу маселесин койду. XXI кылымдагы жаңжалдар мурдагы кылымдарда түзүлгөн нормалар менен жөнгө салынып келет.
Америка - жападан жалгыз арбитр катары
Согушту аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдө АКШнын ролу өзгөчө. Америкалыктар жолугушууларга такай катышып, жөн гана байкоочу болбостон, суроолорду беришип, компромисстерди сунуштап, тараптардын документ долбоорлорун бириктирип, активдүү роль ойноп жатышат:
Эң башкысы - ресурстар, дейт Кислица.
Мындай масштабдагы ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө үчүн спутниктер, авиация, байкоо системалары, аналитика жана саясий таасир керек. Бүгүнкү күндө мындай мүмкүнчүлүккө бир да эл аралык уюм ээ эмес.
АКШнын катышуусуз көзөмөл системасын түзүү мүмкүн эмес экенин Кислица моюнга алат, муну Орусия да жакшы түшүнөт.
Согуш башталган түн
Би-би-сиге берген маегинде Сергей Кислица Орусия масштабдуу баскынчылыгын баштаган түндү эскерди.
Ал учурда Кислица Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп, Коопсуздук кеңешинин жыйынында отурган, бул орган эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга тийиш. Дал ошол жерде ал Украинага жасалган алгачкы соккулар тууралуу уккан.
"Ал кезде Коопсуздук кеңешине Орусия төрагалык кылып жаткан, - дейт ал. Кечки саат онго чейин бизди эч кандай чабуул болбойт деп ишендиришти. Ал эми саат ондо соккулар башталганын билдик. Мындай кабарды телефонума келди, америкалык элчи да ошондой кабар алган".
Кислица орус тараптан реакция алууга аракет кылганын айтат: "Мен Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензяга: Лавровго же Путинге чалып, абалды түшүндүр деп айттым". Бирок орус дипломаты жай гана: "Мен эч кимди ойготпойм", - деп жооп берген.
"Башкача айтканда, Небензя Кремль Украинага сокку уруп жатканда, алардын президенти Москвада тынч уктап жатат деп ойлогон, - дейт Кислица. - Ал эми биз Коопсуздук кеңешинин жыйынында отуруп, бул тууралуу телефон аркылуу билип жаттык".

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ошентип, Небензя Орусиянын аракеттерин "киевдик хунтага каршы операция" деп атап, факты жүзүндө агрессияны моюнга алган.
"Бул драмалык учур болду: агрессор өлкө Коопсуздук кеңешине төрагалык кылып, ошол эле маалда кол салууну жарыялап жатты", - деп баса белгилейт Кислица.
Күтүлбөгөн сценарий
Би-би-синин кабарчысы Пол Адамс Сергей Кислицага кайрылып: ошол маалда туура төрт жылдан кийин дагы Украина согушту токтотуунун жолун издейт деп элестетүүгө болот беле, деп тикелей суроо берди.
"Мен эч качан багынып беребиз деп элестете алган эмесмин, - деп жооп берди ал. - Бирок Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрү Украина бир нече күндө болбосо, бир нече же жумаларда эле капитуляцияланат, басылып алынат деп ойлошкон".
2022-жылы Орусия басып кирер алдында АКШ Батыштагы өнөктөштөрүн жана Украинаны Москва тарабынан мүмкүн болчу аскердик аракеттер тууралуу эскертип, орус тарап менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
"Алар Орусия, союздаштар жана Украина менен, балким, 2021-жылдын сентябрынан же октябрынан тарта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен", - дейт Кислица.
Бирок Батышта да, Украинада да көптөр согуштун башталышына ишене беришкен эмес. Ал түгүл, Батыштык союздаштар толук масштабдуу кол салуу болсо, Украина олуттуу каршылык көрсөтө албай, Орусия тарабынан оккупацияланат деп ойлошкон.
"Эгер Украинага курал ташуу жардамы эртерээк, "тамчылап" эмес, ырааттуу берилгенде, бүгүн биз согуштун бешинчи жылга ооп жатышын эмес, анын аякташын майрамдап жатмакпыз", - дейт ал.
АКШнын басымы менен Орусиянын басымы - эки башка нерсе
Пол Адамс Дональд Трамп Украинага чоң басым жасап жатканын айтып, аны Киев сезип атабы деп сурады.
Кислица басым бар экенин, муну Украинанын президенти да айтып жатканын белгилеген. Бирок АКШ менен Орусиянын басымы түп-тамырынан айырмаланарын баса көрсөткөн.
"Орусия оюн түз айтып: "Аймактардан чыгып кеткиле" десе, АКШ болсо: "Киши өлтүрүүнү токтоткула, компромисс издегиле" деп чакырат".
Анын айтымында, америкалыктар ыкмаларды кыйла кылдат колдонушат, бирок капитуляцияны талап кылышпайт.
Эмне үчүн Украина багынбайт
Маектешүүнүн соңунда Пол Адамс Украина чарчадыбы, кандай болсо да тынчтыкка келүүгө убакыт келбедиби деген суроону берди.
Кислица күтүүсүздөн тарыхый параллель келтирди. "1991-жылдын августу эсте, Киевге АКШнын ал кездеги президенти баштаган башка чет элдик лидерлер чогулган. Алар "СССРдин курамынан чыгам деп ойлобогула, ал туруктуу" дешкен. Бирок бир нече жумалардан кийин эле Советтер союзу тарап кетти".
Анын айтымында, азыркы Орусия СССРден алда канча алсыз. Куралдануу жагынан Советтер союзундай болуп жарышка чыгууга жарамсыз.

Сүрөттүн булагы, Moose Campbell/BBC
"Украин элинин туруктуулугу жана чечкиндүүлүгү азыр абдан жогору", - деп баса белгилейт Кислица.
Ал 2026-жылдагы Европа 2022-жылдагы Европадан айырмаланарын, бирок Украинанын позициясын тобокелчиликке сала тургандай деңгээлде эмес экенин белгилейт.
"2026-жылдагы Украинанын армиясы 2022-жылдагыдай эмес. Ошондуктан багынып берүүгө эч кандай негиз жок", - дейт Кислица.
Ал согушту бир эле адам өзүнүн Генштабынын жетекчисине бир телефон чалуу менен токтото аларын да кошумчалады.
"Бирок, сыягы, Кремлдеги диктатор азырынча мындай кадамга барууга даяр эмес", - деп жыйынтыктайт Украин президентинин Кеңсесинин жетекчисинин орун басары.
































